Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эки тараптуу инвестициялык келишимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2023-жылдын 13-январы № 7-т
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында:
1. 2019-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эки тараптуу инвестициялык келишимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жогоруда аталган Эки тараптуу инвестициялык келишимди ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 7-т тескемеси менен жактырылган
2019-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эки тараптуу инвестициялык келишимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эки тараптуу инвестициялык келишимди (мындан ары - Келишим) түзүүнүн негизги максаты инвесторлордун укуктарын коргоону камсыз кылууга жана капиталдык салымдар менен байланышкан мүмкүн болгон тобокелдиктерди азайтууга багытталган чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү мыйзамдык базаны жакшыртуу болуп саналат. Келишим түзүү Индиядан өлкөнүн экономикасына чет өлкөлүк түз инвестициялардын агымын көбөйтүүгө өбөлгө түзүүчү эки тараптуу экономикалык байланыштарды кеңейтүүдө маанилүү элемент болуп саналат. Келишимдик жөнгө салуу келечекте келишим боюнча өнөктөш өлкөдө кандай гана, анын ичинде мыйзамдагы өзгөрүүлөр болбосун, ага карабастан инвестициялар үчүн Келишимде каралган режимди колдонууга аныкталган кепилдикти берет. Келишимде макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин аймагындагы инвестордун инвестициялык ишине байланыштуу бардык маселелер толук чагылдырылган. Сунушталган Келишим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге карама-каршы келбейт. Келишимди ратификациялоо республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга, ошондой эле финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт. Келишимдин долбооруна кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-июнундагы № 216-б буйругу менен жактырылган. Ушул Келишимге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук боюнча комитетинин 2016-жылдын 13-декабрындагы № 6-7622и/16, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 2016-жылдын 14-декабрындагы № 6-766и/16 жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 2016-жылдын 14-декабрындагы № 6-7653и/16 корутундусу бар.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-июнундагы № 216-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы эки тараптуу инвестициялык келишимдин долбоорун…Распоряжение · 12.06.2019 · № 216-р