Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
47-статья. Даттануунун тартиби жана мөөнөттөрү
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы · VI бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 февраля 2017 года № 29
1. Психиатриялык жардам көрсөтүүдө жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кысымга алган медициналык кызматкерлердин, башка адистердин, социалдык камсыз кылуу жана билим берүү кызматкерлеринин, врачтык комиссиялардын чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте, же болбосо прокурорго даттанылышы мүмкүн.
2. Даттануу укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулган адам, анын мыйзамдуу өкүлү, ошондой эле мыйзам же анын уставы (жобосу) менен жарандардын укуктарын коргоо укугу берилген мекеме даттаныла турган чечимди алган күндөн же аракеттерине даттанып жаткан адам аракет жасаган күндөн тартып отуз жумушчу күндүн ичинде берилиши мүмкүн.
3. Жүйөөлүү себеп боюнча даттануу мөөнөтүн өткөрүп жиберген адамга, даттанууну караган орган же кызмат адамы тарабынан өткөрүлгөн мөөнөт калыбына келтирилип берилиши мүмкүн.
(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/225/st-47" title="47-статья - Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>