Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеӊешинин “Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен Бишкек шаарынын өнүгүүсүнө багытталган жергиликтүү жамааттардын долбоорлорун каржылоону уюштуруу жөнүндө” токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2009-жылдын 2-декабры № 114 “Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен Бишкек шаарынын өнүгүүсүнө багытталган жергиликтүү жамааттардын долбоорлорун каржылоону уюштуруу жөнүндө” Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен Бишкек шаарынын өнүгүүсүнө багытталган жергиликтүү жамааттардын долбоорлорун каржылоону уюштуруу максатында, Бишкек шаардык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөндөгүлөр бекитилсин:
- гранттын каражаттарын өткөрүп берүүгө жана максаттуу пайдаланууга гранттык макулдашуунун формасы (1-тиркеме);
- грант алуучулар тарабынан жыйынтыктоочу отчетту берүү үчүн тийиштүү документтердин тизмеги (2-тиркеме);
- долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча форма (3-тиркеме);
- Бишкек шаарынын мэриясынын гранттык комиссиясынын курамы (4-тиркеме);
- дем берүүчү (үлүштүк) грантты алууга табыштаманын формасы (5-тиркеме);
2. Бишкек шаарынын мэриясы:
- Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиги (Косумбаев Д.О.) Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациялары (Осмоналиев А.Ш., Салиев С.С., Алиев А.Т., Чылабаева А.Т.) жана Бишкек шаардык кеңештин райондук (Рыскулов Э.Р., Шин С.Р., Акназарова Р.К.,
Алимбеков Н.К.) менен бирдикте жергиликтүү жамааттардын долбоорлорунун сынагын даярдоо жана өткөрүү, жеңүүчүлөрдү жана долбоорлорду ишке ашыруу мониторингин каржылоо боюнча ишти уюштурсун;
- гранттык каржылоону изденүүгө жергиликтүү жамааттардын долбоорлорунун ачык сынагы жөнүндө кулактандырууну массалык-маалымат каражаттарына жарыяласын;
- дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен жергиликтүү жамааттардын долбоорлорун каржылоо жөнүндө кеңири таркатууну камсыз кылсын;
- жергиликтүү жамааттардын долбоорлорун каржылоо процессин маалыматтык, консультациялык жана эксперттик колдоону туруктуу негизде жүзөгө ашырсын.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2010-жылдын 3-декабрындагы N 204 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бишкек шаардык каржы башкармалыгы (Оскомбаев М.К.) дем берүүчү (үлүштүк) гранттарга шаардын бюджетинде каралган каражаттардын эсебинен:
- жергиликтүү жамааттардын долбоорлорун каржылоо процессин алар тарабынан долбоордук табыштамаларды, уюштуруу, техникалык, маалыматтык, консультациялык, эксперттик колдоо менен гранттык каржылоону изденүүгө жергиликтүү жамааттардын долбоорлорунун ачык сынагын уюштуруу, арыз берүүчүлөргө алардын долбоордук табыштамаларын даярдоо боюнча көмөк көрсөтүү, жергиликтүү жамааттардын долбоорлорун каржылоо, баалоо жана уюштуруу, техникалык, маалыматтык, консультациялык жана эксперттик процессин колдоо жана долбоорлорду ишке ашыруу мониторинги менен байланышкан Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттигинин базасында жүргүзүлүүчү иш чараларды каржылоону камсыз кылсын;
- гранттык комиссиянын чечимине ылайык гранттык каржылоону издөөгө ачык сынакта жеңип чыккан жергиликтүү жамааттардын долбоорлорун каржылоону камсыз кылсын.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2010-жылдын 3-декабрындагы N 204 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.А.Аманкуловго жана уюштуруу маселелери, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Т.Шабдановго жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри М.А. Исмаиловго жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңештин төрагасы
А.Э.Суракматов
Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы N 114 Токтомуна 1-тиркеме
№_ грант каражаттарын максаттуу пайдалануу жана өткөрүп берүүгө
ГРАНТТЫК МАКУЛДАШУУ
Бишкек шаарынын мэриясы, (мындан ары "Грант берүүчү")_____________________________________________________________________________________________ негизинде иштеп жаткан _____________________________________________________________________________________________________________________________ атынан бир жактан, жана _____________________________________________________________________________________________________________________________ (уюмдун толук аты көрсөтүлөт) ______________________________________________________________________________________________________________________________ негизинде иштеп жаткан (жактын иш кагаздары жана маалымдаректери көрсөтүлөт - устав, ишеним кат, ж.б.) ___________________________________________________________________________________________________________________________________________ атынан ("Грант берүүчү" тарабынан Макулдашууга кол коючу өкүлдүн аты жана кызмат орду көрсөтүлөт) мындан ары "Грант алуучу" башка жагынан, бул макулдашуу төмөндөгүлөр жөнүндө түзүлдү:
1. МАКУЛДАШУУ НЕГИЗИ
1.1. Гранттык макулдашуу (мындан ары Макулдашуу) Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун гранттык комиссиясынын 200_ ж. "___"___ N__ дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен жергиликтүү жамааттардын долбоорлорун каржылоодо карап чыгуу жана иш жүзүнө ашырууда тандап алуу чечиминин негизинде жана 200_ ж. "___"____ N __ Бишкек шаардык кеңешинин токтому менен бекитилген дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен Бишкек шаарын өнүктүрүүгө багытталган жергиликтүү жамааттардын долбоорлорун каржылоону уюштуруу жөнүндө абалына ылайык түзүлдү.
1.2. Бул макулдашуу негизи болуп 200_ ж. Грант алуучуга ____________________________________________________________(долбоордун аталышы) долбоорун ишке ашырууга аныкталган Грант берүүчү менен берилген_________________________________________________________
(___________________________________________________________________________) сом суммадагы дем берүүчү (үлүштүк) гранты эсептелет.
1.3. Грант берүүчү Грант алуучуга акча каражаттарын (мындан ары Грант) өткөрүп берет, ал эми грант алуучу N _____________ табыштамада жана бул Макулдашууда жана анын тиркемелеринде белгиленген максаттарга, шарттарга, тартипке ылайык Грант алууга жана аны ишке ашырууга милдеттенет.
1.4. Гранттын иштөө мөөнөтү _______________________________________________________________________________________________________________________
2. ГРАНТТЫН МАКСАТТАРЫ
2.1. Гранттын негизги максаттары болуп ______________________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________________________________________________ саналат. Гранттын кеңири максаттары тараптар менен толук макулдашылган N __ табыштамада жана толук баяндалып жазылган календардык иш планында макулдашылган жана бул макулдашуунун бөлүнгүс бөлүгү болуп саналат. Иштин календардык планы Грант алуучу тарабынан бир тараптуу тартипте өзгөртүлүшү мүмкүн эмес.
3. ГРАНТТЫН КУРАМЫ
3.1. Гранттын курамына бекитилген Гранттын бюджети катары (Макулдашууга тиркелүүчү Грант боюнча чыгымдардын сметасы) ___________________________________________________________________________________________________________________________
(Грант алуучуга өткөрүлүүчү акча каражаттарынын суммасыжазылып көрсөтүлөт) өлчөмдөгү акча каражаттары кирет. Грантты максаттуу каржылоо графиги жана тартиби Макулдашууга тиркелет.
4. ГРАНТ БЕРҮҮЧҮНҮН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРИ
4.1. Грант берүүчү Грант алуучуга бул Макулдашууда жана анын тиркемелеринде белгиленген шарттарга ылайык өз убагында Грантты толук көлөмдө, белгиленген мөөнөттө өткөрүп берүүгө милдеттендирилет. Грант берүүчү көрсөтүлгөн шарттарды бир жактуу тартипте өзгөртүүгө укугу жок.
4.2. Грант берүүчү Грант алуучунун бул Макулдашууну ишке ашырууга байланыш болгон иш-аракетине кийлишүүгө укугу жок. Грант алуу табыштамасында жана бул Макулдашуу жана анын тиркемелери менен бекитилген иш чараларында көрсөтүлгөн Грант алуучунун ишине кийлигишилбеген болуп эсептелет.
4.3. Грант берүүчүнүн ыктыярына байланыштуу Грант берүүчү Грант алуучудан Грант каражаттарын ишке ашыруу тууралу финансылык, мазмундук жана башка отчеттуулукту же башка маалыматтарды талап кылууга укуктуу.
5. ГРАНТ АЛУУЧУНУН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ
5.1. Грант алуучу Грантты N ____ табыштамасында жана бул Макулдашууда белгиленген максаттарга колдонууга милдеттендирилет.
5.2. Грант алуучу чыныгы Макулдашууда белгиленген мөөнөттө жана толук көлөмдө календардык иш планында аныкталган иш чараларды иш жүзүнө ашырууга милдеттендирилет.
5.3. Грант алуучу чыныгы Макулдашууда бекитилген чыгымдар статьясынын дайындоосуна өз каалоосу боюнча өзгөртүүгө укугу жок.
5.4. Грант алуучу долбоордун түзүлүшүнүн жана чыгымдар сметасынын макулдашылган чегинде (N ___ табыштаманы кара), алдын ала каралган календардык иш планында, ишти аткаруу үчүн өз ыктыяры боюнча үчүнчү жакты катыштырууга укуктуу.
5.5. Грант алуучу Грант каражаттарын коммерциялык, саясаттык жана диндик максаттарга пайдаланбоосуна милдеттендирилет.
5.6. Эгерде бул Макулдашуунун ишке ашыруу жыйынтыгында Грант алуучу пландалбаган артыкчылыктарды жана акча каражатында же мүлктө белгиленген кирешелерди алса токтоосуз Грант берүүчүнү билдириш керек, ал болсо өз ирети менен алынган боюнча чечим кабыл алат.
5.7. Грант алуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талабына ылайык бухгалтердик эсеп, бухгалтердик жана салыктык отчеттуулукту жүргүзөт.
6. ОТЧЕТТУУЛУК ЖАНА КОНТРОЛЬ
6.1. Календардык иш планында алдын ала каралган Грантты пайдалануунун жана ишти аткаруунун төмөнкү отчеттуулук формалары коюлат:
6.1.1. Календардык иш планында алдын ала каралган ишти аткаруунун кезектеги (арадагы) жана жыйынтыктоочу кол жазма отчеттору:
а. Кезектеги (арадагы) кол жазма отчеттору _____________________________________________________________________________________________________ берилет
(мезгилин көрсөтүү)
б. Жыйынтыктоочу (мазмундуу) кол жазма отчеттору _____________________________________________________________________________________ кеч эмес берилет.
(мөөнөтү көрсөтүлөт)
6.1.2. Берилген Грант каражаттарынын колдонулушу жөнүндө жыйынтыктоочу (мазмундуу) финансылык кол жазма отчеттору:
а. Кезектеги (арадагы) финансылык кол жазма отчеттору _______________________________________________________________________________________ берилет.
(убакытын көрсөтүү)
б. Жыйынтыктоочу финансылык кол жазма отчеттору ___________________________________________________________________________________ кеч эмес берилет.
(мөөнөтү көрсөтүлөт)
6.2. Финансылык каражаттарды жана мүлктү пайдалануунун, аны менен бирге ишти аткаруунун кезектеги жана жыйынтыктоочу контролдоо, чыныгы Макулдашуунун 6.1. пунктунда көрсөтүлгөн отчеттордун негизинде Грант берүүчү иш жүзүнө ашырат жана Грант берүүчү тарабынан ыйгарым укуктуу болгон жак же уюм мониторинг жүргүзөт.
7. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ
7.1. Тараптар Кыргыз Республикасынын закон чыгаруу мыйзамына ылайык чыныгы Макулдашуу боюнча өздөрүнүн милдеттерин айыптуу ылайыксыз аткарбагандыгы үчүн мүлктүк жоопкерчиликке тартылат.
8. БУЛ МАКУЛДАШУУНУН ИШТӨӨ МӨӨНӨТҮ
8.1. Бул макулдашуу эки тараптын кол коюларынан кийин күчүнө кирет.
8.2. Бул макулдашуу мөөнөтүнөн мурда күчүн жок кылуу мүмкүн:
8.2.1. Тараптардын макулдашуусу;
8.2.2. Бул макулдашуунун 10.1 пунктта каралган сот органынын чечими менен;
8.2.3. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун гранттык комиссиянын (мындан ары гранттык комиссиянын) чечими менен.
8.3. Бул макулдашуу мөөнөтүнөн мурда токтотулган болсо, Грант алуучу бул макулдашуунун VI бөлүмүндө белгиленген тартипте чынында алынган акча каражаттарынын жана мүлктүн пайдаланылгандыгы жөнүндө отчет берет. Гранттын колдонулбаган каражаттарын кайтарып берүү же болбосо Гранттын бардык суммасын чакырып алуу чечими Грант берүүчүнүн гранттык комиссиясынын жыйынтыгынын негизиңде кабыл алынат.
9. БУЛ МАКУЛДАШУУНУН ШАРТТАРЫН ӨЗГӨРТҮҮ ЖАНА ТОЛУКТОО
9.1. Бул макулдашуунун шарттарын өзгөртүү жана толуктоо протокол түрүндө жазуу формасында жол жоболоштурулган тараптардын макулдашуусу менен жүргүзүлөт.
9.2. Грант алуучунун абалын начарлатуучу бул макулдашуунун шарттарын өзгөртүүгө жана толуктоого жол берилбейт.
10. ТАЛАШТАРДЫ ЧЕЧҮҮ
10.1. Бул макулдашуу боюнча бардык талаштар Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык чечилет.
11. КОШУМЧА ШАРТТАР
11.1._____________________________________________________________________________________________________________________
12.2.______________________________________________________________________________________________________________________
Бул Макулдашуу эки экземплярда түзүлөт, бирден экземпляры Грант берүүчүтө жана Грант алуучуга.
12. БУЛ МАКУЛДАШУУГА ТИРКЕМЕЛЕР
12.1. Эгер Грант берүүчү тарабынан бекитилген төмөнкү тиркемелер бар болсо, бул макулдашуу анык жана юридикалык күчү бар:
12.1.1. Грант алууга N __ табыштама;
12.1.2. Грантты ишке ашыруу боюнча календардык иш план;
12.1.3. Грант боюнча чыгымдар сметасы;
12.1.4. Грантты максаттуу каржылоонун тартиби жана графиги
12.1.5. ___________________________________________________________________________________________________________
12.1.6. ___________________________________________________________________________________________________________
12.1.7. ___________________________________________________________________________________________________________
ТАРАПТАРДЫН ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕГИ ЖАНА БАШКА РЕКВИЗИТТЕРИ
ГРАНТ БЕРҮҮЧҮ
ГРАНТ АЛУУЧУ
Бишкек шаарынын мэриясы 720000, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй проспекти, 166
_____________________________ _____________________________ _____________________________
200_ ж. "____"_______ _____________________________
200_ ж. "____"_______ _____________________________
м.о.
колу
м.о.
колу
Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы N 114 Токтомуна 2 тиркеме
Грант алуучулардын жыйынтыктоочу отчетун берүү үчүн тийиштүү документтердин тизмеги
1. Арыз берүүчүдөн (Грант алуучудан) - уюмдардан долбоорду жабуу жөнүндө кат.
2. Долбоордун ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча отчет (долбоордун продуктылардын үлгүлөрү тиркеме менен же продуктыларынын сүрөттөрү жана долбоордун жыйынтыгы жазылган).
3. Аткарылган иштердин кабыл алуу акты (курулуш жана оңдоо иштери үчүн).
4. Финансылык отчет жана иш кагаздар:
- грант алуучунун банктан берилген эсептеги акча каражаттары жөнүндө көчүрмө;
- грант алуучунун акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө маалымат;
- долбоор боюнча мобилизацияланган ресурстардын киргизилгендигин жана өздүк каржылоону далилдөөчү документтер;
- грант алуучу тарабынан долбоорду ишке ашыруу боюнча түзүлгөн келишимдердин көчүрмөлөрү;
- грант алуучу тарабынан сатылып алынган товарларынын счет-фактураларынын көчүрмөлөрү (грант алуучунун долбоордо өз алдынча аткарылган иштери боюнча);
- эмгек келишимдердин жана кызмат акылардын ведомостторунун көчүрмөлөрү (грант алуучунун долбоордо өз алдынча аткарылган иштери боюнча);
- Грант алуучунун долбоорго тиешеси болгон башка финансы документтери.
5. Гранттык каржылоо механизмин жакшыртуу боюнча анкета.
Грант алуучу тарабынан жыйынтыктоочу отчетту иштеп чыгуу жана өткөрүп берүү мөөнөттөрү Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун гранттык комиссиясынын секретары тарабынан белгиленет.
Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы N 114 Токтомуна 3 тиркеме
Долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча отчет
_________________________________________________________________________________________________________________________ Бишкек шаарынын дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылануучу Долбоордун рег. N ___________________ Архив берүүчү-уюм ___________________________________________________ Жоопту аткаруучунун Ф.И.О. ________________________________________________________________________________________________
1. Эмне иш аткаруу керектиги пландалган (сынакка берилген табыштамага ылайык):
- негизги иш чараларды санап чыгуу;
- долбоордун жалпы наркын, каржылоо наркын, гранттын наркын көрсетүү.
2. Эмне иш аткарылды (факт боюнча):
- салымдын мүнөзүн жазуу (теңкарылоо жана мобилизацияланган ресурстар);
- ишке ашырылган иш чараларды кеңири санап чыгуу.
3. Эмне иш аткарылган жок (эгер болсо):
- санап чыгуу;
- аткарылбагандыгынын себебин көрсөтүү;
- аткарылбагандарды иштеп бүтүрүү боюнча сунуштар;
4. Эмне алынды (жыйынтыгында):
- жетишкен жыйынтыктар;
- долбоорду ишке ашыруудан жетишкен/узак мөөнөттүү натыйжа;
- сандык жана сапаттык көрсөткүчтөр.
5. Кошумча маалымат.
6. Тыянакттар жана корутундулар.
Долбоорду ишке ашырууда өзүмө алынган жоопкерчилигиме ылайык, билдиребиз:
- 200_ жылы Бишкек шаардык Мэриясы тарабынан бөлүнүп берилген дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен _________ (суммасы көрсөтүлөт) сом, максаттуу багыты боюнча пайдаланылды/пайдаланылган жок;
- __________ (каражаттын мүнөзүн жазуу, мисалы: үй жашоочуларынын/ ижара/жабдуулар/материалдар/ж.б. каражаттар) _______ сом (суммасы көрсөтүлөт) өлчөмдө өздүк каражат киргизилди;
- долбоор боюна көрсөтүлгөн жана жазылган бардык иш-чаралар аткарылды/аткарылган жок;
- гранттык макулдашуунун шарттары сакталды/сакталган жок;
- долбоор тарабынан көрсөтүлгөн милдеттер жана күтүлгөн жыйынтыктар жетишилди/жетишилген жок;
- долбоорду ишке ашыруу убагында тартип бузуулар болгон жок/болду (кандай, көрсөтүлөт).
________________________ уюмдун жетекчисинин Ф.И.О
_______________ колу
________________________ жооптуу жактын Ф.И.О.
______________ колу
_________________________ Долбоордун бухгалтеринин Ф.И.О "____" ____________ 200_ ж. МО
______________ колу
Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы N 114 Токтомуна 4-тиркеме
Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун гранттык комиссиясынын курамы
1. Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри, комиссиянын төрагасы
2. Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, төраганын орун басары -
3. Бишкек шаарынын мэриясынын жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү агенттигинин директору, комиссиянын секретары.
Комиссиянын мүчөлөрү:
4. Бишкек шаардык кеңештин уюштуруу маселелери, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы.
5. Бишкек шаардык кеңештин Октябрь райондук аймактык депутаттык топтун жетекчиси
6. Бишкек шаардык кеңештин Ленин райондук аймактык депутаттык топтун жетекчиси
7. Бишкек шаардык кеңештин Свердлов районунун аймактык депутаттык топтун жетекчиси
8. Бишкек шаардык кеңештин Биринчимай райондук аймактык депутаттык топтун жетекчиси.
9. Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси
10. Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси
11. Бишкек шаардык каржы башкармалыгынын началниги
12. Бишкек шаарынын мэриясынын жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча агенттигинин бөлүм башчысы
Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы N 114 Токтомуна 5-тиркеме
№ 1 Форма
№
Дем берүүчү (үлүштүк) гранты алууга табыштама Долбоордун аталышы
Арыз берүүчү-уюм
Уюмдун менгичинин формасы
Юридикалык статусу
Уюмдун реквизиттери (юридикалык жана почта дареги, телефондору)
Банктык реквизиттери:
Банк
Счеттунун №
Уюмдун жетекчиси (Ф.А.А., кызматы) телефондору
______________________________________________
Долбоордун жетекчиси (Ф.А.А., кызматы) телефондору
______________________________________________
Долбоордун бухгалтери (Ф.А.А.) телефондору
______________________________________________
Долбоордун жалпы бюджети
Суралган гранттын суммасы
Тең каржылоо
дан
Суммада
Мобилизацияланган Ресурстар
дан
суммада
Долбоорду ишке ашыруу жери (так дареги):
Долбоордун мөөнөтү (айда)
Долбоордун аяктагандыгы боюнча продуктылардын баланстык таандыгы (объект, жабдуулар ж.б.)
табыштаманы берүү датасы жана убагы
Долбоордун керектүү документтерин толуктоого долбоорду ишке ашыруу боюнча жана баардык отчетторду берүү Грант берүүнүн талаптарын аткарууга милдеттенем Арыз берүүчүнүн колу___МО
уюм-арыз берүүчүнүн башкаруучусунун колу_______________МО
Долбоордун жетекчисинин колу______________________МО
Тиркемелер:
1. Паспорттордун көчүрмөсү
- мекеменин жетекчиси,
- долбоордун жетекчиси,
- долбоордун бухгалтери
Кошумча: ___________________________________________________ ___________________________________________________ ___________________________________________________ ____________________________________________________ ____________________________________________________
2. Арыз берүүчү уюмдун каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү
3. Арыз берүүчү уюмдун Уставынын (Жобо) көчүрмөсү
4. Уюмдун финансылык абалы боюнча банктын справкасы, анын ичинде банктын аталышын көрсөтүү менен, анын дареги, байланыш жактын Ф.А.А., счеттун №
5. Долбоордун жана долбоордук иш чаралардын баяндамасы
6. Тең каржылоо жана мобилизацияланган ресурстар боюнча тастыктоочу документтер:
Кепилдик кат, Жашоочулардын чогулушунун протоколу (конкреттү долбоорду ишке ашыруу жөнүндө, Дем берүүчү (үлүштүк) грант каражаттар учун кайрылуусу жөнундө, тең каржылоосуна Каражаттарды чогутуу чечими жөнүндө). Тең каржылоо каражаттарын чогултуу ведомостун же башка документтерин тастыктоочу тең каржылоо.
7. Ремонттор үчүн-ремонттолуучу объект боюнча дефектөө актысы.
8. Өнөктөш долбоорлор үчүн-өнөктөр ортосундагы келишимдер жана макулдашуулар.
9. Курулуп жаткан объекттер үчүн-уруксат берүүчү документтер жана долбоорлор
10. Тастыктоочу бюджеттик эсептер (сметалар, прайс-баракчалар, жабдууларды же кызматтардын жеткирүүчүдөн эсептер ж.б.) 3 уюмдан жеткирүүчүлөрдөн (подрядчик) кем эмес.
11. Долбоордун жетекчисинин жана жумушчу тобунун резюмелери
12. Подрядчыларды жана жеткирүүчүлөрдү тандоо жөнүндө протоколу
13. Уюмдун кыскача долбоордук жана гранттык тарыхы
14. Коомдук ишмерлердин жана уюмдардын колдоо каты.
15. Долбоорду ишке ашырууга чейин объектин сүрөтү
─────────────────────────────────────────────────────────
16. Долбоор боюнча финансылык жана мазмундуу отчету (жеңип чыккан долбоорлор үчүн)
17. Долбоорду ишке ашыруудан кийин объектин сүрөтү (жеңип чыккан долбоорлор үчүн).
Баардыгы
документ
Баракта кабыл алынды
Документ пакетин толугу м-н кабыл алуу датасы
Арыз берүүчүнүн колу МО
Долбоор боюнча толук отчетту кабыл алуу күнү
Табыштаманы кабыл алуучу кызматкердин колу
Отчетту кабыл алган кызматкердин колу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Ош шаардык кеңешинин 2014-жылдын 24-декабрындагы № 241 “Сойкулукка каршы шаарда жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө” токтомуПостановление · 24.12.2014 · № 241
- Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 20 "Бишкек шаардык кеңештин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.04.2013 · № 20
- Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 09-июнундагы № 19 "Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 114 «Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен Бишкек шаарынын…Постановление · 09.06.2017 · № 19
- Бишкек шаардык кеӊешинин 2011-жылдын 13-октябрындагы № 259 “Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин кээ бир ченемдик-укуктук актыларын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө” токтомуПостановление · 13.10.2011 · № 259