5-статья. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине мамлекеттик жана жеке менчик укугу
Күчүндө · 23.03.2020 редакциясы · I бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 марта 2016 года № 23
Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилери-мамлекеттин менчиги. Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин менчиктөө укугу Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, дагы башка ченемдик-укуктук актылар менен аныкталат. Өзгөчө жаратылыштык коргоодо турган, илимий жана эстетикалык баалуулуктагы жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген (бул жаныбарлар капаста тукумдатуу жолу менен алынган же жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынан сырткары жерден менчикке сатылып алынган жана жаратылыш чөйрөсүнөн алып салынган учурлардан тышкары) жаныбарлардын түрлөрү жеке менчикке берилүүсү мүмкүн эмес. Жаныбарлар дүйнөсүнүн Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине же болбосо сейрек кездешүүчү же жоголуу коркунучу алдында турган жаныбарлардын тизмегине киргизилген объектилери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте зоопарктардын, цирк мекемелеринин жеке менчигинде болушу мүмкүн. Жаныбарлар дүйнөсүн мамлекеттик менчиктөө укугун кандайдыр бир жол менен буза турган аракеттерге (аракетсиздикке) тыюу салынат. (КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.03.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 22 марта 2016 года № 23 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О животном мире"Редакцияларды салыштыруу
22.03.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине мамлекеттик кошулду: жана жеке менчик укугу
Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде жаныбарлар … ушул Мыйзам, дагы башка ченемдик-укуктук актылар менен аныкталат.
алынып салынды: Жаныбарлар кошулду: Өзгөчө жаратылыштык коргоодо турган, илимий жана эстетикалык баалуулуктагы жаныбарлар дүйнөсүнүн алынып салынды: объектилерин пайдаланууга берүү, кошулду: объектилери, ошондой эле алынып салынды: жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин менчиктөө укугун пайдалануу боюнча башка иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын алынып салынды: айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик коргоо органынын кошулду: Кызыл китебине киргизилген (бул жаныбарлар капаста тукумдатуу жолу менен алынган же жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү алынып салынды: жагынан атайын ыйгарым укугу бар дагы башка органдардын сөзсүз катышуусу менен жүргүзүлөт.
кошулду: чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынан сырткары жерден менчикке сатылып алынган жана жаратылыш чөйрөсүнөн алып салынган учурлардан тышкары) жаныбарлардын түрлөрү жеке менчикке берилүүсү мүмкүн эмес.
Жаныбарлар дүйнөсүнүн Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине же болбосо сейрек кездешүүчү же жоголуу коркунучу алдында турган жаныбарлардын тизмегине киргизилген объектилери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте зоопарктардын, цирк мекемелеринин жеке менчигинде болушу мүмкүн.
Жаныбарлар дүйнөсүн мамлекеттик менчиктөө укугун кандайдыр бир жол менен буза турган аракеттерге (аракетсиздикке) тыюу салынат.
кошулду: (КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/224/st-5" title="5-статья - Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>