44-статья. Социалдык камсыздандыруу же атайын окутуу үчүн психоневрологиялык мекемеден которуу же чыгаруу
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы · IV бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
1. Социалдык камсыздандыруу же атайын окутуу үчүн психоневрологиялык мекемеден адамды жалпы типтеги ошондой эле мекемеге которуу үчүн врач-психиатр катышкан врачтардын комиссиясынын атайын психоневрологиялык мекемеде жашоо, болбосо окуу үчүн медициналык шарттардын жоктугу жөнүндөгү корутундусу негиз болуп саналат.
2. Социалдык камсыздандыруу же атайын окутуу үчүн психоневрологиялык мекемеден чыгаруу:
- адамдын жеке арызы боюнча врач-психиатрдын катышуусу менен врачтардын комиссиясынын адам саламаттыгынын абалы боюнча өз алдынча жашоого жарай тургандыгы жөнүндөгү корутундусу болсо;
- 18 жашка чейинки жашы жетпеген же мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп табылган чыгарылып жаткан адамды багууга милдеттенген ата-эненин, башка туугандарынын же мыйзамдуу өкүлүнүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
44-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/225/st-44" title="44-статья - Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>