Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПБ № 154 (Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө) токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК 2015-жылдын 8-июну ПБ № 154
1. Тиркелген долбоорлор жактырылсын:
- Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишим;
- Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы өткөрүп берүү жөнүндө келишим;
- Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө келишим.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна жогоруда аталган келишимдерге принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Президент
А. Атамбаев
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ МЕНЕН КОРЕЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ОРТОСУНДАГЫ ЖАЗЫК ИШТЕРИ БОЮНЧА ӨЗ АРА УКУКТУК ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮ ЖӨНҮНДӨ КЕЛИШИМ
Кыргыз Республикасы жана Корея Республикасы (мындан ары -Тараптар деп аталып), эки мамлекеттин кылмыштарды болтурбоо, тергөөлөрдү жүргүзүү, кылмыштык куугунтуктоо жана кылмыштарга бөгөт коюуу боюнча иш-аракеттердин натыйжалуулугун кызматташтыкты өнүктүрүү жана жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жолу менен жакшыртуу максатында, төмөнкүлөр жөнүндө келишим түзүштү: 1-берене Колдонуу чөйрөсү
1. Тараптар жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талап берилген учурда жазасы суроо-талап берген Тараптын компетенттүү органдарынын юрисдикциясына туура келген укук бузууларга байланыштуу кылмышты тергөөдө, куугунтукка алууда же соттук териштирүүдө ушул Келишимдин жоболоруна ылайык бири-бирине жардам көрсөтүшөт.
2. Жазык иштерине ошондой эле, салык салуу, бажы алымдары, валюта алмаштырууну жөнгө салуу же болбосо кирешеге байланыштуу кандай болбосун башка маселелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү укук бузууларга тиешелүү тергөөлөр жана сот процесстери кирет.
3. Укуктук жардам төмөнкүлөрдү камтыйт:
адамдардан далилдерди же арыздарды алуу; маалыматтарды, документтерди, материалдарды жана буюм далилдерин берүү; адамдардын же предметтердин ордун аныктоо жана идентификациялоо; документтерди тапшыруу; тинтүү жана предметтерди алуу тууралуу суроо-талаптарды аткаруу; камакка алынган адамдардын жана башка адамдардын көрсөтмө беришин, ошондой эле алардын тергөөгө жардам көрсөтүүсүн камсыздоо; кылмыштан алынган кирешелерге карата көмөктөшүү чаралары; жана ушул Келишимдин максаттарына ылайык келген жана суроо-талап жөнөтүлгөн Тараптын мыйзамдарында тыюу салынбаган жардам көрсөтүүнүн формалары.
4. Бул Келишим төмөнкү маселелерге карата колдонулбайт:
a) кайсыл болбосун адамды өткөрүп берүүгө;
b) суроо-талап жөнөтүлгөн Тараптын мыйзамдарында жана ушул Келишимде уруксат берилген учурларды кошпогондо, суроо-талап жөнөтүлгөн Тарапта чыгарылган жазык иштери боюнча өкүмдөрдү суроо-талап берген Тараптын аткаруусуна;
c) жаза тартуу үчүн камакка алынгандарды өткөрүп берүүгө; жана
d) жазык иштери боюнча өндүрүштү өткөрүп берүүгө.
2-берене Башка милдеттенмелер Бул Келишим башка келишимдерден жана макулдашуулардан келип чыккан Тараптардын милдеттенмелерине таасирин тийгизбейт жана Тараптардын башка келишимдерге же макулдашууларга ылайык бири-бирине жардам көрсөтүүсүнө же аны улантууга тоскоолдук кылбайт. 3-берене Борбордук органдар
1. Ушул Келишимдин максаттары үчүн Тараптардын ар бири Борбордук органды дайындашат, ал суроо-талап жөнөтөт жана аларды алат. Кыргыз Республикасы тараптан Борбордук орган болуп Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы эсептелет. Корея Республикасы тараптан Борбордук орган болуп Корея Республикасынын Юстиция министрлиги эсептелет.
2. Ушул Келишимдин максаттары үчүн Борбордук органдар бири бири менен тикелей же дипломатиялык каналдар боюнча байланыш түзүүгө тийиш.
4-берене Укуктук жардам көрсөтүүдөн баш тартуу же жардам көрсөтүүнү кийинкиге калтыруу
1. Эгерде суроо-талап жөнөтүлгөн Тараптын пикири боюнча төмөнкүлөр болсо, укуктук жардам көрсөтүүдөн баш тартылышы мүмкүн:
a) суроо-талап саясий кылмыш ишине же аскер мыйзамдарында каралган укук бузууга кирсе жана ал жалпы кылмыштуулук укугу боюнча кылмыш болуп саналбаса;
b) укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талабы аткаруу анын эгемендигине, коопсуздугуна, коомдук тартипке же болбосо коомдун башка олуттуу кызыкчылыгына кесепетин тийгизиши мүмкүн болсо;
c) укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талап адамды анын расасына, жынысына, динине, улутуна же саясий ишенимине байланыштуу куугунтуктоо же жазалоо максатында жасалган деген же болбосо ушул жүйөлөрдүн айынан ал адамдын абалы кемсинтилет деген олуттуу негиздер болсо;
d) суроо-талап берген Тарапта тергөөнүн, кылмыштык куугунтуктоонун же соттук процесстин предмети болуп саналган адамдын жосуну суроо-талап жөнөтүлгөн Тараптын мыйзамдары боюнча кылмыш болуп эсептелбесе;
e) адам толугу менен акталган же мунапыс берилген же суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап чыгарган жазаны өтөгөн кылмышы үчүн адамды айыптоо менен байланышкан суроо-талап болсо; же
f) эгерде кылмыш суроо-талап жөнөтүлгөн Тараптын юрисдикциясынын чегинде жасалса, эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигинин айынан адамдын куугунтукталышы мүмкүн болбогон кылмышы үчүн адамды айыптоо менен байланышкан суроо-талап болсо.
2. Эгерде суроо-талапты аткаруу суроо-талап жөнөтүлгөн Тараптагы тергөөгө же кылмыштык куугунтуктоого тоскоолдук кылышы мүмкүн болсо, суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап укуктук жардамды көрсөтүүнү кийинкиге калтыруусу мүмкүн.
3. Суроо-талапты аткаруудан баш тартуу же аны аткарууну кийинкиге калтыруу чечимин кабыл алгандан мурда суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап укуктук жардамды көрсөтүү суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап зарыл деп эсептеген шарттарда көрсөтүлүшүнүн мүмкүндүгү тууралуу суроо-талап берген Тарап менен консултацияларды жүргүзөт. Эгерде суроо-талап берген Тарап ушул шарттарда укуктук жардамды кабыл алса, анда ал аларды сактайт.
4. Эгерде суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап укуктук жардамдан баш тартса, же аны көрсөтүүнү кийинкиге калтырса, суроо-талап берген Тарапка андан баш тартуунун же кийинкиге калтыруунун себеби жөнүндө маалымдайт.
5-берене Суроо-талаптын мазмуну
1. Укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талаптар жазуу жүзүндө болууга тийиш. Шашылыш жагдайларда суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап суроо-талапты башка формада кабыл алышы мүмкүн, бирок мындай өтүнүч тез арада жазуу жүзүндө ырасталууга тийиш, буга суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап менен башкача макулдашкан учурлар кирбейт.
2. Укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талапта төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
a) суроо-талап жөнөтүлгөн иш боюнча тергөөнү же өндүрүштү жүргүзүп жаткан компетенттүү органдын аталышы;
b) суроо-талап жөнөтүүнүн максаты жана суралып жаткан жардамды баяндоо;
c) иш боюнча тергөөнүн же өндүрүштүн предметин жана мүнөздөмөсүн, ага иштин жагдайын кыскача баяндоону кошуп, баяндоо жана тиешелүү мыйзамдардын тексти.
3. Укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талаптар төмөнкүлөрдү мүмкүнчүлүккө жана зарылчылыкка жараша камтууга тийиш:
a) суроо-талап жөнөтүлгөн Тараптын тергөөсүнүн, кылмыштык куугунтуктоосунун же соттук териштирүүнүн субъектиси болуп эсептелген адамдын же адамдардын жана көрсөтмөсүн алуу зарыл болгон кайсыл болбосун адамдын инсандыгы, жарандыгы жана турган орду жөнүндө маалыматтарды;
b) документтерди тапшыруу зарыл болгон адамдын инсандыгы жана анын жайгашкан орду, анын сот процессине тийиштүү болушу жана документтерди тапшыруунун ыкмасы тууралуу маалыматтарды;
c) издөөгө алынган адамдын инсандыгы жана турган орду тууралуу маалымат;
d) адамдын же тинтүү иши жүргүзүлүүчү жердин жана алына турган предметтердин сыпаттамасы;
e) суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап суроо-талапты аткарууда сактоого ниеттенген өзгөчө жол-жоболордун жана талаптардын себептери жана деталдары;
f) суроо-талап берген Тарап чакырган адамга тиешелүү болгон төлөп берүүлөр жана чыгашаларды төлөөлөр жөнүндө маалыматтарды;
g) купуялуулукту сактоо зарылчылыгын жана анын себебин көрсөтүүнү; жана
h) суроо-талапты талаптагыдай аткаруу үчүн зарыл болгон башка кайсыл болбосун маалыматтарды.
4. "Эгерде суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап суроо-талапта камтылган маалымат аны аткаруу үчүн жетишсиз деп эсептесе, ал кошумча маалыматты берүүнү талап кылышы мүмкүн.
5. Ушул Келишимге тиешелүү суроо-талаптар, аларга кошо тиркелүүчү документтер жана башка каттар суроо-талап жөнөтүлгөн Тараптын тилине же англис тилине котормо менен коштолууга тийиш.
6-берене Суроо-талаптарды аткаруу Укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талаптар суроо-талап жөнөтүлгөн Тараптын мыйзамдарына ылайык кечиктирилбестен жана анын мыйзамдарына каршы келбесе суроо-талап берген Тарап көрсөткөн ыкмада аткарылат. 7-берене Суроо-талап жөнөткөн тарапка материалдарды кайтарып берүү Суроо-талап жөнөткөн тараптын талабы боюнча суроо-талап берген Тарап ушул Келишимге ылайык өзүнө берилген материалдарды мүмкүн болгон кыска мөөнөттө кайтарып берет. 8-берене Купуялуулукту сактоо
1. Суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап суроо-талаптын, анын мазмунун, тиркелген материалдардын жана суроо-талапка ылайык жасалуучу кандай болбосун иш-аракеттердин купуялуулугун сактоо үчүн бардык күч-аракетин жумшайт. Эгерде суроо-талапты купуялуулукту бузбай аткарууга мүмкүн болбосо, суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап бул тууралуу суроо-талап берген Тарапка маалымдайт, ал Тарап суроо-талаптын буга карабастан аткарылаарын-аткарылбасын аныктайт.
2. Суроо-талап берген Тарап суроо-талапка ылайык суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап берген маалыматтардын жана далилдердин купуялуулугун сактайт, буга суроо-талапта көрсөтүлгөн тергөөнү жана сот процессин жүргүзүү үчүн зарыл болгон мындай маалыматтардын же далилдердин чеги кирбейт.
9-берене Пайдаланууга чектөөлөр Суроо-талап берген Тарап ушул Келишимге ылайык алынган кандай болбосун маалыматты же далилдерди тергөөнү, жазык ишин жүргүзүүдө же сот процессин жүргүзүүдө суроо-талап жөнөтүлгөн Тараптын алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдугусуз пайдаланбайт же бербейт. 10-берене Көрсөтмөлөрдү жана далилдерди алуу
1. Суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап өз мыйзамдарына ылайык жана суроо-талаптын негизинде адамдарды суракка алат же алардан арыздарды кабыл алат же болбосо суроо-талап берген Тарапка өткөрүп берүү үчүн буюм далилдерин даярдоону жана/же берүүнү сунуштайт.
2. Суроо-талап берген Тараптын суроо-талабы боюнча суроо-талап берген Тараптын тиешелүү териштирүүлөрүнүн катышуучулары, алардын мыйзамдуу өкүлдөрү жана суроо-талап жөнөтүлгөн Тараптын өкүлдөрү суроо-талап жөнөтүлгөн Тараптын мыйзамдарына жана жол-жоболоруна ылайык териштирүүгө катыша алат.
3. Суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап өз мыйзамдарына ылайык суроо-талапты аткарууда суроо-талапта көрсөтүлгөн адамдардын катышуусуна уруксат берет жана көрсөтмө берип жаткан же болбосо далилдерди берип жаткан адамдарга суроолорду берүүгө уруксат бериши мүмкүн. Эгерде тикелей кайрышууга уруксат берилбесе, мындай адамдарга көрсөтмө берип жаткан же далил берип жаткан адамга берүү үчүн суроолорду берүүгө уруксат берилет.
4. Эгерде суроо-талап жөнөтүлгөн Тараптын мыйзамдарында суроо-талап жөнөтүлгөн Тарапта жүргүзүлүүчү сот процессиндеги ушундай эле жагдайларда адамга көрсөтмө берүүдөн баш тартууга жол берилсе, суроо-талап берген Тараптан көрсөтмө берүү талап кылынган адам ушул беренеге ылайык көрсөтмө берүүдөн баш тартышы мүмкүн.
5. Эгерде суроо-талап жөнөтүлгөн Тараптан көрсөтмө берүү талап кылынган адам ушул беренин негизинде суроо-талап берген Тараптын мыйзамдарына ылайык көрсөтмө берүүдөн баш тартуу укугу жөнүндө билдирсе, анда суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап:
суроо-талап берген Тараптан мындай укуктун бар экендигин ырастаган маалыматты берүүсү сурайт; же ал адамдан көрсөтмө берүүнү талап кылат жана аларды адам билдирген ушундай укуктун бар болушу жөнүндө чечимди кабыл алуусу үчүн суроо-талап берген Тарапка жиберет.
6. Эгерде суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап суроо-талап берген Тараптан адам билдирген мындай укуктун бар экендиги тууралуу ырастама алса, мындай ырастама, анын жок экендиги далилденбегендиктен, аталган укукту ырастоо үчүн жетиштүү болот.
11-берене Адамдардын көрсөтмө беришин камсыз кылуу же болбосо тергөөнү жүргүзүүгө көмөктөшүү Суроо-талап берген Тарап сот процессинде күбөнүн көрсөтмөсүн берүү же болбосо тергөөнү жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү үчүн адамды чакырууга жардам көрсөтүү тууралуу суроо-талап жөнөтүлгөн Тарапка суроо-талап жибере алат. Ал адамга төлөнүүгө тийиш болгон бардык чыгымдар жана ага төлөнүп берилүүчү төлөмдөр тууралуу маалымат берилет. суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап суроо-талап берген Тарапка чыгымдар жана төлөмдөр жөнүндө кечиктирбестен маалымдайт. Суроо-талп жөнөтүлгөн Тарап мындай адамдын жообу жөнүндө суроо-талап берген Тарапка кечиктирбестен маалымдайт. 12-берене Камакка алынган адамдардын көрсөтмө берүүсүн же тергөөнү жүргүзүүгө көмөк көрсөтүүнү камсыздоо Суроо-талап жөнөтүлгөн Тарапта камакка кармалган адам суроо-талап берген Тараптын суроо-талабы боюнча тергөөнү жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү үчүн же процессуалдык аракеттерге катышуу үчүн суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап менен ал адамдын мындай өткөрүп берүүгө биргелешкен макулдугу болгон шартта суроо-талап берген Тарапка убактылуу өткөрүп берилет. Эгерде өткөрүлүп берилген адам суроо-талап жөнөтүлгөн Тараптын мыйзамдары боюнча камакта болууга тийиш болсо, суроо-талап берген Тарап ал адамды камакка алат жана суроо-талап бүткөндөн кийин ал адамды кайтарып берет. Суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап мындай адамды камакка кармоонун мындан ары зарылдыгы жок деп суроо-талап берген Тарапка билдирсе, ал адам бошотулат жана ага карата ушул Келишимдин 11 -беренесинин эрежелери колдонулат.
4. Ушул Келишимдин максаттары үчүн өткөрүлүп берилген адамдын суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап белгилеген жаза өтөө мөөнөтүнө суроо-талап берген Тараптын камагында болгон мөөнөтү кошуп эсептелет.
13-берене Коопсуздук кепилдиктери
1. Ушул берененин 2-пунктуна ылайык, ушул Келишимдин 11 жана 12-беренелерине ылайык берилген суроо-талапка ылайык суроо-талап берген Тарапка берилген адам ушул Тарапта суроо-талап жөнөтүлгөн Тараптан кетээр алдында болгон кандай гана болбосун аракети же аракетсиздиги үчүн кылмыш куугунтугуна дуушар болбойт, камакка алынбайт же жеке эркиндиги чектелбейт, ошондой эле бул адам ушул суроо-талапка тиешелүү болбогон кандайдыр бир процесстик аракеттерди жүргүзүүдө көрсөтмө берүүгө же кандайдыр бир тергөөлөрдү өткөргөндө жардам көрсөтүүгө милдеттүү болбойт.
2. Эгерде ал адам суроо-талап берген Тараптын аймагынан кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондугуна карабастан, ага ал жерде мындан ары болуусу талап кылынбай тургандыгы тууралуу расмий түрдө билдирилген учурдан тартып он беш (15) күн өткөндөн кийин аймактан чыгып кетпесе, же болбосо чыгып кетип кайра өз эрки менен кайтып келсе, Ушул берененин 1-пунктунун талабы ага карата колдонулбайт, буга ага баш ийбеген же анын контролдугусуз болгон жагдайлар кирбейт.
3. Ушул Келишимдин 11 жана 12-беренелерине ылайык суроо-талапты аткарууга макулдугун бербеген адам ушул себеп боюнча, суроо-талапта же соттун чакыруу баракчасында ал тууралуу көрсөтүлгөндүгүнө карабастан, кандайдыр бир жазага же кандайдыр бир мажбурлоо чараларына тартылбайт.
14-берене Коомго жеткиликтүү жана расмий документтерди жеткирүү
1. Суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап коомдук архивдерде же ушул сыяктуу жайларда же алууга мүмкүн болгон башка жайларда жалпы пайдалануу үчүн ачылган документтердин жана материалдардын көчүрмөлөрүн берет.
2. Суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап кайсы болбосун расмий документтердин жана материалдардын көчүрмөлөрүн укук коргоо жана сот органдарына берилиши мүмкүн болгон ыкмада жана шартта бериши мүмкүн.
15-берене Документтерди тапшыруу
1. Суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап ага башка Тарап берген документтерди иштеп чыгууга тийиш.
2. Катышууну талап кылган документ тапшыруу жөнүндө суроо-талап мындай катышууну талап кылынган учурга чейин кырк беш (45) күндөн кеч эмес мөөнөттө суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап алышы керек. Кечиктирүүгө болбой турган учурда суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап мындай талаптан баш тарта алат.
3. Суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап суроо-талап берген Тарапка тапшырууну ырастап берет. Эгерде тапшыруу ишке ашырылышы мүмкүн эмес болсо, суроо-талап берген Тарапка бул туурасында жана тапшырбай коюунун себептери жөнүндө маалымдайт.
16-берене Тинтүү жана алып коюу
1. Суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап өзүнүн мыйзамдарында жол берилген чекте, суроо-талап жөнөтүлгөн Тараптын мыйзамдарына ылайык мындай иш-аракеттер негиздүү деп тапкан жетиштүү маалыматтарга ээ болгон шартта суроо-талапка ылайык тинтүүнү, алып коюуну жана кандай болбосун материалды суроо-талап берген Тарапка жеткирүүнү жүргүзөт.
2. Суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап суроо-талап берген Тарапка зарыл болгон кайсы болбосун тинтип кароонун натыйжасы, алып коюунун орду, алып коюу жагдайы жана алынган материалдарды сактоо тууралуу тиешелүү маалыматтарды берет.
3. Суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап берилүүчү предметтерге карата үчүнчү жактардын укуктарын коргоо үчүн зарыл деп эсептеген шарттарга суроо-талап берген Тараптын макулдугун талап кыла алат.
17- берене Кылмыш кылуунун натыйжасында алынган мүлк
1. Суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап кылмыш кылуунун натыйжасында алынган кайсы болбосун мүлктүн бар экенин аныктоо үчүн өзүнүн юрисдикциясынын чегинде суроо-талап боюнча бардык чараларды кабыл алат жана өзүнүн тергөөсүнүн жыйынтыгы жөнүндө суроо-талап берген Тарапка билдирет. Суроо-талап түзүп жатканда суроо-талап берген Тарап мындай мүлк суроо-талап жөнөтүлгөн Тараптын юрисдикциясынын чегинде бар болушу мүмкүн деген өзүнүн негиздери тууралуу суроо-талап жөнөтүлгөн Тарапка билдирет.
2. Кылмыш кылуунун натыйжасында алынышы мүмкүн болгон мүлктүн жайгашкан орду ушул берененин 1-пунктуна ылайык аныкталса, "суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап мындай мүлктү камакка алуу жана конфискациялоо боюнча өзүнүн мыйзамдарында каралган чараларды көрөт.
3. Ушул беренени колдонууда үчүнчү жактардын - ак ниет сатып алуучулардын укуктары суроо-талап жөнөтүлгөн Тараптын мыйзамдарына ылайык сакталат.
4. Кылмыш кылуунун натыйжасында алынган конфискацияланган мүлккө ээ болгон суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап аны өзүнүн мыйзамдарына ылайык пайдаланат. Өз мыйзамдарына карама-каршы келбесе жана алгылыктуу деп эсептелген шарттарда суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап кылмыштын натыйжасында алынган конфискацияланган мүлктү суроо-талап берген Тарапка өткөрүп бере алат.
18-берене Ырастоо жана күбөлөндүрүү
1. Ушул берененин 2-пунктуна ылайык укуктук жактан жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талап жана анын коштомо документтери, ошондой эле ошол суроо-талапка жооп катары жөнөтүлгөн документтер же башка материалдар кандайдыр бир ырастоонун же күбөлөндүрүүнүн формасын талап кылбайт.
2. Эгерде суроо-талап жөнөтүлгөн Тараптын мыйзамдарына карама-каршы келбесе, документтер, жазуулар же башка материалдар суроо-талап берген Тараптын мыйзамдарына ылайык алгылыктуу деп таануу максатында суроо-талап берген Тарапка талап кылынган форманы сактоо менен берилет же ырастоо менен коштолот.
19-берене Чыгымдар
1. Суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап укуктук жактан жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талапты аткаруу боюнча чыгымдарды өзүнө алат, буга суроо-талап берген Тарап тартуучу төмөнкү учурлар кирбейт:
а) суроо-талап берген Тараптын суроо-талабы боюнча суроо-талап жөнөтүлгөн Тараптын аймагынан же аймагына кайсы болбосун адамды өткөрүп берүү менен байланышкан чыгымдар, 11 же 12-беренелердин негизинде суроо-талапка ылайык суроо-талап берген Тарап мындай адамга төлөөгө тийиш болгон кайсы болбосун чыгымдар же төлөөлөр; жана
Ь) эксперттердин чыгымдары жана алардын гонорарлары.
2. Эгерде суроо-талапты аткаруу үчүн өзгөчө чыгымдар талап кылынары аныкталса, Тараптар консультация өткөрүү жолу менен суралып "жаткан жардам көрсөтүлүшү мүмкүн болгон шарттарды аныктайт.
20-берене Консультациялар Тараптардын биринин берген суроо-талабы боюнча Тараптар жалпысынан ушул Келишимди түшүндүрүүгө, чечмелөөгө же аткарууга, ошондой эле белгилүү бир иш боюнча консультацияларды кечиктирбестен өткөрөт. 21-берене Келишимдин күчүнө кириши, өзгөртүү киргизүү жана колдонууну токтотуу
1. Бул келишим ратификацияланат жана ратификациялык грамоталар менен алмашкан күндөн тартып отузунчу (30) күнү күчүнө кирет.
2. Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча бул Келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет.
3. Кайсыл болбосун Тарап экинчи Тарапка кайсыл болбосун учурда дипломатиялык каналдар аркылуу аны колдонууну токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндө маалымдоо менен бул Келишимди токтотушу мүмкүн. Келишимди колдонуу аны колдонууну токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоо жиберилген күндөн жүз сексен (180) күн өткөндөн кийин токтотулат.
4. Ушул Келишим ал күчүнө киргенден кийин берилген кандай гана болбосун суроо-талапка, тийиштүү аракет же аракетсиздик анын күчүнө киришине чейин болгон болсо да, колдонулат.
Муну ырастап төмөндө өз мамлекети тарабынан тиешелүү түрдө ыйгарым укук берилип кол койгон адамдар ушул Келишимге кол коюшту. Келишим 20 -жылдын « » , шаарында кыргыз, корей, орус жана англис тилдеринде эки нускада кол коюлду, бардык тексттери бирдей юридикалык күчкө ээ. Ушул Келишимдин жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурда негиз катары англис тилиндеги текст алынат.
Кыргыз Республикасы үчүн Корея Республикасы үчүн
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ МЕНЕН КОРЕЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ОРТОСУНДАГЫ ӨТКӨРҮП БЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ КЕЛИШИМ
Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасы (мындан ары - Тараптар деп аталып), кылмышкерлерди өткөрүп берүү жөнүндө келишим түзүү жолу менен кылмыштарды алдын алуу жана болтурбоо боюнча эки мамлекеттин иш-аракеттеринин натыйжалуулугун жакшыртууну ниеттенип жана экстрадиция жаатында эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерге көмөк көрсөтүү үчүн төмөнкүлөр жөнүндө келишим түзүштү: 1-берене Өткөрүп берүү милдеттенмеси Ар бир Тарап, ушул Келишимдин жоболорун эске алуу менен жана суроо-талап болгондо, өткөрүп берүүгө алып келүүчү укук бузуулар үчүн соттук куугунтуктоо максатында же ушундай укук бузууларга байланыштуу суроо-талап берген Тараптын аймагында өкүм чыгаруу же өкүмдү аткаруу үчүн суроо-талап берген мамлекетте издөөдө жүргөн кайсы болбосун адамды башка Тарапка өткөрүп берүүгө макулдугун берет. 2-берене Борбордук органдар
1. Ар бир Тараптын борбордук органы дипломаттык каналдар боюнча ушул Келишим боюнча суроо-талап жөнөтөт жана алат. Кыргыз Республикасы үчүн борбордук орган болуп Башкы прокуратура, Корея Республикасы үчүн Юстиция министрлиги саналат.
2. Тараптар дипломаттык каналдар боюнча борбордук органдар менен байланышкан кайсы болбосун өзгөрүүлөр жөнүндө бири-бирине маалымдап турушат.
3-берене Өткөрүп берүүгө алып келүүчү кылмыштык укук бузуулар
1. Ушул Келишимдин максатына ылайык өткөрүп берүүгө алып келүүчү укук бузуулар болуп суроо-талап жөнөтүлгөн учурда эки Тараптын мыйзамдарына ылайык, бир жылдан (1) кем эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга же андан катуу жаза менен жазалануучу укук бузуулар эсептелет.
2. Эгерде өткөрүп берүүгө алып келген укук бузуулар үчүн суроо-талап берген Тараптын соту менен эркиндигинен ажыратылган кайсы бир адамды өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап болсо, ошол жазанын бүтөөрүнө алты айдан (6) кем эмес мөөнөт калган учурда гана өткөрүп берүүгө уруксат берилет.
3. Кайсы бир укук бузуу эки Тараптын мыйзамдарына ылайык жазаланууга тийиш болгон укук бузуу болуп санала тургандыгын аныктаганда:
a) аталган укук бузууну түзгөн аракет же аракетсиздик
Тараптын мыйзамдарына ылайык укук бузуулардын ушул сыяктуу категориясына таандык экендиги же бул укук бузуулар окшош терминдер менен белгилене тургандыгы; жана
b) Суроо-талап жөнөткөн мамлекет тарабынан келтирилген иш-
аракеттердин же аракетсиздиктин бардык жыйындысы көңүлгө алынып жаткандыгын эске алуу менен аталган укук бузууну түзгөн элементтер Тараптардын мыйзамдарына ылайык айырмалана тургандыгы мааниге ээ эмес.
4. Эгерде адамды өткөрүп берүү салык, бажы алымы, валюта контролу же кирешеге байланыштуу башка маселелерге тиешелүү кайсы бир мыйзамды бузгандыгы үчүн суралып жатса, Суроо-талап жөнөтүлгөн мамлекеттин мыйзамдарында салыктын же алымдын ушул сыяктуу түрү каралбагандыгынын же Суроо-талап берген мамлекеттин мыйзамдарында бар болгондоруна окшош салыктар, бажы алымдары же валюталарды алмашуу жөнүндө кайсы бир жобо камтылбагандыгынын негизинде өткөрүп берүүдөн баш тартылбайт.
5. Эгерде кылмыш суроо-талап берген Тараптын аймагынан тышкары жерде жасалган болсо, суроо-талап жөнөтүлгөн Тараптын мыйзамында мындай жагдайларда аймагынын чегинен тышкары жасалган кылмыш үчүн жазалоо каралганда, суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап өзүнүн каалоосу боюнча өткөрүп берет.
6. Эгерде өткөрүп берүү өтүнүчү бир нече укук бузууларга тиешелүү, алардын ар бирине эки Тараптын тең мыйзамдарына ылайык жаза каралган болсо, бирок алардын айрымдары ушул берененин 1-пунктунда берилген башка шарттарга жооп бербесе, өткөрүп берүүгө алып келген кеминде бир укук бузуу үчүн адам өткөрүлүп берилүүгө тийиш болгон шартта суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап адамды жогоруда аталган укук бузуулар боюнча өткөрүп берүүгө уруксат бериши мүмкүн.
4- берене Баш тартуу үчүн императивдик негиздер Төмөнкү жагдайлардын биринин негизинде адам өткөрүп берилбейт:
a) эгерде өткөрүп берүү жөнүндө өтүнүч бергенге түрткү болгон укук бузууну суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап саясий мүнөздөгү укук бузуу деп караса.
Саясий кылмышка шилтеме кылуу төмөнкү кылмыштарды камтыбашы керек:
I) мамлекет башчысын же Өкмөт башчысын же алардын үй-бүлө
мүчөлөрүн өлтүрүү же өлтүрүүгө аракет кылуу же кол салуу; же II) Тараптар өздөрүнүн юрисдикциясын белгилөөгө милдеттүү болгон же алар катышуучу болуп эсептелген кеп тараптуу эл аралык макулдашуулардын себеби боюнча өткөрүп берүүгө милдеттүү болгон кылмыштар, бирок бул геноцидге, терроризмге жана барымтага алууга тиешелүү макулдашуулар менен чектелбейт.
b) эгерде өткөрүп берүү суроо-талабы берилүүчү укук бузуусу үчүн адамга суроо-талап жөнөтүлгөн Тарапта акыркы өкүм чыгарылса;
c) эгерде өткөрүп берүү суроо-талабы берилүүчү кылмыш үчүн кылмыштык куугунтуктоого же жазалоого кайсы болбосун Тараптардын мыйзамдарына ылайык тыюу салына турган болсо; буга эскирүү мөөнөтү аяктагандыгына байланышкан укуктар кирет; же
d) эгерде өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талабы адамды расалык белгиси, дини, улуту, жынысы же саясий көз караштары боюнча соттук куугунтуктоо максатында берилсе же аталган себептердин кайсы бири боюнча адамдын абалына зыян келтириши мүмкүн деген жетиштүү негиздер суроо-талап жөнөтүлгөн Тарапта бар болсо.
5- берене Баш тартуу үчүн факультативдик негиздер Төмөнкү жагдайлардын кайсы болбосун биринин себебинен улам өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талаптан баш тартылышы мүмкүн:
а) эгерде өткөрүп берүү суроо-талабы берилген укук бузуу суроо-талап жөнөтүлгөн Тараптын мыйзамдары анын аймагында толук же жарым жартылай жасалса;
b) эгерде өткөрүп берүү суроо-талабы берилген адам акталган болсо же суроо-талап берилип жаткан ошол эле жосуну үчүн үчүнчү мамлекетте ага карата күчүнө кирген өкүм чыгарылса же болбосо ал соттолсо жана өзүнүн жазасын толук өтөcө же жазаны аткаруу талаптары коюлбай турган болсо;
c) эгерде суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап, кылмыштык укук бузуунун мүнөзүн жана суроо-талап берген Тараптын кызыкчылыгын эске алып, ошол эле учурда суроо-талап берилүүчү адамдын жеке мүнөздөгү жагдайларын көңүлгө алуу менен бул адамды өткөрүп берүү гумандуулук принцибине каршы келет деп эсептесе;
d) эгерде өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап берилген кылмыш кадимки кылмыш укугуна ылайык укук бузуу болуп саналбаган аскердик кылмыш болуп эсептелсе.
6-берене Жарандарды өткөрүп берүү
1. Бир дагы Тарап өздөрүнүн жарандарын ушул Келишим боюнча өткөрүп берүүгө милдеттүү эмес.
2. Эгерде суралып жаткан адамдын жарандыгынын негизинде гана өткөрүп берүүдөн баш тартылса, суроо-талап берген Тараптын өтүнүчү боюнча суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап соттук куугунтуктоо үчүн ишти өзүнүн компетенттүү органдарына өткөрүп берет.
3. Жарандык өткөрүп берүүгө алып келген кылмышты жасаган учурда аныкталат.
7-берене Байланыш каналдары жана зарыл документтер
1. Өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап жазуу жүзүндө түзүлөт жана дипломаттык каналдар боюнча берилет.
2. Өткөрүп берүү жөнүндө өтүнүчү төмөнкү материалдар менен коштолот:
a) документтер, билдирүүлөр жана адамды мүнөздөгөн маалыматтын башка түрлөрү, эгерде мүмкүн болсо суралып жаткан адамдын сүрөттөлүшү, сүрөтү жана/же манжаларынын изи, жарандыгы, мүмкүн болгон жайгашкан жери;
b) өткөрүп берүү суралган иштин жагдайын баяндоо, мында кылмыштык жазалануучу жосун жасалган орун жана убактысы, ошондой эле ишти кароо тартиби мүмкүн болушунча так көрсөтүлөт;
c) негизги элементтерди камтыган жана кылмышты көрсөткөн мыйзам жоболорунун тексттери;
d) кылмыш үчүн жазалоону камтыган мыйзамдын жоболорунун тексттери;
e) кылмыш үчүн кылмыштык куугунтуктоо жана жазаны аткаруу боюнча мөөнөттөрү бар мыйзам жоболорунун тексттери; жана
f) ушул берененин 3 же 4-пунктунда көрсөтүлгөн документтер, билдирүүлөр жана маалыматтын башка түрлөрү, эгерде алар колдонула турган болсо.
3. Эгерде өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талабы күнөөлүү деп табыла элек адамга карата болсо, анда төмөнкүлөр менен коштолот:
a) ордердин көчүрмөсү же суроо-талап берген Тараптын судьясы берген камакка алууга же камоого чечим;
b) издөө салынган адамдын камакка алуу же камоого ордер же чечим берилген адам экенин көрсөткөн маалымат;
c) кылмышты түзүшү мүмкүн болгон аракеттерге же аракетсиздикке арыздар жана изделип жаткан адамдын өткөрүп берүүгө алып келген кылмыштарды жасагандыгына шектенүү үчүн жетиштүү негиздерди берген далилдер.
4. Эгерде өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талабы күнөөлүү деп табылган адамга тиешелүү болсо, ага төмөнкү документтер тиркелүүгө тийиш:
a) суроо-талап берген Тараптын соту чыгарган өкүмдүн көчүрмөсү, айыптоо бөлүгүн жана чыгарылган өкүмдү, өкүм аткарылууга тийиш деген фактыны жана жазанын өтөлбөгөн мөөнөтүн баяндоо менен;
b) ордердин же камакка алуу чечиминин көчүрмөсү же соттун айыптаган өкүмүнүн негизинде адам камакка алынууга тийиш деген билдирүү;
c) суралып жаткан адам күнөөлүү деп табылгандыгын белгилеген маалыматтар;
d) адам күнөөлүү деп табылган кылмыштарды түзгөн аракеттерге жана аракетсиздикке арыздар.
5. Өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талапты негиздеген документтер суроо-талап жөнөтүлгөн Тараптын тилине же англис тилине которуу менен коштолот.
6. Документ ушул Келишимдин максаттарына ылайык, төмөнкү учурларда ырасталган деп эсептелет:
a) суроо-талап берген Тараптын судьясы же ыйгарым укуктуу адамы кол койсо, жана
b) суроо-талап берген Тараптын компетенттүү органынын гербдин мөөрү менен бекитилсе.
8- берене Кошумча маалымат
1. Эгерде суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талапты негиздөө катары берилген маалыматтарды ушул Келишимдин жоболоруна ылайык өткөрүп берүү үчүн макулдук берүүгө жетишсиз деп эсептей турган болсо, бул Тарап 45 күн мөөнөт берүү менен кошумча маалыматтарды талап кылышы мүмкүн. Суроо-талап берген Тараптын алгылыктуу талаптарына ылайык бул мөөнөт борбордук органдар ортосунда макулдашылган мөөнөткө узартылышы мүмкүн. Ал эми кошумча маалыматтар дипломаттык каналдар же тикелей борбордук органдар боюнча берилиши мүмкүн.
2. Эгерде суралып жаткан адам камакка алынган жана жөнөтүлгөн кошумча маалымат жетишсиз болсо же ал маалымат суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап белгилеген мөөнөттө алынбаса, анда адам камактан бошотулат. Бирок бошотуу суроо-талап берген Тараптын бул адамды өткөрүп берүү жөнүндө жаңы суроо-талапты жөнөтүүсүнө бөгөт болуп эсептелбейт.
3. Эгерде адам камактан бошотулса, ушул берененин 2-пунктуна ылайык суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап бул туурасында мүмкүн болушунча тез арада суроо-талап берген Тарапка маалымдайт.
9-берене Убактылуу камоо
1. Өтө зарыл учурларда суроо-талап берген Тарап өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап жөнөткөнгө чейин суралып жаткан адамды убактылуу камоого алуу өтүнүчү менен кайрыла алат. Адамды убактылуу камоого алуу жөнүндө өтүнүч дипломаттык каналдар аркылуу же тикелей Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Корея Республикасынын Юстиция министрлиги аркылуу берилет.
2. Убактылуу камоого алуу жөнүндө өтүнүч жазуу жүзүндө болууга жана төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
a) изделип жаткан адамдын сүрөттөлүшүн, анын ичинде ал адамдын жарандыгы жөнүндө маалыматтарды;
b) белгилүү болсо, изделип жаткан адамдын жайгашкан орду тууралуу билдирүүнү;
c) иштин фактыларын, анын ичинде мүмкүн болсо жасалган кылмыштын ордун жана убактысын кыскача баяндоону;
d) бузган мыйзамдарды баяндоону;
e) суралып жаткан адамды камакка алуу же камоо же соттоо үчүн чечимдин бар экендиги жөнүндө билдирүү, ошондой эле
f) суралып жаткан адамды өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап бериле тургандыгы жөнүндө билдирүү.
3. Суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап кабыл алынган чечим, кайсы болбосун баш тартуунун себептерин кечиктирбестен билдирет.
4. Өтүнүчкө байланыштуу камакка алынган адам, эгерде суроо-талап берген Тарап адамды камоого алган учурдан тартып кырк беш (45) күндүн ичинде ушул Келишимдин 7-беренесинде көрсөтүлгөн документтерди тиркөө менен өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талапты жөнөтпөсө, бошотулат.
5. Ушул берененин 4-пунктуна ылайык адамды бошотуу, эгерде кийин өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап алынса, аны кайра камоого алууга, ошондой эле өткөрүп берүүгө бөгөт болуп саналбайт.
10- берене Өткөрүп берүүнүн жеңилдетилген жол-жобосу Эгерде суралып жаткан адам өткөрүп берүүгө өзүнүн макулдугун суроо-талап жөнөтүлгөн Тараптын сотунда же компетенттүү органында билдирүүгө ниети болсо, анда суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап өзүнүн мыйзамы уруксат берген чекте өткөрүп берүүнү тездетүү үчүн бардык зарыл чараларды кабыл алышы мүмкүн. 11-берене Бири-бирине туура келген өтүнүчтөр
1. Эгерде Тарап ошол эле бир адамды өткөрүп берүү жөнүндө башка Тараптан жана кайсыл бир үчүнчү мамлекеттен суроо-талап алса, суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап ал адамды кайсы мамлекетке өткөрүп берүүнү өзүнүн көз карашы боюнча аныктайт.
2. Адамды кайсы мамлекетке өткөрүп берүүнү аныктоодо суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап төмөнкүлөрдү камтып, бирок алар менен гана чектелбестен, тиешелүү бардык факторлорду карайт:
a) суралып жаткан адамдын жарандыгы жана демейки жашаган жери;
b) суроо-талап Келишимге ылайык берилгенби;
c) ар бир жасаган кылмыштын орду жана убактысы;
d) суроо-талап берген Тараптын тиешелүү кызыкчылыктары;
e) кылмыштын оордугу;
f) жабыркагандын жарандыгы;
g) суроо-талап берген Тараптын ортосунда андан ары өткөрүп берүү мүмкүнчүлүктөрү жана
h) суроо-талаптардын тиешелүү даталары.
12-берене Суроо-талап боюнча чечим
1. Суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талапты ички мыйзамдарда каралган жол-жоболорго ылайык карап чыгууга кабыл алат жана өзүнүн чечими тууралуу дипломаттык каналдар боюнча суроо-талап берген Тарапка токтоосуз маалымдайт.
2. Өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талапты канааттандыруудан толук же жарым жартылай баш тартуу негизделүүгө тийиш. Суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап суроо-талап берген Тараптын суроо-талабы боюнча, эгерде баш тартуу соттун чечимине ылайык негизделсе, соттун ошол чечиминин көчүрмөсүн берет.
13-берене Адамды өткөрүп берүү
1. Суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап суралып жаткан адамды суроо-талап берген Тараптын компетенттүү органына эки Тараптар үчүн алгылыктуу болгон суроо-талап жөнөтүлгөн Тараптын аймагында өткөрүп берилет.
2. Суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап суралып жаткан адамды суроо-талап жөнөтүлгөн Тараптын аймагынан суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап белгилеген мезгил ичинде которууга тийиш, эгерде аталган адам көрсөтүлгөн мезгилдин ичинде которулбаса, анда суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап суралып жаткан адамды бошото алат жана ошол эле кылмыш үчүн өткөрүп берүүдөн баш тартышы мүмкүн.
3. Эгерде өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алынган адамды Тараптардын бири өздөрүнө көз каранды болбогон себептер боюнча өткөрүп бере албаса же өткөрүп ала албаса, ошол Тарап бул туурасында экинчи Тарапка маалымдайт жана бул учурда ушул берененин 2-пункту колдонулбайт. Эки Тарап тең ушул берененин шарттарына ылайык өткөрүп берүүнүн же өткөрүп алуунун жаңы датасы тууралуу чечимди өз ара кабыл алууга тийиш.
14-берене Кийинкиге калтыруу жана шарттуу түрдө өткөрүп берүү
1. Суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап боюнча чечим кабыл алынгандан кийин өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап берилген кылмыштан башка кайсыл бир кылмышы үчүн ошол адамга карата соттук куугунтуктоону козгоо, же эгерде ал адам соттолгон болсо дайындалган өкүмдү аткаруу максатында суралып жаткан адамды берүүнү кийинкиге калтыра алат. Бул учурда суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап суроо-талап берген Тарапка бул туурасында тийиштүү түрдө билдирет.
2. Суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап өткөрүп берүүнү кийинкиге калтыруунун ордуна суралып жаткан адамды Тараптар белгилей турган шарттарга ылайык суроо-талап берген Тарапка убактылуу бере алат.
15-берене Менчикти өткөрүп берүү
1. Эгерде өткөрүп берүү жөнүндө оң чечим кабыл алынса, өткөрүп берилүүчү адам кармалган учурда ээлик кылган жана берген, буюмдук далил катары каралышы мүмкүн болгон бардык буюмдар, эгерде буга суроо-талап жөнөтүлгөн Тараптын мыйзамдарында жол берилсе жана үчүнчү жактардын тиешелүү түрдө сакталуучу укуктарына кедергисин тийгизбесе, суроо-талап берген Тараптын өтүнүчү боюнча ага өткөрүлүп берилет.
2. Эгерде суроо-талап берген Тарап өтүнүч кат менен кайрылса, ушул берененин 1-пунктуна ылайык жогоруда көрсөтүлгөн менчик, суралган адам каза болгондуктан. дайынсыз жоголгондуктан же качып кеткендиктен аны берүү мүмкүн эмес болсо да суроо-талап берген Тарапка өткөрүлүп берилиши мүмкүн.
3. Эгерде, башка кылмыш ишине байланыштуу козголгон иш үчүн зарыл болсо, мындай териштирүү аяктаганга чейин суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап ушул берененин 1-пунктунда аталган мүлктү өткөрүп берүүнү убактылуу кийинкиге калтырышы мүмкүн.
4. Суроо-талап жөнөтүлгөн Тараптын мыйзамдары же үчүнчү жактардын укугун коргоо талап кылса, кайсыл болбосун өткөрүлүп берилген менчик, эгерде Тарап мындай талабын койсо, иш боюнча өндүрүш аяктагандан кийин суроо-талап жөнөтүлгөн Тарапка акысыз кайтарылууга тийиш.
16-берене Атайын эреже
1. Төмөнкү учурларды кошпогондо, суроо-талап берген Тарап өткөрүлүп берилген адамды кармабайт, камакка албайт же сотко тартылбайт:
a) өткөрүп берүүгө уруксат берилген кылмыш же кылмыштары өткөрүп берүүгө же даражасы боюнча жеңилирээк кылмышка алып келген шарттар болгондо, өткөрүп берүүгө уруксат берилген фактыларга негизденген башкача ыкмадагы кылмыштар;
b) адамды өткөрүп бергенден кийин жасалган кылмыш; же
с) суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап адамды кармоого, соттук териштирүүгө жана кылмышы үчүн жазалоого макулдугун берген кылмыш.
Ушул пункттун с) пунктчасынын максаттары үчүн:
I) суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап 7-беренеде каралган документтерди берүүнү талап кылышы мүмкүн;
II) эгерде бар болсо, кылмышка карата өткөрүлүп берилген адам жасаган билдирүүлөрдүн укуктук жазуулары суроо-талап жөнөтүлгөн Тарапка берилүүгө тийиш; III) өткөрүлүп берилген адамды суроо-талап иштелип бүткөнгө чейин суроо-талап берген Тарап суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап уруксат берген мезгил аралыгында кармашы мүмкүн.
2. Ушул Келишим боюнча өткөрүлүп берилген адамды суроо-талап берген Тарап ал адамды өткөрүп бергенге чейин жасаган кылмышы үчүн үчүнчү мамлекетке кайрадан өткөрүп бербейт, буга суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап макулдук берген учурлар кирбейт.
3. Ушул берененин 1 жана 2-пункттары төмөнкү учурларда колдонулбайт, эгерде өткөрүлүп берилген адам:
a) чыгып кеткенден кийин суроо-талап берген Тараптын аймагына ыктыярдуу кайтып келсе; же
b) адам эркин чыга алган күндөн тартып кырк беш (45) күндүк мөөнөтүн ичинде суроо-талап берген Тараптын аймагынан чыгып кетпесе, буга ал контролдой албаган башка шарттар кирбейт.
17-берене Жыйынтыктар тууралуу билдирүү Суроо-талап берген Тарап, эгерде суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап өтүнсө, суроо-талап жөнөтүлгөн Тарапка ишке же өткөрүлүп берилген адамга карата жазаны аткарууга же ал адамды үчүнчү мамлекетке кайрадан өткөрүлүп берилишине тиешелүү маалыматтарды берүүгө тийиш. 18-берене Транзиттик ташуу
1. Тарап үчүнчү мамлекет тарабынан кайсы болбосун Тарапка берилген адамды мыйзам аркылуу уруксат берилген чекте, дипломаттык каналдар боюнча же Корея Республикасынын Юстиция министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ортосунда тикелей берилген жазуу жүзүндөгү суроо-талаптан кийин өз аймагында транзиттик ташууга уруксат бериши мүмкүн.
Суроо-талап жеткирилип жаткан адам тууралуу маалыматты анын жарандыгы жана иши боюнча кыскача фактыларды кыскача баяндоосу менен камтууга тийиш. Жеткирилип жаткан адам транзиттик жеткирүүнүн бүтүндөй мезгилинде камоодо болушу мүмкүн.
2. Эгерде ташуунун аба аркылуу жеткирүү ыкмасы пайдаланылса жана экинчи Тараптын аймагында конуу каралбаса, транзиттик жеткирүүгө уруксат талап кылынбайт. Эгерде Тараптардын биринин аймагында пландаштыруусуз конууга туура келсе, ал ушул берененин 1-пунктунда каралган шарттарда, экинчи Тараптан транзит тууралуу өтүнүч менен кайрылууну талап кылышы мүмкүн. Пландаштыруусуз конуудан кийинки токсон алты (96) сааттын ичинде жеткирүүнү улантуу үчүн суроо-талап берилгенге чейин, транзиттин Тараптары жеткирилип жаткан адамды кармап турууга тийиш.
3. Транзитке уруксат коштоп жүрүүчү адамдарга камакка алууда транзит тарабына бийликтен колдоо алуу үчүн уруксат берүүнү камтууга тийиш.
4. Ушул берененин 2-пунктуна ылайык аймагында адам кармалган Тарап, эгерде жеткирүү алгылыктуу мөөнөттө улантылбаса, ал адам бошотулушу мүмкүн деген токтомун кабыл алышы мүмкүн.
19-берене Чыгыштар
1. Өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талабынан келип чыкпаган, анын юрисдикциясына кирген, пайда болгон кандай болбосун жол-жоболордун чыгымдарын суроо-талап берген Тарап тартат.
2. Өткөрүп берүү суроо-талабы келип түшкөн адамды камакка алууга жана кармоого же менчикти алып коюуга жана өткөрүп берүүгө байланыштуу өз аймагында тарткан чыгымдарды суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап тартууга тийиш.
3. Суроо-талап жөнөтүлгөн Тараптын аймагынан адамды өткөрүп берүүдө кеткен чыгымдарды, анын ичинде транзиттик чыгымдарды суроо-талап берген Тарап тартууга тийиш.
20-берене Консультациялар
1. Тараптар, кайсы болбосун Тараптын өтүнүчү боюнча ушул Келишимди колдонууга жана чечмелөөгө тиешелүү консультацияларды өткөрүшү мүмкүн.
2. Эки Тараптын тең компетенттүү органдары ушул Келишимди ишке ашыруу үчүн жол-жоболорду жакшыртуу жана колдоо максатында жана айрым бир учурларды иштеп чыгууга байланыштуу бири-бири менен тикелей консультацияларды өткөрө алышат.
21-берене Келишимдин күчүнө кириши, өзгөртүүлөрдү киргизүү жана колдонууну токтотуу
1. Бул келишим ратификацияланат жана ратификациялык грамоталар менен алмашкан күндөн тартып отузунчу (30) күнү күчүнө кирет.
2. Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча бул Келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет.
3. Кайсыл болбосун Тарап экинчи Тарапка кайсыл болбосун учурда дипломатиялык каналдар аркылуу аны колдонууну токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндө маалымдоо менен бул Келишимди токтотушу мүмкүн. Келишимди колдонуу аны колдонууну токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоо жиберилген күндөн жүз сексен (180) күн өткөндөн кийин токтотулат.
4. Ушул Келишим ал күчүнө киргенден кийин берилген кандай гана болбосун суроо-талапка, тийиштүү аракет же аракетсиздик анын күчүнө киришине чейин болгон болсо да, колдонулат.
Муну ырастап төмөндө өз мамлекети тарабынан тиешелүү түрдө ыйгарым укук берилип кол койгон адамдар ушул Келишимге кол коюшту. Келишим 20 -жылдын « » , шаарында кыргыз, корей, орус жана англис тилдеринде эки нускада кол коюлду, бардык тексттери бирдей юридикалык күчкө ээ. Ушул Келишимдин жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурда негиз катары англис тилиндеги текст алынат.
Кыргыз Республикасы үчүн Корея Республикасы үчүн Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ МЕНЕН КОРЕЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ОРТОСУНДАГЫ СОТТОЛГОН АДАМДАРДЫ ӨТКӨРҮП БЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ КЕЛИШИМ
Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасы (мындан ары - Тараптар деп аталып), эгемендикти жана тең укуктуулукту өз ара колдоо негизинде, эки мамлекеттин кылмыш-укуктук чөйрөдөгү кызматташтыгын бекемдөө максатында, жараны болуп саналган мамлекетте жаза тартуу мүмкүнчүлүгүн соттолгон адамдарга берүү, ошондой эле соттолгон адамдардын кайтып келүүсү жана алардын коомго реинтеграциясы үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, төмөнкүлөр жөнүндө келишим түзүштү: 1-берене Аныктамалар Ушул Келишимдин максаттарына жетишүү үчүн төмөндө көрсөтүлгөн терминдер төмөнкүлөрдү билдирет:
a) "өткөрүп берип жаткан Тарап" - соттолгон адамды өз аймагынан өткөрүп берип жаткан же өткөрүп берген Тарап;
b) "кабыл алып жаткан Тарап" - өз аймагына соттолгон адамды кабыл алып жаткан же кабыл алган Тарап;
c) "соттолгон адам" - өткөрүп берип жаткан Тараптын соту аркылуу эркиндигинен ажыратууга соттолгон адам.
2-берене Жалпы принциптер
1. Ушул Келишимдин жоболоруна ылайык Тараптар бири-бирине соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жагында кызматташууга мүмкүн болушунча көмөктөшөт.
2. Өткөрүп берип жаткан Тараптын аймагында соттолгон адам ага коюлган жазаны өтөө үчүн кабыл алып жаткан Тарапка ушул Келишимдин жоболоруна ылайык өткөрүлүп берилиши мүмкүн.
3. Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү өткөрүп берип жаткан Тараптын же болбосо кабыл алып жаткан Тараптын суроо-талабы боюнча жүргүзүлөт.
3-берене Борбордук орган
1. Ушул Келишимдин максаттарын аткаруу максатында Тараптар өз ара карым-катнашты борбордук органдар аркылуу ишке ашырышат жана зарылчылык келип чыккан учурларды же башка өзгөчө кырдаалдарды кошпогондо, дипломатиялык жолдор боюнча бири бири менен өз аракеттенет.
2. Ушул берененин 1-пунктунда аталган борбордук орган болуп Кыргыз Республикасынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Корея Республикасынан Юстиция министрлиги эсептелет. Тараптардын биринин борбордук органы өзгөргөн учурда, дипломатиялык каналдар боюнча экинчи Тарапка жазуу жүзүндө билдирүү зарыл.
4-берене Өткөрүп берүү шарттары
1. Соттолгон адам төмөнкү шарттарды сактоо менен гана өткөрүлүп берилиши мүмкүн:
a) соттолгон адам кабыл алып жаткан Тараптын жараны болсо;
b) адам соттолгон аракет же аракетсиздик кабыл алып жаткан Тараптын мыйзамдары боюнча кылмыш иши болуп саналса;
c) соттолгон адамды өткөрүп берүү суроо-талабын алган учурда калган жаза мөөнөтү кеминде бир жылды түзүүгө тийиш, ал эми ал адамга карата чыгарылган сот чечими күчүндө болууга, суроо-талап берилген учурда соттун чечими кайрадан кароодо болбоого жана андан ары ага даттануунун баардык мүмкүндүгү жокко чыгарылууга тийиш;
d) соттолгон адамдын өткөрүп берүүгө жазуу жүзүндө макулдугу же анын курагына, ден соолугуна жана психикалык абалына байланыштуу анын мыйзамдуу өкүлүнүн жазуу жүзүндө макулдугу болсо; жана
e) эки Тарап тең өткөрүп берүү жөнүндө макулдашса.
2. Өзгөчө учурларда Тараптардын борбордук органдары, эгерде жаза мөөнөтү ушул берененин 1-пунктунда (с) белгиленген мөөнөткө ылайык келбесе да өткөрүп берүү тууралуу макулдашууга жетишүүсү мүмкүн.
5-берене Өткөрүп берүү жол-жоболору
1. Ар бир Тарап Ушул Келишимди колдонсо боло турган соттолгон адамдарга Ушул Келишимге ылайык алардын өткөрүп берүүгө болгон укугу жөнүндө маалымдайт.
2. Эгерде соттолгон адам өткөрүп берүүгө макулдугун берсе, Тараптардын бири экинчи Тарапка бул тууралуу жазуу жүзүндө билдирет.
3. Өткөрүп берип жаткан Тарап өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талапка макул экендигин же андан баш тарткандыгын тез арада маалымдайт.
4. Өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап жазуу жүзүндө түзүлөт жана анда төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
a) соттолгон адамдын толук аты-жөнү, туулган күнү, жери;
b) соттолгон адамдын жарандык статусу көрсөтүлгөн арыз; жана
c) эгерде бар болсо, соттолгон адамдын турган жери жана дареги.
5. Эгерде өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап берилсе, анда өткөрүп берип жаткан Тарап кабыл алып жаткан Тарапка жазуу жүзүндө төмөнкү маалыматты мүмкүнчүлүккө жараша берет:
a) адам эмненин негизинде соттолгондугу тууралуу фактыларды чагылдыруу менен арыз;
b) өткөрүп берип жаткан Тараптын мамлекетинде өкүм чыгарылган иш боюнча аракеттер же аракетсиздик укук бузуу болуп эсептелгендигин караган тиешелүү мыйзамдын көчүрмөсү;
c) жазанын мүнөзү жана узактыгы, жазанын мөөнөтүнүн аяктаган күнү, зарыл учурларда, соттолгон адам өтөгөн жазанын бөлүгүнүн жана андан ары өтөө каралган жазанын бөлүгүнүн узактыгы, аткарган иштеринин, жакшы жүрүм-турумунун, сотко чейинки корутундунун эсебинен же башка себептер боюнча укук берилген жазаны жеңилдетүү тууралуу документ; жана
d) өкүмдүн жана соттоо тууралуу протоколдук жазуулардын, өкүмдүн мыйзамдуу күчүнө киргендиги жөнүндө документтин көчүрмөсү.
6. Эгерде Тараптардын бири өтүнүч берсе, Тараптардын бири экинчи Тарапка кандай болбосун тиешелүү маалыматты, документтерди же арыздарды, өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап таризделгенге чейин же мындай өткөрүп берүүнүн максатка ылайыктуу экендиги тууралуу маселе боюнча чечим кабыл алынганга чейин иш жүзүндө мүмкүнчүлүккө жараша сунуштайт. Ушуга байланыштуу кабыл алып жаткан Тарап өткөрүп берип жаткан Тарапка 8-берененин 3-пунктуна ылайык өкүмдү кайра карап чыгууну жүзөгө ашыруу ниетин билдирет.
7. Өткөрүп берип жаткан Тараптын бийлигинин өкүлдөрү тарабынан кабыл алып жаткан Тараптын бийлигинин өкүлдөрүнө соттолгон адамды өткөрүп берүү Тараптардын макулдашуусу боюнча өткөрүп берип жаткан Тараптын юрисдикциясынын чегинде, мезгилде жана жерде жүргүзүлөт.
8. Тараптар соттолгон адамга кабыл алып жаткан Тарап же өткөрүп берип жаткан Тарап кабыл алган кандай болбосун чаралар тууралуу ушул берененин мурдагы пункттарына ылайык жазуу жүзүндө маалымдайт.
6-берене Соттолгон адамдын макулдук берүүсү жана макулдук берүү шарттарынын сакталышын текшерүү
1. Өткөрүп берип жаткан Тарап соттолгон адам же анын мыйзамдуу өкүлү мындай өткөрүп берүүнүн юридикалык натыйжаларын толугу менен түшүнүп, ага макулдугун өз ыктыярдыгы менен беришин жана өткөрүп берүүгө макулдугу жөнүндө арызында аны ырастоосун камсыз кылууга тийиш.
2. Кабыл алып жаткан Тараптын суроо-талабы боюнча өткөрүп берип жаткан Тарап ушул берененин 1-пунктунда каралган өткөрүп берүүгө чейин соттолгон адамдын өткөрүп берүүгө макулдугун берүүнүн шарттарынын сакталышын текшерүүгө мүмкүндүктү кабыл алып жаткан Тарап дайындаган расмий адамдарга берилишин камсыз кылат.
7-берене Өткөрүп берип жаткан Тарап үчүн өткөрүп берүү натыйжалары
1. Кабыл алып жаткан Тараптын бийлик органдары тарабынан соттолгон адамды кабыл алуу жана аны жоопкерчиликке тартуу өткөрүп берип жаткан Тараптын мамлекетинде өкүмдү аткаруунун токтотулушуна алып келет.
2. Эгерде кабыл алып жаткан Тарап өкүмдүн аткарылышы аяктаган деп эсептесе, өткөрүп берип жаткан Тарап өкүмдүн аткарылышына андан ары жоопкерчилик тартпайт.
8-берене Жаза аткарууну улантуу
1. Өткөрүп бергенден кийин өкүмдүн аткарылышын улантуу кабыл алып жаткан Тараптын мыйзамдары жана укуктук ченемдери менен жөнгө салынууга тийиш. Соттолгон адамды кабыл алгандан кийин өткөрүп берип жаткан Тарап өткөрүп берип жаткан Тарап дайындаган жаза түрүнө жана мөөнөтүнө жараша, өз мыйзамдарына ылайык жазанын аткарылышын улантууну камсыз кылат.
2. Эгерде, өткөрүп берип жаткан Тарап дайындаган жазанын маңызы же анын мөөнөтү кабыл алган тараптын мыйзамдарына туура келбесе, мындай өкүмдү аткарууда кабыл алып жаткан Тарап өткөрүп берип жаткан Тараптын өкүмүн ушундай эле кылмыштар үчүн кабыл алып жаткан Тараптын мыйзамдарында каралган жазага ылайык келтириши мүмкүн. Жазаны жогоруда белгиленгендей ылайык келтирүүдө:
a) кабыл алып жаткан Тарап өткөрүп берип жаткан Тараптын өкүмүндө белгиленген иштин иш жүзүндөгү жагдайларга гана негизденүүгө тийиш;
b) кабыл алып жаткан Тарап эркиндигинен ажыратуу жазасын мүлктүк өндүрүү жазасына алмаштырбоого тийиш;
c) ылайык келтирилген жаза маңызы боюнча өткөрүп берип жаткан Тараптын өкүмүнө аныкталган жазага максималдуу ылайык келүүгө тийиш;
d) ылайык келтирилген жаза өткөрүп берип жаткан Тараптын өкүмүндө аныктагандан оор болбоого тийиш, ошондой эле кабыл алып жаткан Тараптын мыйзамдары боюнча ошол сыяктуу кылмыштарга колдонулуучу жазанын максималдуу мөөнөттөрүнөн ашпоого тийиш;
e) аткарууга кабыл алынган өкүм кабыл алып жаткан Тараптын мыйзамдарында каралган ошол сыяктуу кылмыштарга колдонулуучу жазанын минималдуу мөөнөтү менен чектелбөөгө тийиш; жана
f) соттолгон адамдын өткөрүп берип жаткан Тараптын аймагында кармоодо өтөгөн жазасынын бөлүгү кармоонун жалпы мөөнөтүнө кошуп эсептелүүгө тийиш.
3. Жаза өзгөртүлгөн учурларда кабыл алып жаткан Тарап ушул берененин 2-пунктуна ылайык өткөрүп берип жаткан Тарапка жазанын өзгөргөндүгү тууралуу соттун чечиминин көчүрмөсүн жөнөтөт.
4. Кабыл алып жаткан Тарап соттолгон адамга карата мөөнөтүн кыскартуу, шарттуу-мөөнөтүнөн эрте бошотуу чараларын, ошондой эле өз мыйзамдарына ылайык жаза аткарууда колдонулуучу башка чараларды колдонууга укуктуу.
5. Эгерде өткөрүп берип жаткан Тарап өтүнсө, кабыл алып жаткан Тарап жаза өтөөгө байланыштуу суралып жаткан кандай болбосун маалыматты берүүгө милдеттенет. Кайсы болбосун Тарап кайсы болбосун мезгилде айрым бир өкүмдү аткаруунун жүрүшү тууралуу маалыматты сурашы мүмкүн.
9-берене Юрисдикциялардын сакталышы
1. Өткөрүп берип жаткан Тарап айыптоо өкүмүн жана анын соту тарабынан чыгарылган өкүмдөрдү өзгөртүүгө же жокко чыгарууга укугун сактайт.
2. Кабыл алып жаткан Тарап ушул беренеге ылайык өткөрүп берип жаткан Тараптын сотунун чечимине ылайык өкүмдүн кандай болбосун өзгөрүүсү же жокко чыгарылышы тууралуу маалыматты алгандан кийин тез арада жазаны ага ылайык келтирүүгө же болбосо жазаны аткарууну токтотууга тийиш.
10-берене Мунапыс жарыялоо, ырайым кылуу, жазаны жеңилдетүү Кайсыл болбосун Тарап оз мыйзамдарына ылайык өткөрүлүп берилген соттолгон адамга карата мунапысты, ырайым кылууну же жазаны жеңилдетүүнү колдонушу мүмкүн, бул жөнүндө ушул Келишимдин 3-беренесинде белгиленген каналдар аркылуу өз убагында экинчи Тарапка билдирүүгө тийиш. 11-берене Соттолгон адамдарды ташуу
1. Эгерде Тараптардын бири үчүнчү тарап менен жетишилген соттолгон адамды өткөрүп берүү тууралуу келишимди аткаруу максатында экинчи Тараптын аймагы аркылуу соттолгон адамды жеткирүүгө муктаж болсо, анда ал тарап экинчи тарапка транзитти ишке ашыруу жөнүндө суроо-талабын жөнөтүүгө тийиш.
2. Соттолгон адамды авиаташуу зарыл болсо жана эгерде экинчи Тараптын аймагына конуу пландалбаса, транзитти ишке ашыруу үчүн мындай уруксат талап кылынбайт.
3. Эгерде өткөрүп берип жаткан Тараптын мыйзамдарына каршы келбесе, өткөрүп берип жаткан Тарап ички мыйзамдарына ылайык кабыл алып жаткан Тарапка транзиттик ташууга макулдугун берет.
12-берене Тил жана чыгымдар
1. Соттолгон адамды өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талапты негиздөө үчүн берилген жазуу жүзүндөгү билдирүүлөр ырасталууга жана өткөрүп берип жаткан Тараптын тилине же англис тилине котормо менен коштолууга тийиш.
2. Соттолгон адамды өткөрүп берүүгө же өткөрүп бергенден кийин жаза өтөөнү улантууга байланышкан кандай болбосун чыгымдарды кабыл алып жаткан Тарап тартат, буга өткөрүп берип жаткан Тараптын юрисдикциясынын чегинде ал тарткан чыгымдар кошулбайт.
13-берене Келишпестиктерди чечүү Ушул Келишимди чечмелөөдө, аны колдонууда жана аткарууда пикир келишпестиктер пайда болгон учурда, Тараптар мындай пикир келишпестиктерди сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды өткөрүү жолу менен чечет. 14-берене Келишимдин күчүнө кириши, өзгөртүү киргизүү жана колдонууну токтотуу
1. Бул Келишим ратификацияланат жана ратификациялык грамоталар менен алмашкан күндөн тартып отузунчу (30) күнү күчүнө кирет.
2. Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча бул Келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделинет.
3. Кайсыл болбосун тарап экинчи Тарапка кайсыл болбосун мезгилде дипломатиялык каналдар боюнча Келишимди колдонууну токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндө маалымдоо менен ушул Келишимди бузушу мүмкүн. Бул Келишимди колдонуу аны колдонууну токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндө маалымдоо жиберилген күндөн кийин жүз сексенинчи (180) күн өткөндө токтотулат. Бул Келишимди колдонууну токтотуу аны токтотууга чейин башталган кандай болбосун өткөрүп берүү ишине таасирин тийгизбөөгө тийиш.
4. Бул Келишим ушул Келишим күчүнө киргенге чейин кылмыш жазасына өкүм чыгарылган соттолгон адамдарды өткөрүп берүү үчүн да колдонулат.
Ушуну ырастап төмөндө кол койгондор, өз мамлекети тарабынан тиешелүү негизде ыйгарым укук берилгендер ушул Келишимге кол коюшту. Келишимге 20 -жылдын « » , шаарында кыргыз, корей, орус жана англис тилдеринде эки нускада кол коюлду, бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Ушул Келишимдин жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыкса, негиз катары англис тилиндеги текст алынат.
Кыргыз Республикасы үчүн Корея Республикасы үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы № 99 "2018-жылдын 14-ноябрында Квачхон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы Өткөрүп берүү…Постановление · 20.02.2020 · № 99
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы № 102 "2018-жылдын 14-ноябрында Квачхон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы Жазык иштери…Постановление · 20.02.2020 · № 102
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы № 103 "2018-жылдын 14-ноябрында Квачхон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы Соттолгон…Постановление · 20.02.2020 · № 103