Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга (жеңилдетилген шарттардагы кадимки операциялар) (Саламаттык сактоо жаатындагы региондук коопсуздукту чыңдоо боюнча долбоор) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууга (атайын операциялар) (Саламаттык сактоо жаатындагы региондук коопсуздукту чыңдоо боюнча долбоор) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2023-жылдын 29-марты № 143-т Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, "Эл аралык келишимдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. 2022-жылдын 7-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга (жеңилдетилген шарттардагы кадимки операциялар) (Саламаттык сактоо жаатындагы региондук коопсуздукту чыңдоо боюнча долбоор) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууга (атайын операциялар) (Саламаттык сактоо жаатындагы региондук коопсуздукту чыңдоо боюнча долбоор) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы N 143-т тескемеси менен жактырылган
2022-жылдын 7-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга (жеңилдетилген шарттардагы кадимки операциялар) (Саламаттык сактоо жаатындагы региондук коопсуздукту чыңдоо боюнча долбоор) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууга (атайын операциялар) (Саламаттык сактоо жаатындагы региондук коопсуздукту чыңдоо боюнча долбоор) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ 2022-жылдын 7-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуу (жеңилдетилген шарттардагы кадимки операциялар) (Саламаттык сактоо жаатындагы региондук коопсуздукту чыңдоо боюнча долбоор) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуу (атайын операциялар) (Саламаттык сактоо жаатындагы региондук коопсуздукту чыңдоо боюнча долбоор) (мындан ары - Макулдашуулар) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 11-14-пункттарына ылайык Макулдашуулар милдеттүү түрдө ратификацияланууга тийиш. Ушуга байланыштуу Макулдашуулардын долбоорлору аларга кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет - 2022-жылдын 28-сентябрында № 6-19137/22 катталган 2022-жылдын 28-сентябрындагы чечими, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет - 2022-жылдын 27-сентябрында № 6-19101/22 катталган 2022-жылдын 27-сентябрындагы чечими, Социалдык саясат боюнча комитет - 2022-жылдын 27-сентябрында № 6-19341/22 катталган 2022-жылдын 27-сентябрындагы чечими) менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы № 653-т тескемеси менен жактырылган. Макулдашууларга 2022-жылдын 7-декабрында Кыргыз Республикасында лабораториялар жана чек арага жакын ооруканалык стационарлар тармагын өнүктүрүүнүн эсебинен Кыргыз Республикасында коомдук саламаттыкты сактоону жана региондук саламаттык сактоо коопсуздугун чыңдоого жардам көрсөтүүнү камсыздоого, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 600 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2030-жылдарга калктын ден соолугун сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча "Ден соолугу чың адам - өнүккөн өлкө" программасын ишке ашырууну колдоого багытталган "Саламаттык сактоо жаатындагы региондук коопсуздукту чыңдоо" долбоорун ишке ашырууга Азия өнүктүрүү банкынын 30000000 (отуз миллион) АКШ доллары өлчөмүндө кредиттик жана гранттык каражаттарын тартуу максатында кол коюлган. 10000000 (он миллион) АКШ доллары өлчөмүндөгү кредит Азия өнүктүрүү банкы тарабынан жеңилдетилген шарттарда берилет, жалпы төлөө мөөнөтү 32 жыл, анын ичинде 8 жылдык жеңилдетилген мезгил жылдык 1% ставка боюнча жана андан ары кредиттик эсептен алынган кредиттин суммасына жана калган мезгил мезгил-мезгили менен төлөнбөгөн кредиттин калдыгынын суммасына жылдык 1,5% ставка боюнча берилет. Кредит 2031-жылдан баштап жарым жылда 1 жолу (1-мартта жана 1-сентябрда) төлөнөт. Азия өнүктүрүү фондунун каражаттарынан 20000000 (жыйырма миллион) АКШ доллары өлчөмүндөгү грант кайтарылбайт жана мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12-беренелерине ылайык Макулдашуулар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет. Макулдашууларды ратификациялоо кандайдыр бир финансылык-экономикалык, социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Постановление Правительства КР от 20 декабря 2018 года № 600 "О Программе Правительства Кыргызской Республики по охране здоровья населения и развитию системы здравоохранения на…Постановление · 20.12.2018 · № 600
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.