Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеӊешинин “Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин кээ бир ченемдик-укуктук актыларын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө” токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
2011-жылдын 13-октябры № 259 “Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин кээ бир ченемдик-укуктук актыларын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө” Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы N 114 "Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен Бишкек шаарынын өнүктүрүүгө багытталган жергиликтүү жамааттардын долбоорлорун каржылоону уюштуруу жөнүндө" жана 2009-жылдын 2-декабрындагы N 115 "Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун дем берүүчү (үлүштүк) гранттарынын эсебинен Бишкек шаарынын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду каржылоо тартиби жөнүндө" жана "Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун гранттык комиссиясы жөнүндө" жоболорду бекитүү тууралуу" токтомдоруна ылайык, Бишкек шаардык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү токтомдор күчүн жоготту деп табылсын:
- Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2004-жылдын 9-июлундагы N 235 "Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен Бишкек шаарын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду каржылоо тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө";
- Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын 2006-жылдын 10-майындагы N 2/2бт "2006-жылда дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен Бишкек шаарын өнүктүрүүгө багытталган жергиликтүү жамааттардын долбоорлорун каржылоону уюштуруу жөнүндө" биргелешкен токтому.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (А.К.Кайыпов), уюштуруу маселелери, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына (У.Т.Шабданов) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэрине (М.А.Исмаилов) жүктөлсүн.
Бишкек шаардык Кеңештин төрагасы
М.А.Аманкулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Бишкек шаардык кеӊешинин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 114 “Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен Бишкек шаарынын өнүгүүсүнө багытталган жергиликтүү жамааттардын долбоорлорун…Постановление · 02.12.2009 · № 114
- Постановление Бишкекского городского кенеша депутатов от 9 июля 2004 года № 235 "Об утверждении Временного Положения о порядке финансирования проектов, направленных на развитие…Постановление · 09.07.2004 · № 235 · Күчүн жоготкон