КР Өкмөтүнүн «2018-жылдын 14-ноябрында Квачхон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы Жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 20-февралы № 102 "2018-жылдын 14-ноябрында Квачхон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы Жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "2018-жылдын 14-ноябрында Квачхон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы Жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2018-жылдын 14-ноябрында Квачхон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы Жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору (макулдашуу боюнча) аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2018-жылдын 14-ноябрында Квачхон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы Жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу 1-берене. 2018-жылдын 14-ноябрында Квачхон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы Жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишим ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө корей тарапка кабарласын. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы № 102 токтому менен жактырылган
2018-жылдын 14-ноябрында Квачхон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы Жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ Келишим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт. Келишимдин долбоору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Эл аралык иштер боюнча комитет, Мыйзамдуулук, укуктук тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 8-июнундагы № 154 буйругу менен жактырылган. Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы Жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишимге Корея Республикасынын Квачхон шаарында 2018-жылдын 14-ноябрында кол коюлган. Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы Келишим кылмышкерлерди өткөрүп берүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосунда укуктук базаны түзүү максатында түзүлгөн. Жогоруда аталган Келишимдин 21-беренесине ылайык бул эл аралык Келишим ратификацияланууга тийиш жана ратификациялык грамоталар алмашылган датадан тартып отузунчу күнү күчүнө кирет. Мында, бул Келишимдин жоболорун ишке ашыруу боюнча иш-чараларды каржылоо тийиштүү ведомстволордун каражаттарынын чегинде ишке ашырыла тургандыгын белгилейбиз. 2018-жылдын 14-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы Жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишимди ратификациялоо социалдык, финансылык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык терс кесепеттерге алып келбейт. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Келишим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 11-июнундагы № 3849-VI "2018-жылдын 14-ноябрында Квачхон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы Жазык…Постановление · 11.06.2020 · № 3849-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 18-июнундагы № 3914-VI "2018-жылдын 14-ноябрында Квачхон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы Жазык…Постановление · 18.06.2020 · № 3914-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 3986-VI "2018-жылдын 14-ноябрында Квачхон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы Жазык…Постановление · 25.06.2020 · № 3986-VI
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- КР Президентинин 2015-жылдын 8-июнундагы ПБ № 154 (Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө) токтомуРаспоряжение · 08.06.2015 · № 154
- 2018-жылдын 14-ноябрында Квачхон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы Жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө…Закон · 08.08.2020 · № 121
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон