5-статья. Психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамдардын укуктары
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы · I бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
1. Психиатриялык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган жарандардын бардык укуктарына жана эркиндиктерине ээ болушат. Психиатриялык мандемдүүлүккө байланыштуу жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин чектөөгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана жол берилет.
2. Психиатриялык мандемдүүлүктөн жабыркаган бардык адамдар, аларга психиатриялык жардам көрсөтүүдө төмөндөгүлөргө:
- адамдын кадыр-баркын басынтууга жол бербеген урматтуу жана гумандуу мамилелерге;
- өздөрүнүн укуктары жөнүндө маалымат алууга, ошондой эле алар үчүн түшүнүктүү түрдө жана алардын психикалык абалын эске алуу менен өздөрүнүн психикалык мандемдүүлүгүнүн мүнөзү жана дарылоонун колдонулган усулдары жөнүндө маалымат алууга;
- мүмкүнчүлүгүнө жараша жашаган жеринде эң чектелген шарттарда психиатриялык жардам алууга;
- психиатриялык стационарда изилдөө жана дарылоо үчүн зарыл болгон мөөнөттүн ичинде гана кармалууга;
- зыяндуу болбосо медициналык абалы боюнча бардык түрлөрдө дарылануудан өтүүгө (анын ичинде санаториялык-курорттук);
- санитардык-гигиеналык талаптарга ылайык шарттарда психиатриялык жардам көрсөтүүгө;
- медициналык каражаттар жана усулдар, илимий-изилдөө же окуу процессинин сыноо объектиси катары пайдаланууга алдын ала макулдук берүүгө жана кандай стадияда болсун андан, фото, видео же киного тартуудан баш тартууга;
- ушул Мыйзамда жөнгө салынган маселелер боюнча врачтар комиссиясында иштөө үчүн алардын талабы боюнча психиатриялык жардам көрсөтүүгө катышкан кандай адис болбосун, ошол адистин макулдугу менен чакырууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте адвокаттын, мыйзамдуу өкүлүнүн же башка адамдын жардамына укуктуу.
3. Социалдык камсыздоо же атайын окутуу үчүн психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин психиатриялык диагноздун, диспансердик байкоодо, болбосо психиатриялык стационарда, психоневрологиялык мекемеде тургандыгынын фактыларынын негизинде гана чектөөгө жол берилбейт. Мындай укук бузууларга күнөөлүү кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/225/st-5" title="5-статья - Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>