7-статья. Психиатриялык жардам көрсөтүлүп жаткан жарандардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын өкүлү
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы · I бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 февраля 2017 года № 29
1. Психиатриялык жардам көрсөтүүдө жаран өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн өзүнүн тандоосу боюнча өкүл чакырууга укуктуу. Өкүлдүктү каттап бекитүү Кыргыз Республикасынын жарандык жана жарандык процесстик мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
2. 18 жашка чейинки жашы жетпегендин жана мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп табылган адамдын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, аларга психиатриялык жардам көрсөтүүдө коргоону алардын мыйзамдуу өкүлдөрү (ата-энеси, асырап алгандары, камкорчулары), ал эми алар жок болгон учурларда психиатриялык стационардын, болбосо психоневрологиялык мекеменин администрациясы социалдык камсыздоо же атайын окутуу үчүн жүзөгө ашырат.
3. Психиатриялык жардам көрсөтүүдө жарандын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону адвокат жүзөгө ашырышы мүмкүн. Адвокатты чакыруу жана анын кызматтары үчүн акы төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралат. Психиатриялык жардам көрсөткөн мекеменин администрациясы ушул Мыйзамдын 23-статьясынын 4-пунктунда жана 29-статьясында каралган кечиктирилгис учурлардан бөлөктө адвокатты чакыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.
(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/225/st-7" title="7-статья - Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>