20-статья. Медициналык кызматкерлер менен башка адистердин психиатриялык жардам көрсөтүүдөгү укуктары жана милдеттери
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы · III бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
1. Врач-психиатрдын, башка адистердин жана медициналык кызматкерлердин психиатриялык жардам көрсөтүүдөгү кесиптик укуктары жана милдеттери саламаттык сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда белгиленет.
2. Ыктыярсыз тартипте психикалык оорунун диагнозун коюу, психиатриялык жардам көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алуу же бул маселени кароо үчүн корутунду берүү врач-психиатрдын же врач-психиатрлардын комиссиясынын гана укугу болуп саналат.
3. Адамдын психикалык саламаттыгынын абалы жөнүндө башка адистиктеги врачтын корутундусу алдын ала мүнөздө болот жана анын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын чектөө жөнүндөгү маселени чечүү үчүн, ошондой эле психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамдар үчүн мыйзамда каралган жеңилдиктерди ага берүү үчүн негиз болуп саналбайт.
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/225/st-20" title="20-статья - Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>