Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын « Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2007-07-09.
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
(Кыргыз Республикасынын
2007-жылдын 9-июлундагы №98
Мыйзамына ылайык)
Бишкек шаары
1998-жылдын 3-февралы № 11
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Спиртти жана алкоголдук продукцияны
өндүрүүгө, сактоого жана сатып өткөрүүгө
мамлекеттик монополия жөнүндө
1998-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл
алынган
(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 9-январындагы № 2
Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатып
өткөрүүгө мамлекеттик монополия ушул Мыйзам жана анын негизинде кабыл
алынуучу укук ченеминдеги актылар тарабынан мамлекеттик жөнгө салуу ме-
нен камсыз кылынат.
Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатып
өткөрүүгө натыйжалуу мамлекеттик контролду камсыз кылуу, спиртти жана
алкоголдук продукцияны өндүрүүдөн жана сатып өткөрүүдөн түшүүчү салык-
тарды жыйноонун толуктугун камсыз кылуу, сапатсыз жана жасалма алкогол-
дук продукцияларды сатуудан рынокту арылтуу ушул Мыйзамдын максаты бо-
луп саналат.
Бул Мыйзамда колдонулуучу терминдер төмөнкүдөй түшүнүлөт:
алкоголдук продукция - ликер-арак ичимдиктери, коньяктар (бренди),
кальвадостор, жүзүм шарабы, шампан жана мөмө-жемиш суусундуктары жана
көлөмүндө этил спиртинин үлүшү тогуз проценттен ашкан башка тамак-аш
продукциясына ушул Мыйзамдын иш аракети жайылтылат;
спиртти жана алкоголь продукциясын жүгүртүү - спиртти жана алко-
голь продукциясын дүњ жана чекене сатуу, экспорттоо, импорттоо, берүү
жана сатып алуу;
спирт - ректификтелген этил спирти, тазаланбаган жүзүм, мөмө спир-
ти, шарап материалдарын кайнатып бөлүп алуунун натыйжасында алынган жа-
на алкоголь ичимдиктерин даярдоодо пайдаланылуучу коньяк спирти;
гидролизденген сульфиттик жана синтетикалык этил спирти - техника-
лык максаттар үчүн гана арналат;
ликер-арак ичимдиктери - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо
министрлиги тарабынан уруксат берилген тамак-аш чийки затынан, анын
ичинде тамак-аш кошулмаларынан алынуучу ректификтелген этил спиртин
аралаштыруунун натыйжасында алынган арак жана башка ичимдиктер;
коньяк (бренди) - өзүнө мүнөздүү жыты жана даамы бар, кеминде 3
жыл тындырылган коньяк спиртинен даярдалган күчтүү алкоголдук ичимдик;
кальвадос - өзүнө мүнөздүү жыты жана даамы бар, тындырылган алма
спиртинен даярдалган күчтүү алкоголдук ичимдик;
жүзүм шарабы - ректификтелген этил спиртин кошуп же кошпостон,
ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин
уруксат кылган кошулмаларды аралаштыруу менен жањы, кургатылган же жа-
рым-жартылай кургатылган жүзүм ширесин толук же жарым-жартылай ачытуу
жолу менен алынуучу ичимдик;
шампан - эндогендик жол менен көмүр кычкыл газга байытылып жана
белгилүү мөөнөткө (6 айдан 3 жылга чейин) тындырылып, шишелер менен
атайын идиштерге кайталап ачытуу аркылуу атайын технология боюнча алын-
ган жүзүм шарабы;
алкоголдук мөмө ичимдиктери - жањы мөмөлөрдүн кант кошулган шире-
сине же тобуна ректификтелген этил спиртин жана Кыргыз Республикасынын
Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан уруксат берилген кошулмаларды
кошуп ачытуунун натыйжасында алынуучу ичимдиктер.
1-статья. Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүү, сактоо жана
сатып өткөрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик монополия жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүү, сактоо жана сатып
өткөрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик монополия жөнүндө Кыргыз Республикасы-
нын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамынан жана ушуга ылайык
бастырып чыгарылуучу мыйзам актыларынан турат.
2-статья. Мамлекеттик монополия жайылтылган алкоголдук продукция
Мамлекеттик монополия жайылтылган алкоголдук продукцияга тамак-аш
чийки заттарынын бардык түрлөрүнөн (ректификтелген этил, тазаланбаган
жүзүм, мөмө, коньяк) алынган спирттер, тогуз проценттен жогорку этил
спиртинин үлүшүнүн көлөмүн камтыган ликер-арак ичимдиктери, коньяктар
(бренди), кальвадостор, жүзүм шараптары, шампан жана мөмө ичимдиктери,
ошондой эле техникалык максаттар үчүн (гидролизделген жана синтетикалык
этил) спирттер кирет.
3-статья. Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого
жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополияны камсыз кы-
луучу чаралардын тутуму
Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатып
өткөрүүгө мамлекеттик монополия атайын чаралардын тутуму:
спиртти эркин өндүрүүгө, сактоого жана сатып өткөрүүгө тыюу салуу;
алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти лицензия-
лоо;
спиртти майдалап куюп саткан аптека мекемелеринин тармагын кошпо-
гондо, этил спиртин чекенелей сатууга тыюу салуу;
алкоголдук продукцияларды экспорттоону жана импорттоону лицензия-
лоо;
этил спиртинин жана алкоголдук продукциянын сатуу бааларын жөнгө
салуу;
спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү
чөйрөсүндө мамлекеттик стандарттарды, техникалык шарттарды, ченемдерди
жана эрежелерди белгилөө;
спирттин жана алкоголдук продукциянын сапатына мамлекеттик конт-
ролду жүзөгө ашыруу;
спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү жаатында
мамлекеттик эсепти жана отчеттуулукту уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;
спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүү, сактоо, ташуу жана
сатып өткөрүү чөйрөсүндө керектөөчүлөрдүн жана ата мекендик товар
өндүрүүчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуучу чаралардын комплексин
жүзөгө ашыруу аркылуу иш жүзүнө ашырылат.
Жогоруда саналган бардык чараларды көрүү Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн компетенциясына таандык.
4-статья. Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүү
Этил спирти мамлекеттик ишканаларда гана чыгарылат, ал эми ли-
кер-арак ичимдиктери мамлекеттик ишканаларда жана акцияларынын контрол-
дук пакети мамлекетке таандык болгон ишканаларда чыгарылат.
Алкоголдук продукцияны (ликер-арактан башкасын) өндүрүү мамлекет-
тик ишканалар, ошондой эле мындай продукцияны өндүрүү үчүн лицензиясы
жана шарттары бар, белгиленген санитардык-гигиеналык ченемдер менен
эрежелерди канааттандырган менчигинин түрү башка уюмдар тарабынан
жүзөгө ашырылат.
5-статья. Алкоголдук продукция даярдоо үчүн спиртти пайдаланууга
тыюу салуу
Алкоголдук продукцияны даярдоо үчүн:
- ченемдик документтер тарабынан белгиленген талаптарга жооп бер-
беген;
- тамак-ашка кирбеген чийки заттардан алынган спиртти пайдаланууга
тыюу салынат.
Тамак-ашка кирбеген спиртти жүгүртүү Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн же ал ыйгарым укук берген органдын контролу астында жүргүзү-
лөт. Тамак-ашка кирбеген спирттин ченемдик документтердин талаптарына
ылайык келишине баа берүү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо ми-
нистрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Стандартташ-
тыруу жана метрология боюнча мамлекеттик инспекция тарабынан жүзөгө
ашырылат. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мам-
лекеттик бажы инспекциясы республиканын бажы аймагына тамак-ашка кирбе-
ген спирттин иш жүзүндө келип түшүүсү жөнүндө маалымдоого милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 9-январындагы N 2 Мыйзамынын
редакциясына ылайык)
6-статья. Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнүн
көлөмдөрүн декларациялоо
Чарба жүргүзүүчү субъекттер акциздердин келип түшүшүнө жана ишка-
налар тарабынан жүзөгө ашырылуучу башка милдеттүү төлөмдөрдүн жыйынтык-
тоочу контролун жүргүзүү максатында мамлекеттик контролдоочу органдарга
спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнүн жана анын сатылып
өткөрүлбөгөн корлорунун көлөмдөрү жөнүндө жыл сайын маалымат (деклара-
ция) берип турат. Алкоголдук продукцияны бардык ары-бери ташуулар бел-
гиленген коштоо документтери болгондо гана жүргүзүлүүгө тийиш.
7-статья. Лицензия бергендик үчүн акы төлөө
Алкоголдук продукцияны өндүрүүнү, сактоону жана жүгүртүүнү жүзөгө
ашыруучу ишканаларга лицензияларды бергендик үчүн акы төлөө Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзам актылары тарабынан белгиленет.
8-статья. Лицензияны үчүнчү жактарга берүүгө тыюу салуу
Алынган лицензиялар үчүнчү жактарга берилүүгө тийиш эмес.
9-статья. Алкоголдук продукцияны сатуучу ишканалардын милдеттери
Алкоголдук продукцияны сатуучу ишканалар мамлекеттик стандарттар-
дын талаптарына, ошондой эле ага коюлуучу башка милдеттүү талаптарга
ылайык келүүчү гана продукцияны сатып өткөрүүгө милдеттүү, ал сапат
жөнүндө сертификат тарабынан ырасталат. Сатып алуучулардын талабы боюн-
ча продукцияны сатуучулар даярдоочу ишкана жөнүндө зарыл болгон жана
ынанымдуу маалыматты берүүгө, ошондой эле "Керектөөчүлөрдүн укуктарын
коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тарабынан коюлуучу башка
талаптарды аткарууга милдеттүү.
Алкоголдук продукцияны сатууну уюштурууга жана жүргүзүүгө контрол-
дук кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик башка-
руунун аймактык органдары, сооданын, санитардык-эпидемиологиялык конт-
ролдун, стандартташтыруунун жана метрологиянын контролдоочу органдары
тарабынан жүзөгө ашырылат.
10-статья. Акциз салыгы
Акциз салыгынын ставкалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушу
боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан жыл сайын беки-
тилет.
Кыргыз Республикасында акциз салыгынын жыйымдарынын толуктугун,
акциз салыгы алынуучу товарлардын жашыруун ташылып келинишин жана саты-
лып өткөрүлүшүнө жол бербөө максатында алкоголдук продукцияны акциз
маркаларын колдонуусуз сатып өткөрүүгө тыюу салынат.
Акциз маркаларын колдонуунун тартиби, акциз жыйымынын маркаларынын
үлгүлөрү жана маркалардын наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан
белгиленет.
11-статья. Спиртти жана алкоголдук продукцияны импорттоону мамле-
кеттик жөнгө салуу
Спиртти жана алкоголдук продукцияны импорттоону мамлекеттик жөнгө
салуу өзүнө:
- спиртти жана алкоголдук продукцияны контракт боюнча лицензиялоо-
ну;
- импорттолуучу продукциянын сапатын контролдоону;
- импорттук спиртке жана алкоголдук продукцияга акциз салыгын бел-
гилөөнү;
- коньяк спиртин жана коньяк менен шампанды өндүрүү үчүн арналган
шарап материалдарын албаганда спиртти жана алкоголдук продукцияны им-
порттоонун көлөмдөрүнө квота берүүнү камтыйт.
Спиртке жана алкоголдук продукцияга квота берүүнүн жана алардын
көлөмдөрүн аныктоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан
белгиленет.
12-статья. Спиртти дүњүнөн соодалоо
Ата мекендик жана импорттук өндүрүүдөгү спиртти импорттоо жана
дүњүнөн соодалоо тиешелүү лицензиясы жана ылайык келүү сертификаты бол-
гондо ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген
адистештирилген мамлекеттик ишканалар тарабынан гана жүзөгө ашырылат.
13-статья. Алкоголдук продукцияны сатып өткөрүүнү мамлекеттик
жөнгө салуу
Ата мекендик жана импорттук өндүрүүдөгү алкоголдук продукцияны са-
тып өткөрүү атайын уруксаты (лицензиясы) болгондо чет өлкөлүк инвести-
циялары бар соода ишканаларын кошо алганда ишканалар тарабынан менчиги-
нин түрүнө карабастан жүзөгө ашырылат.
Соода жана коомдук тамактануу ишканаларында алкоголдук продукцияны
сатуу жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана Бишкек шаарынын
жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун органдары көрсөткөн, ченем-
дик-укуктук актылардын талаптарына жооп берген жерлерде жүргүзүлөт.
Спирт ичимдиктерин:
- балдар, окуу, алдын алуу-дарылоо мекемелеринде жана ага жанаша
жайгашкан аймактарда;
- медициналык-биологиялык жана башка ченемдик талаптарга сапаты
боюнча жооп бербеген учурда;
- даярдаган ишкананы табууга мүмкүндүк берүүчү даана маркасы бол-
босо;
- ченемдик документтерге ылайык келбеген идиште жана акциз марка-
лары жок болсо, соодалоого тыюу салынат.
14-статья. Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого
жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жөнүндө Кыр-
гыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкер-
чилик
Спиртти жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүгө, сактоого жана
сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жөнүндө Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарын бузгандык үчүн кызмат адамдары жана граждандар Кыргыз Рес-
публикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык административдик, кыл-
мыш-жаза жоопкерчилигин тартат.
15-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө
1. Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ченемдик актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө сунуш
даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине киргизсин;
- өз чечимдерин ушул Мыйгамга ылайык келтирсин;
- ушул Мыйзамдан келип чыккан финансылык жана башка уюштуруу масе-
лелерин чечсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти А.Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 39 · байланышкандар: 14
Цитата келтиргендер (39)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Спирт жана алкоголь продукциясын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын…Положение · 19.07.2006 · № 519
- Устав государственного предприятия "Алкопром" (Утвержден постановлением Правительства Кыргызской Республики от 19 июля 2006 года N 519)Устав · 19.07.2006 · № 519
- Распоряжение Правительства от 14 февраля 2003 года № 58-р ( О запрете с 1 февраля 2003 года экспорта патоки-мелассы, за исключением патоки-мелассы, принадлежащей свеклосдатчикам…Распоряжение · 14.02.2003 · № 58-р
- Постановление Правительства КР от 27 октября 2003 года №688 " О создании государственного предприятия "Таласский мини-сахарно-спиртовый завод"Постановление · 27.10.2003 · № 688
- Постановление СНП Жогоркку Кенеша КР от 23 октября 2001 года П N 317-II-7 "О результатах проверки депутатской комиссией Собрания народных представителей Жогорку Кенеша Кыргызской…Постановление · 23.10.2001 · № 317-II-7
- Постановление ЗС Жогорку Кенеша КР от 7 ноября 1997 года 3 N 899-1 "О принятии Закона Кыргызской Республики "О государственной монополии на производство, хранение и реализацию…Постановление · 07.11.1997 · № 899-1
- Постановление ЗС Жогорку Кенеша КР от 3 ноября 1997 года 3 N 891-1 "О повестке дня пленарного заседания Законодательного собрания Жогорку Кенеша Кыргызской Республики на…Постановление · 03.11.1997 · № 891-1
- Постановление СНП Жогорку Кенеша КР от 16 ноября 2000 года П № 139-II-3 "Об исполнении Закона Кыргызской Республики "О государственной монополии на производство, хранение и…Постановление · 16.11.2000 · № 139
- Постановление ЗС Жогорку Кенеша КР от 20 января 1998 года З №963-I "О возражении Президента Кыргызской Республики к Закону Кыргызской Республики "О государственной монополии на…Постановление · 20.01.1998 · № 963
- Постановление Правительства КР от 11 марта 2003 года №116 "О внесении изменений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики"Постановление · 11.03.2003 · № 127
- Постановление Правительства КР от 4 декабря 1998 года N 795 "О мерах по упорядочению квотирования объемов импорта спирта и алкогольной продукции и улучшении организации оптовой…Постановление · 04.12.1998 · № 795 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 14 сентября 2002 года УП № 247 "О дополнительных мерах по выполнению Закона Кыргызской Республики "О государственной монополии на производство, хранение и…Указ · 14.09.2002 · № 247 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 24 мая 1999 года №279 "Об обеспечении реализации Закона Кыргызской Республики "О государственной монополии на производство, хранение и…Постановление · 24.05.1999 · № 279 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 4 февраля 2000 года №61 "О создании государственного предприятия "Карабалтинский спиртовый завод"Постановление · 04.02.2000 · № 61 · Күчүн жоготкон
- Положение о Государственной инспекции по контролю за производством, хранением и реализацией спирта и алкогольной продукции при Правительстве Кыргызской Республики (Утверждено…Положение · 30.11.2002 · № 817 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 27 августа 1998 года № 568 "О реализации Закона Кыргызской Республики "О государственной монополии на производство, хранение и реализацию спирта…Постановление · 27.08.1998 · № 568 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 28 апреля 1998 года №230 "О мерах по обеспечению механизма реализации Закона Кыргызской Республики "О государственной монополии на производство…Постановление · 28.04.1998 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Устав государственного предприятия по производству спирта этилового "Мурок" ( Утвержден постановлением Правительства Кыргызской Республики от 11 августа 1999 года N 437)Устав · 11.08.1999 · № 438 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 30 ноября 2002 года №817 "Вопросы Государственной инспекции по контролю за производством, хранением и реализацией спирта и алкогольной продукции…Постановление · 30.11.2002 · № 817 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 28 мая 2002 года №343 "Об утверждении порядка квотирования производства и закупки спирта этилового для производства алкогольной продукции"Постановление · 28.05.2002 · № 343 · Күчүн жоготкон
39 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (3)
- Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөЗакон · 10.12.1997 · № 90
- Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 09.07.2007 · № 98 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (14)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндөЗакон · 02.03.2015 · № 44
- КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" токтомуПостановление · 31.05.2001 · № 260 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-июлундагы №519 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 24-майындагы "Кыргыз Республикасынын алкоголь тармагын башкаруу…Постановление · 19.07.2006 · № 519 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы № 462 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмүн өркүндөтүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 15.10.2005 · № 462 · Күчүн жоготкон
- Положение о порядке квотирования ввоза в КР алкогольной продукции и пива и определения импортной квоты (утверждено постановлением Правительства КР от 5 апреля 2004 года № 227)Положение · 05.04.2004 · № 227 · Күчүн жоготкон
- Приказ Госинспекции по контролю за производством, хранением и реализацией спирта и алкогольной продукции от 20 июля 2004 года № 237Приказ · 20.07.2004 · № 237 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 30 июля 2001 года №385 "О мерах по усилению контроля за обеспечением государственной монополии на производство, хранение и реализацию спирта и…Постановление · 30.07.2001 · № 385 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 5 апреля 2004 года № 227 "Об утверждении Положения о порядке квотирования ввоза в Кыргызскую Республику алкогольной продукции и пива и…Постановление · 05.04.2004 · № 227 · Күчүн жоготкон
- Приказ Госинспекции по контролю за производством, хранением и реализацией спирта и алкогольной продукции при Правительстве КР от 17 марта 2004 года № 83Приказ · 17.03.2004 · № 83 · Күчүн жоготкон
- ПОЛОЖЕНИЕ о временном хранении, переработке и обращения в доход государства спирта и алкогольной продукции с признаками фальсификации и контрабандного происхождения ( Утверждено…Положение · 16.07.2004 · № 234 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 19 октября 2001 года N 661 "О создании государственного предприятия "Спиртовый завод "Каракол"Постановление · 19.10.2001 · № 661 · Күчүн жоготкон
- Постановление Государственной комиссии при Правительстве КР по антимонопольной политике "О порядке регулирования розничных цен на водочную продукцию"Постановление · 19.12.2001 · № 67 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 7-июлундагы ПЖ № 362 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүдө" жарлыгыУказ · 07.07.2006 · № 362 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 13 ноября 2002 года №760 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О государственной…Постановление · 13.11.2002 · № 760 · Күчүн жоготкон