Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Дж.К. Исаева тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана „Кыргыз Республикасында балдарлын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнма чаралар жөнүндө“, „Массалык маалымат каражаттары жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемесине ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын “03” _05_ № 269 тескемеси менен жактырылган
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Дж.К. Исаева тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана "Кыргыз Республикасында балдарлын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнма чаралар жөнүндө", "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Дж.К. Исаева тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана "Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө", "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-пункту менен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 471-беренесине өзгөртүү киргизүү сунушталууда, ага ылайык жалпыга маалымдоо каражаттары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана ушул Кодекстин 74-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган жазаларды колдонот. Мында жогоруда аталган Кодекстин 456-беренесине ылайык ички иштер органдары жалпысынан ушул Кодекске ылайык, анын ичинде 74-беренесинде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жазаларды колдонот. Ушуга байланыштуу бул Кодекстин 74-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган иштерди ички иштер органдары тарабынан кароо бөлүгүндө аталган Кодекстин 456-беренесине дагы өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайбыз. Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул корутундуда баяндалган сунуштарды зеке алуу менен сунушталган Мыйзам долбоорун кабыл алууну мүмкүн деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана "Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой…Закон · 09.08.2023 · № 176
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 128
- Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндөЗакон · 21.07.2015 · № 185
- Массалык маалымат каражаттары жөнүндөЗакон · 02.07.1992 · № 938-XII · Күчүн жоготкон