Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө» Буйругу
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 22-январы № 30
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН БУЙРУГУ
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин,
биринчи вице-премьер-министринин
жана вице-премьер-министринин ортосунда
милдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премь-
ер-министринин жана вице-премьер-министринин ортосунда милдеттер
төмөнкүдөй бөлүштүрүлө тургандыгы белгиленсин:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракетине жалпы жетекчиликти
жана контролдоону ишке ашырат, кадр маселелери боюнча чечимдерди кабыл
алат
Төмөнкү маселелерди координациялайт жана жүргүзөт: мамлекеттик
эгемендикти, аймактык бүтүндүктү коргоо, конституциялык түзүлүштү кор-
гоо боюнча чараларды, ошондой эле коргоо жөндөмдүүлүгү, улуттук жана
коомдук коопсуздукту жана укуктук тартип, кылмыштуулук жана коррупцияга
каршы күрөшүү боюнча чараларды ишке ашырууну камсыздоо; Кыргыз Респуб-
ликасынын мамлекеттик чегарасын делимитациялоо жапа демаркациялоо; мый-
замдуулукту, жарандардын эркиндигин жана укуктарын камсыздоо; Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо ишмердиги жана укуктук кам-
сыздоо; эл аралык мамилелер жана байланыштар, тышкы экономикалык
иш-аракеттер жана өлкөнү экономикалык өнүктүрүү; мамлекеттик финансылык
пландоо жана республикалык бюджетти иштеп чыгуу, финансылык, тарифтик,
инвестициялык жана салыктык саясатты жүргүзүүнү камсыздоо, мамлекеттик
мүлк объекттерин башкаруу, мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү;
монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү; финансы рыногун
техникалык жөнгө салуу жана өнүктүрүү, отун-энергетикалык тармактарды
жана өнөр жай, транспорт, байланыш жана коммуникациялар тармактарын
өнүктүрүү; мамлекеттик статистика.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши; Кыргыз Республикасынын
Конституциялык соту; Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана Кыргыз
Республикасынын жергиликтүү соттору, Кыргыз Республикасынын Башкы про-
куратурасы, Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды
өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Улуттук
банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Кыргыз Рес-
публикасынын Эсеп палатасы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт
кызматы; Кыргыз Республикасынын Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук
агенттиги менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өз ара аракетин камсыз
кылат.
Соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча
өкмөттөр аралык комиссиянын ишине жетекчилик кылат жана аны координаци-
ялайт, өкмөт башчысынын дењгээлинде Евразия экономикалык коомдоштугу-
нун, КМШ, ОДКБ, ШКУ, ОЭСтин алкагында, ошондой эле Борбордук Азияда
суу-энергетикалык ресурстарды пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын
кызматташтыгын камсыз кылат.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри
Төмөнкү маселелерди координациялайт жана жүргүзөт:
региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүү; жергиликтүү мамле-
кеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган-
дарынын иш-аракеттерин, алардын министрликтер, мамлекеттик комитеттер,
администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары
менен өз ара аракетин координациялоо; мамлекеттик кызматты уюштуруу,
администрациялык реформаларды жана мамлекеттик башкарууну децентралдаш-
тырууну жүргүзүү жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү; рес-
публикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышын контролдоо, жарандык
коомчулук менен өз ара аракет, өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймак-
тарда коргоо; мамлекеттик материалдык жана мобилизациялык резервдер,
мамлекеттик сатып алуулар; агрардык саясат жана агроөнөржай комплексин
өнүктүрүү; курчап турган чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздук жана
жаратылышты пайдалануу; жер ресурстарын башкаруу жана жерге карата ма-
милени жөнгө салуу; айыл чарбасында жазгы-күзгү талаа иштерин даярдоо
жана жүргүзүү; ишкердикти өнүктүрүү; күзгү-кышкы жылытуу сезонуна даяр-
дык көрүү жана өткөрүү; курулуш комплекси жана турак-жай-коммуналдык
чарба; автомобиль жана темир жолдорун куруу, ремонттоо жана күтүү; эр-
кин экономикалык зоналардын иштеши.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги,
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттик, Кыргыз
Республикасынын жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (ЖӨ-
ИА), "Айыл Банк" ААКы, "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" микрокредиттик ком-
паниясы" АКы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өз ара аракетин
камсыз кылат.
Тейлеген маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин комитеттери менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өз ара аракетин
камсыздайт.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин ишмердиги-
не тийиштүү тармактар боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кадрдык дайындоолорун макулдашат.
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри
Социалдык, демографиялык жана миграциялык саясат; калкты иш менен
камсыздоо; социалдык камсыздандыруу, социалдык гарантиялар системасы;
билим берүү, илим, саламаттык сактоо жана жарандарды социалдык камсыз-
доо чөйрөсүндө саясат жүргүзүү; маданият, спортту өнүктүрүү; мамлекет-
тик жаштар саясаты; туристтик тармакты өнүктүрүү; жалпы коммуникациялар
чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу; интеллектуалдык менчик; эл
аралык маданий, билим берүү жана гуманитардык кызматташтык; пенитенци-
ардык системаны реформалоо; гуманитардык жардамдарды жеткирүү боюнча
маселелерди координациялайт жана жүргүзөт; Аралды сактоо боюнча Эл ара-
лык фонддун алкагында кызматташтыкты камсыз кылат.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Кыргыз Республикасынын
Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио-
көрсөтүү компаниясы, "Кабар" Кыргыз улуттук маалымат агенттиги, Кыргыз
Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук
комиссия, профсоюз жана коомдук уюмдар, партиялар жана бирикмелер, жал-
пыга маалымдоо каражаттары, диний уюмдар менен Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн өз ара аракетин камсыз кылат.
Тейлеген маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин комитеттери менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өз ара аракетин
камсыздайт.
Тейлөөчү багыттары боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри-
нин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кадрдык дайындоолорун макул-
дашат.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, биринчи вице-премь-
ер-министри, вице-премьер-министри тейлөөчү жана координациялоочу ми-
нистрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомство-
лордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик
администрациялардын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин
борбордук органдарынын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2007-жылдын 9-мар-
тындагы № 82 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин
2008-жылдын 22-январындагы
№ 30 буйругуна
тиркеме
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри,
биринчи вице-премьер-министри, вице-премьер-министри
тейлөөчү жана координациялоочу министрликтердин,
мамлекеттик комитеттердин, администрациялык
ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка
органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик
администрациялардын жана Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик бийлигинин борбордук органдарынын
ТИЗМЕСИ
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракетине жалпы жетекчиликти
жана контролдоону ишке ашырат.
Төмөнкүлөрдүн ишмердигин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минист-
рлиги;
Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары
министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети;
Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик
комитети;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамле-
кеттик комитети;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат
жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык
ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жа-
на технологиялар мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция;
Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгын кызматы;
Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы;
Кыргыз Республикасынын Бањгизатка контролдук агенттиги;
Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттиги;
Кыргыз Республикасынын Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу
кызматы;
Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук инсти-
туту;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкүлөр менен өз ара аракетин
камсыз кылат:
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту;
Кыргыз Республикасынын Жогорку соту;
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы;
Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы;
Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы;
Кыргыз Республикасынын Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук
агенттиги;
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри
Төмөнкүлөрдүн ишмердигин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай
министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги
(тейлөөчү маселелер боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары
министрлиги (тейлөөчү маселелер боюнча);
Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минист-
рлиги (тейлөөчү маселелер боюнча);
Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик
комитети (тейлөөчү маселелер боюнча);
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети (тейлөөчү маселе-
лер боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон
укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү
коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар
жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш
боюнча мамлекеттик агенттик;
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкүлөр менен өз ара аракетин
камсыз кылат:
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги;
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери бо-
юнча улуттук агенттиги;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы;
Кыргыз Республикасынын Жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо
агенттиги (ЖӨИА);
"Айыл Банк" ААКы;
"Ишкердикти өнүктүрүү фонду" микрокредиттик компаниясы" АКы.
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри
Төмөнкүлөрдүн ишмердигин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамле-
кеттик комитети;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим
берүү боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт,
жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамле-
кеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик
агенттик;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясы;
ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссия;
"Эркин Тоо", "Слово Кыргызстана" жана "Кыргыз Туусу" газеталарынын
редакциялары, "ЭлТР - коомдук телекөрсөтүүсү" Кыргыз Республикасынын
телерадиокөрсөтүү компаниясы.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкүлөр менен өз ара аракетин
камсыз кылат:
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокөрсөтүү компаниясы;
"Кабар" Кыргыз улуттук маалымат агенттиги;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюн-
ча улуттук комиссия.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2007-жылдын 9-мартындагы №82 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин жана…Распоряжение · 09.03.2007 · № 82 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-апрелиндеги №159 "Социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча Республикалык үчтараптуу комиссия жөнүндө Жобону бекитүү…Постановление · 22.04.2008 · № 159 · Күчүн жоготкон