Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин «Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө» буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2008-01-22.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
2008-жылдын 22-январындагы № 30 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Јкмөт Ійү
2007-жылдын 9-марты, №82
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН БУЙРУГУ
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи
вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министринин
ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи Вице-премьер-
министринин жана вице-премьер-министринин ортосунда милдеттер тјмөнкүдөй
бөлүштүрүлө тургандыгы белгиленсин:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Кыргыз Республикасынын Өкмјтүнүн иш-аракетине жалпы жетекчиликти жана
контролдукту ишке ашырат, кадр маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат.
Тјмөнкү маселелерди координациялайт жана жүргүзөт: конституциялык түзүлүштү
коргоо; мамлекеттик эгемекдүүлүктү; аймактык бүтүндіктү коргоо; Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик чегарасын делимитациялоо жана демаркациялоо; улуттук
жана коомдук коопсуздук жана укук тартиби; мыйзамдуулукту, жарандардын
эркиндиктери менен укуктарын камсыз кылуу; финансы, бюджет; коргоо; жарандык
коргонуу; укук коргоо органдары; кылмыштуулукка каршы күрөшүү; коррупцияга каршы
күрөшүү; укуктук жактан камсыздоо; эл аралык байланыштар; жаратылыштык жана
техногендик өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу; пенитенциардык системаны
реформалоо; агрардык саясат жана агројнөр жай комплекси; жаратылышты коргоо,
экологиялык коопсуздук; мамлекеттик материалдык жана мобилизациялык резервдер
системасы жана мамлекеттик сатып алуулар; кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо;
администрациялык реформа жүргүзүү, мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана
жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши
менен өз ара аракетин камсыз кылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциялык
соту, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, Кыргыз Республикасынын Башкы
прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук
агенттиги, Кыргыз Республикасынын Бањгизатка контролдук агенттиги, Кыргыз
Республикасынын Чегара кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзјт
кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги,
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук
агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясы менен биргелешкен аракетти ишке ашырат.
Соода-экономикалык жана илимий техникалык кызматташуу боюнча өкмөттөр
аралык комиссиянын ишине башчылык кылат жана координациялайт, јкмјт башчыларынын
дењгээлинде Евразиялык экономикалык шериктештиктин, КМШнын, ОДКБнын, ШКУнун,
ОЭСтин алкагында Кыргыз Республикасынын кызматташтыгын, ошондой эле Борбордук
Азияда суу-энергетикалык ресурстарды пайдалануу кызматташтыгын камсыз кылат.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри
Тјмөнкү маселелерди координациялайт жана жүргүзөт: өлкөнү экономикалык
өнүктүрүүнү болжолдоо; макроэкономика, акча-кредиттик система; бажы жана салык
саясаты; өнөр жайдын иштеши жана аны өнүктүрүү; мамлекеттен ажыратуу жана
менчиктештирүү; электр энергетика тармагын реформалоо, энергияны үнөмдөө;
транспорт, байланыш жана коммуникациялар; кен казып алуу өнөр жайы; ишкердик,
соода; курулуш комплекси; коммуналдык чарба, турак жай-коммуналдык чарбаны
реформалоо; күзгү-кышкы жылытуу сезонуна даярдык; тике инвестицияларды тартуу,
мамлекеттик инвестициялар программаларын ишке ашыруу; туризмди өнүктүрүү; жањы
технологияларды ишке киргизүү; экспорттук-импорттук саясат; баалуу кагаздар
рыногун өнүктүрүү; мамлекеттик статистика; монополияга каршы саясат; техникалык
жөнгө салуу.
Экономикалык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз
Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Кыргыз
Республикасынын Эсептөө палатасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика
комитети, финансылык көзјмөлдү, отчеттуулукту жана тике инвестицияларды тартууну
ишке ашыруучу органдар, Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматы,
ДЕБРА, «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» чакан кредиттик компания» акционердик коому
жана Өнүктүрүү фонду менен өз ара аракетин ишке ашырат.
Кјз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мейкиндигинде интеграциялык
саясат маселелерин жүргүзөт; соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий
кызматташтык боюнча јкмөттөр аралык комиссиялардын ишине башчылык кылат жана
координациялайт.
Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык
ведомстволордун эл аралык финансы институттары менен иштерин координациялайт.
Тейлеген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
комитеттери менен Кыргыз Республикасынын Өкмјтүнүн биргелешкен аракетин
камсыздайт.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин иш-аракетине таандык
тармактар боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин же Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн кадрдык дайындоолорун макулдашат.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри
Төмөнкү маселелерди координациялайт жана жүргүзјт: социалдык, демографиялык
жана миграциялык саясат; калкты иш менен камсыз кылуу; мамлекеттик
камсыздандыруу, социалдык кепилдиктер системасы; билим берүү жана илим; дин;
саламаттык сактоо, маданият, спорт; калкты социалдык жана тиричилик жактан
тейлөө; мамлекеттик жаштар саясаты; эл аралык маданий, билим берүү жана
гуманитардык кызматташтык; интеллектуалдык менчик; маалымат саясаты;
гуманитардык жардам берүү; Аралды сактоо боюнча Эл аралык фонддун алкагында
кызматташтыкты камсыз кылат.
Социалдык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Јкмјтүнін Кыргыз
Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик
телерадио берүү компаниясы, Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттиги,
профсоюздук жана коомдук кыймылдар, партиялар жана бирикмелер, жалпыга маалымдоо
каражаттары, диний уюмдар менен өз ара аракетин ишке ашырат.
Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий гуманитардык кызматташтык
боюнча јкмөттөр аралык комиссиялардын ишине башчылык кылат жана координациялайт.
Тейлеген маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
комитеттери менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн биргелешкен аракетин камсыз
кылат.
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин иш-аракетине таандык
тармактар боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин же Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн кадрдык дайындоолорун макулдашат.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, биринчи вице-премьер-министри
жана вице-премьер-министри тейлөөчү жана координациялоочу Кыргыз Республикасынын
министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун
жана борбордук органдарынын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2006-жылдын 7-мартындагы № 149
буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2006-жылдын 30-майындагы № 340
буйругу.
Премьер-министр А. Исабеков
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
2007-жылдын 9-мартындагы №82 буйругуна
тиркеме
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, биринчи вице-
премьер-министри, вице-премьер-министри координациялаган
жана тейлеген Кыргыз Республикасынын министрликтеринин,
мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык
ведомстволорунун жана борбордук органдарынын
тизмеси
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракетине жалпы жетекчилик жана контроль
жүргүзөт.
Төмөнкүлөрдүн иш-аракетин координациялайт:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги
6. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай
министрлиги
7. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
8. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун мамлекеттик комитети
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды
каттоо боюнча мамлекеттик агенттик
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана
технологиялар мамлекеттик агенттиги
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо
жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана
материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкүлөр менен өз ара аракетин жүргүзөт:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы
4. Кыргыз Республикасынын Шайлоолор жана референдум өткөрүү боюнча борбордук
комиссия
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги
6. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча
улуттук агенттиги
7. Кыргыз Республикасынын Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттиги
8. Кыргыз Республикасынын Бањгизатка контролдук агенттиги
9. Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы
10. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри
Төмөнкүлөрдүн иш-аракетин координациялайт:
1. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги
3. Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары
министрлиги
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик
комитети
5. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик
комитети
6. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык
ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча
мамлекеттик агенттик
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана
атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик
агенттик
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкүлөр менен өз ара аракетин жүргүзөт:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
2. Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети
4. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду
5. Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматы
6. «Ишкерликти өнүктүрүү фонду» микрокредиттик компаниясы» акционердик
коому.
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри
Төмөнкүлөрдүн иш-аракетин координациялайт:
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
3. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги
5. Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик
комитети
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү
боюнча мамлекеттик агенттик
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт,
жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик
агенттик
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкүлөр менен өз ара аракеттенүүсүн
жүргүзөт:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиокомпаниясы
3. Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттиги.
Өкмөттүн Аппаратынын
жетекчиси — министр Т.Табылдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 22-январындагы № 30 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министринин ортосунда…Распоряжение · 22.01.2008 · № 30
- КР Премьер-министринин 2008-жылдын 22-январындагы № 30 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин , биринчи вице-премьер-министринин жаша вице-премьер-министринин ортосунда…Распоряжение · 22.01.2008 · № 30 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2006-жылдын 7-мартындагы № 149 буйругуРаспоряжение · 07.03.2006 · № 149 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри 2006-жылдын 30-майындагы № 340 буйругуРаспоряжение · 30.05.2006 · № 340 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри 2006-жылдын 30-майындагы № 340 буйругуРаспоряжение · 30.05.2006 · № 340 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2006-жылдын 7-мартындагы № 149 буйругуРаспоряжение · 07.03.2006 · № 149 · Күчүн жоготкон