Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын («Кыргыз Республикасынын аймагына энергетикалык ичимдиктерди ташып келүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө» жана «Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН Төрагасынын тескемеси 2023-жылдын 13-июну № 275 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.Б.Бакасов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын аймагына энергетикалык ичимдиктерди ташып келүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө" жана "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 13-июнундагы № 275 тескемеси менен жактырылган
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.Б.Бакасов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын аймагына энергетикалык ичимдиктерди ташып келүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө" жана "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.Б.Бакасов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын аймагына энергетикалык ичимдиктерди ташып келүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө" жана "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт. "Кыргыз Республикасынын аймагына энергетикалык ичимдиктерди ташып келүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 1-беренеси менен "энергетикалык алкоголсуз суусундуктар" деген түшүнүк - бул атайын багыттагы алкоголсуз суусундуктар - организмге тоник таасирин камсыз кылуу үчүн жетиштүү санда кофеин жана (же) башка тоник компоненттери бар энергетикалык суусундуктар деп белгилөө сунушталууда. Ошол эле учурда "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинде жогоруда аталган түшүнүк менен бирдей болуп саналган "сергитүүчү алкоголсуз ичимдиктер" түшүнүгү ачып берилген. Ушуга байланыштуу бирдиктүү терминологияны колдонуу максатында "Кыргыз Республикасынын аймагына энергетикалык ичимдиктерди ташып келүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунан белгиленген түшүнүктү алып салуу керек. "Кыргыз Республикасынын аймагына энергетикалык ичимдиктерди ташып келүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 2-беренеси менен энергетикалык суусундуктарды ташып келүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу киргизилүүдө. Энергетикалык суусундуктарды керектөө "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна ылайык жөнгө салына тургандыгын эске алуу менен энергетикалык суусундуктарды ташып келүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жогоруда аталган Мыйзам менен жөнгө салынууга тийиш деп эсептейбиз. Кыргыз Республикасынын аймагында Бажы бирлигинин "Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенти (мындан ары - Техникалык регламент) колдонула тургандыгын белгилейбиз, мында энергетикалык алкоголсуз суусундуктар белгиленген техникалык регламенттин жөнгө салуу объекти болуп саналат. Техникалык регламенттин 4-беренесине ылайык сергитүүчү суусундуктар - бул чай, кофе жана алардын негизиндеги суусундуктардан тышкары, адамдын организмине сергитүүчү таасирди камсыздоо үчүн жетиштүү өлчөмдө сергитүүчү заттарды (компоненттерди), анын ичинде өсүмдүктөрдөн алынган заттарды камтыган алкоголсуз жана алкоголу аз суусундуктар. Техникалык регламенттин 5-беренесинде тамак-аш продукциясы Техникалык регламентке шайкеш келген учурда рынокко жүгүртүүгө чыгарылат деп белгиленген. Жүгүртүүдөгү тамак-аш продукциясы, анын ичинде азык-түлүк (тамак-аш) чийки заты бул продукциянын көзөмөлдөнүүсүн камсыздай турган товарды коштоочу документтер менен коштолууга, ошондой эле шайкештикти баалоодон (ырастоодон) өткөн тамак-аш продукциясы Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин рыногунда продукцияны жүгүртүүнүн бирдиктүү белгиси менен маркаланууга тийиш (39-берене). 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин жоболоруна ылайык Бирликтин техникалык регламенттери Бирликтин аймагында түздөн-түз колдонулат (52-берене). Бажы бирлигинин техникалык регламенти күчүнө кирген продукция Бажы бирлигинин аймагында ал Бажы бирлигинин техникалык регламентинде белгиленген шайкештикти баалоонун зарыл болгон жол-жоболорунан өткөн шартта жүгүртүүгө чыгарылат. Мында мүчө мамлекеттер Бажы бирлигинин техникалык регламентинин талаптарына шайкеш келген продукциянын өзүнүн аймагында Бажы бирлигинин техникалык регламентинде мындай продукцияга карата камтылган кошумча талаптарды койбостон жана шайкештикти баалоого кошумча жол-жоболорду жүргүзбөстөн жүгүртүлүшүн камсыздайт (53-берене). Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 334-беренесинин 1-пунктуна ылайык энергетикалык суусундуктар акциздик товарлардын тизмегине кирет. Алдын ала эсептөөлөр боюнча "Кыргыз Республикасынын аймагына энергетикалык ичимдиктерди ташып келүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору кабыл алынган учурда республикалык бюджетке түшпөй калуу 800,0 млн. сомго жакын сумманы түзүшү мүмкүн, бул бюджеттин киреше бөлүгүнө терс таасирин тийгизет. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 78-беренесине ылайык толугу менен мыйзамдарга бланкеттик шилтемелер жасоого жол берилбейт (мисалы, "мыйзамдарга ылайык жөнгө салынат"). Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын аймагына энергетикалык ичимдиктерди ташып келүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 2 жана 3-беренелеринде мыйзамдын жөнгө салуу тармагын же чөйрөсүн көрсөтүү зарыл. Ошону менен бирге укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарда жана кылмыш-жаза мыйзамдарында бузуунун бул түрү үчүн жоопкерчилик жок экендигин белгилей кетүү зарыл. Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасынын аймагына энергетикалык ичимдиктерди ташып келүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө" жана "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V "Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.06.2015 · № 5389-V
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча НУСКАМА (КР Жогорку Кенешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилди)Инструкция · 26.06.2015 · № 5389-V
- Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 13.10.2009 · № 269 · Күчүн жоготкон