4-статья. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилери
Күчүндө · 23.03.2020 редакциясы · I бөлүм
Бул Мыйзамга ылайык табийгый шартта жаныбарлар дүйнөсүнүн төмөнкүдөй объектилери коргоолууга жана туура пайдаланылууга тийиш: Кыргыз Республикасынын аймагын такай же убактылуу байырлаган бардык түрдөгү жапайы айбанаттар; республиканын аймагындагы аталган жаныбарлардын жаныбарлар түркүмүнүн таралышы; жапайы жаныбарлардын продуктулары, жумурткалары, бөлүктөрү жана эмбриондору; уялар, ийиндер, түнөктөр, кумурска уялары, куш-чымчык башпааналары, жаныбарлардын жашоочу жайлары; канаттуулардын үйгүшкөн, уя салган, кыштаган, түлөгөн жерлери, келгин куштардын жолдо тыным алып, жем жеген жана дайыма же жыл мезгилине жараша топтолгон жерлери; жаныбарлардын жатагы, "төрөт жай", дагы башка чогулчу жерлери.
Берененин тексти 23.03.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/224/st-4" title="4-статья - Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>