Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаарынын аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымды эсептөөнү жана төлөөнү тартипке келтирүү жөнүндө ЖОБО (Бишкек шаардык кеңешинин)
Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 29-декабрындагы № 135 токтомуна 1-тиркеме
Бишкек шаарынын аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн
жыйымды эсептөөнү жана төлөөнү тартипке келтирүү жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Салыктык эмес төлөмдөр тууралуу", "Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү" мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
1.2. Бул Жобо Бишкек шаарынын аймагынан таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдарды (мындан ары - жыйымдар) эсептөөнүн жана төлөөнүн тартибин аныктайт.
II. Жыйымдарды төлөөчүлөр
2.1. Төлөөчүлөр болуп (курулуштардын ээлери) юридикалык жана жеке жактар эсептелет.
III. Жыйымдардын чени
3.1. Юридикалык жактар үчүн жыйымдардын чени ар бир кызматкердин бир эсептик көрсөткүчүнүн өлчөмүндө белгиленет.
3.2. Жеке жактар үчүн жыйымдардын чени үйдүн, батирдин жана башка жашоого ылайыкташкан имараттардын жана курулуштардын ар бир жашоочусунун эсептик көрсөткүчүнөн 25 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
3.3. Базарлар жана кичине базарлар үчүн жыйымдын чени, базарлардын жана кичине базарлардын долбоорлоруна ылайык, бир соода орундун эсептик көрсөткүчүнөн 25 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
IV. Жыйымдарды эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби
4.1. Жыйымдарды эсептөө жана жеке жактарга маалымат берүүнү Бишкек шаардык мэриясынын ыйгарым укуктуу структуралык түзүмдөрүнүн тарабынан ишке ашырылат (мындан ары - мэриянын ыйгарым укуктуу органы).
4.2. Юридикалык жактар, базарлардын жана кичине базарлардын администрациясы жыйымдарды тиешелүү салык кызматынын ыйгарым укуктуу органына жана жыйымдарды жергиликтүү бюджетке төлөөнүн эсебин тапшыруу аркылуу эсептөөнү жана төлөөнү өз алдынча жүргүзөт.
4.3. Жыйымдардын суммасынын эсеби бул жобо менен белгиленген юридикалык жактар жана базарлардын, ошондой эле кичине базарлардын администрациясы тарабынан жүргүзүлөт жана салык кызматынын тиешелүү ыйгарым укуктуу органына тапшырылат.
4.4. Жеке жактардын жыйымдардын суммасын төлөө жергиликтүү бюджетке мэриянын ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген эсептерге ылайык (3-тиркеме) жүргүзүлөт.
V. Жыйымдарды төлөөнүн мөөнөтү
5.1 Жыйымдардын суммасын төлөө төлөөчүлөр тарабынан үстүдөгү жылдын 1-апрелинен кеч эмес мөөнөттө жүргүзүлөт.
VI. Төлөөчүлөрдүн жана мэриянын ыйгарым укуктуу органынын милдеттери жана жоопкерчилиги
6.1. Төлөөчүлөр жыйымды өз убагында жана толук өлчөмдө төлөөгө милдеттүү. Эгер алар бул тартипти бузса Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
6.2. Жеке жактар үчүн Бишкек шаарынын аймагынан таштандыларды ташып чыгарууга жыйымдардын туура эсептелиши үчүн жоопкерчилик мэриянын ыйгарым укуктуу органына жүктөлөт.
6.3. Мэриянын ыйгарым укуктуу органы жыйымдардын суммасынын которуу тартибин катуу сактоого милдеттүү.
6.4. Жыйымдардын суммасын жергиликтүү бюджетке өз убагында жана толук өлчөмдө которулушун Кыргыз Республикасынын "Салыктык эмес төлөмдөр тууралуу" Мыйзамына жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына ылайык контролдоону салык кызматынын органдары жүргүзөт.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси
Ю. Шкуропатов
"Бишкек шаарынын аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдарды эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө" Жобого 1-тиркеме
Төлөөчүнүн/юридикалык жактын аталышы ____________________________________ Дареги, жайгашкан жери _____________ ____________________________________ Бишкек ш. боюнча ЖСМКБда катталган орду /району/ ______________________
Катталган/идентификациялык номуру ___________________ __________________________
Юридикалык жактар тарабынан берилүүчү Бишкек шаарынын аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ЭСЕБИ 20__-жыл ________ үчүн
| № п/п | Көрсөткүчтөрдүн аталыштары | Жыл бою |
|---|---|---|
| 1 | 2 | 3 |
| 1 | Кызматкерлердин саны | |
| 2 | Жыйымдардын чени | |
| 3 | Бюджетке төлөнүүгө тийиштүү жыйымдын суммасы | |
| 4 | Нак киргизилгени | |
| 5 | Жыйымдын калдыгы |
Берилүүчү датасы "__" ________ 20__-ж.
Жетекчи /Ф.А.А./ _________________________________________________ /төлөөчү/
Башкы бухгалтер __________________________________________________
Эсептин берилгендиги жөнүндө белги /Ф.А.А./ _________________ колу Отчетту кабыл алуунун мөөнөтү "__" ____________ 20__-ж.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси
Ю. Шкуропатов
"Бишкек шаарынын аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдарды эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө" Жобого 2-тиркеме
Төлөөчүнүн/юридикалык жактын аталышы ____________________________________ Дареги, жайгашкан орду _____________ ____________________________________ Бишкек ш. боюнча ЖСМКБда катталган орду /район/ _______________________
Катталган/идентификациялык номуру ___________________ __________________________
Бишкек шаарынын аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн
базарлардын жана кичи базарлардын администрациясы
тарабынан берилген жыйымдардын
ЭСЕБИ
20__-жыл _________ үчүн
| № п/п | Көрсөткүчтөрдүн аталыштары | Жыл бою |
|---|---|---|
| 1 | 2 | 3 |
| 1 | Долбоор боюнча соода орундарынын саны | |
| 2 | Жыйымдын чени | |
| 3 | Бюджетке төлөнүүгө тийиштүү жыйымдын суммасы | |
| 4 | Нак киргизилгени | |
| 5 | Жыйымдын калдыгы |
Берилүүчү датасы 20__-ж. "__" ________
Жетекчи /Ф.А.А./ _________________________________________________ /төлөөчү/
Башкы бухгалтер __________________________________________________
Эсептин берилгендиги жөнүндө белги /аты-жөнү/ _______________ колу Отчетту кабыл алуу күнү 20__-ж. "__" __________
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси
Ю. Шкуропатов
"Бишкек шаарынын аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдарды эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө" Жобого 3-тиркеме
| ЭСЕП-БИЛДИРМЕ СЧЕТ-ИЗВЕЩЕНИЕ | 2010-ж. январь └───────────────┘ └───┘ | Штрих-код | О |
(ыйгарым 1200101-0 укуктуу орган) Аты-жөнү/ _________________ Ф.И.О. _____________ район ____________________
| Карыз/Долг | Алдын ала төлөндү/ Предоплата | Эсептелди/ Начислено | Төлөндү/ Оплачено | Карыз/Долг | Алдын ала төлөндү/ Предоплата |
|---|---|---|---|---|---|
| 00,00 | 0,00 | 00,00 | 0,00 | 00,00 | 0,00 |
Төлөөгө/К оплате 00,00 Жалпы төлөөгө/Итого к оплате: 00,00
ЖТБ/МТУ № Аты-жөнү/Ф.И.О. ______________ 01.01.2010 00:00:00
| ЭСЕП-ДҮМҮРЧӨК СЧЕТ-КВИТАНЦИЯ | Бишкек шаарынын аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымды төлөөнүн эсеби |
└────────────────┘ 2010-ж./ Январь (ыйгарым укуктуу Расчет Сбора за вывоз мусора Жашоочулардын орган) с территории города Бишкек/ саны Январь 2010 г. К-во проживающих ___
Т. _____________ 1200101-0
Дареги/ Аты-жөнү/ Адрес __________ Ф.И.О. ___________________
| Карыз/Долг | Алдын ала төлөндү/ Предоплата | Эсептелди/ Начислено | Төлөндү/ Оплачено | Карыз/Долг | Алдын ала төлөндү/ Предоплата |
|---|---|---|---|---|---|
| 00,00 | 0,00 | 00,00 | 0,00 | 00,00 | 0,00 |
| Төлөндү/ Оплачено 0,00 | Төлөөгө/ К оплате 00,00 | Жалпы төлөөгө/ Итого к оплате: 00,00 | Төлөм Бишкек шаарынын бардык почта бөлүмдөрүндө кабыл алынат. |
└─────────┘ └─────────┘ └───────────────┘ Оплата принимается в любом почтовом отделении
г.Бишкек.
Бишкек шаарынын аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымды төлөө 1994-жылдын 14-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын "Салыктык эмес төлөмдөр тууралуу" № 1480-XII Мыйзамынын 12-1-ст. ылайык үстүбүздөгү жылдын 1-апрелине чейин төлөнүүгө тийиш. Сбор за вывоз мусора с территории города Бишкек подлежит уплате до 1 апреля текущего года согласно ст.12-1 Закона Кыргызской Республики "О неналоговых платежах" от 14 апреля 1994 года № 1480-XII.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси
Ю. Шкуропатов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 29-декабрындагы № 135 "Бишкек шаарынын аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдарды эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө" жана…Постановление · 29.12.2009 · № 135
- Бейсалык төлөмдөрЗакон · 14.04.1994 · № 1480-XII · Күчүн жоготкон
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- О местном самоуправлении и местной государственной администрацииЗакон · 12.01.2002 · № 5 · Күчүн жоготкон