Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.А.Айдарова демилгелеген «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ ТЕСКЕМЕ 2023-жылдын 6-февралы № 58 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.А.Айдарова демилгелеген "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 6-февралындагы № 58 тескемеси менен жактырылган
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.А.Айдарова демилгелеген "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.А.Айдарова демилгелеген "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренеси менен "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизүү: 49-статьяны "Пенсионер эмгек акыга райондук коэффициент белгиленбеген же аз өлчөмдө белгиленген калктуу конушка туруктуу жашоого көчүп келгенде анын эмгек акысына райондук коэффициентти эске алуу менен аныкталуучу пенсия дайындоо үчүн орточо айлык иштеп тапканы кайра эсептелүүгө тийиш эмес" деген сөздөр менен толуктоо сунушталууда. "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-статьясында жумушчулардын жана кызматчылардын эмгек акысына райондук коэффициенттер белгиленген райондордо жашаган офицердик курамдагы адамдардын, прапорщиктердин, мичмандардын жана мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлеринин, прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдардын ичинен болгон пенсионерлердин, алардын үй-бүлөлөрүнүн ушул Мыйзамга ылайык дайындалуучу пенсиялары, (анын ичинде эң төмөнкү өлчөмдөгү) алар бул райондордо жашаган мезгилде белгиленген тиешелүү райондук коэффициентти колдонуу менен эсептелип чыгарылат деп белгиленген. "Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык бул Мыйзамдын күчү бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган адамдарга жана аталган шарттарда жайгашкан ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда иштеген адамдарга карата колдонулат. Ушул Мыйзамда каралган учурларда бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жайгашкан калктуу конуштарга келген адамдарга мамлекеттик кепилдиктер жана компенсациялар берилет, тактап айтканда жогоруда аталган коэффициентти эсептөө бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жайгашкан калктуу пункттарда жашаган, иштеген, келген адамдарга карата жүргүзүлөт. Белгилей кетсек, азыркы убакта "Бийик тоолуу шарттарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бийик тоолуу аймактарда кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерине жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин акчалай үлүшүнө райондук коэффициентти эске алуу менен кошумча акы төлөнөт, пенсиясы үчүн иштеген жылдарына жеңилдетилген эсептөө жүргүзүлөт жана аталган Мыйзамда каралган башка кепилдиктер жана компенсациялар толук көлөмдө пайдаланылат. Ошондой эле мыйзамдарда бийик тоолуу аймактарда кызмат өтөп келген аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине пенсияларды дайындоо үчүн иштеген жылдарына жеңилдетилген эсептөө каралган. Ошону менен бирге аталган Мыйзам бийик тоолуу жана алыскы зоналардын экстремалдык табигый-климаттык шарттарында жашагандыгына жана иштегендигине байланыштуу жарандардын кошумча материалдык жана физиологиялык чыгымдарынын ордун толтуруу боюнча мамлекеттик кепилдиктерди жана компенсацияларды белгилейт. Ошентип райондук коэффициент каралбаган башка калктуу пунктка көчүп барганда пенсионердин пенсиясына райондук коэффициентти калтыруу бийик тоолуу жана алыскы зоналардын экстремалдык табигый-климаттык шарттарында жашаган жарандардын ортосунда бирдей эмес шарттарды түзөт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген мамлекеттин акыйкаттуулукту жана тең укуктуулукту камсыз кылуу боюнча принцибин бузат. Бул ченемди киргизүү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, ошондой эле укук коргоо органдарынын аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин бир аймактан башка аймакка которулуудагы кадрдык саясатына терс таасирин тийгизет, ушуга байланыштуу аскер кызматчылары жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери пенсияга чыгар алдында, ар кандай жолдор менен райондук коэффициенттер каралган аймактарда пенсияга чыгууга аракет кылат, мында кызматка дайындоодо жана которууда коррупциялык элементтер түзүлөт. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык мамлекеттин социалдык иши жарандардын өзү жана үй-бүлөсү үчүн экономикалык бакубаттыкка жетишүү мүмкүндүгүн, экономикалык эркиндигин, активдүүлүгүн чектөөчү мамлекеттик камкордук формасына өтпөөгө тийиш. Белгилей кетсек, бул мыйзамдын долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттин каражаттарынан кошумча чыгымдарга алып келиши мүмкүн, анткени пенсионер пенсияга райондук коэффициент белгиленбеген же азыраак өлчөмдө белгиленген калктуу конуштагы туруктуу жашаган жерине көчкөндө, пенсия төлөөгө акча каражаттарынын суммасы өзгөрүүсүз калууда, аны менен бирге пенсиянын райондук коэффициенти каралган аймактарда жасалма каттоого турууну каалаган пенсионерлердин саны көбөйөт, бул мамлекеттик бюджеттин кошумча чыгымдарына алып келет. Андан тышкары, мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Б.Баатырбеков, А.А.Турсунбаев, С.А.Айдаров, А.Т.Абжалиев, У.Т.Кыдыралиев, М.И.Бакиров, Ж.К.Турускулов, П.Р.Тулендыбаев, Д.Д.Бекешев тарабынан демилгеленген "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуунун максатка ылайыксыздыгы жөнүндө терс корутунду берилген (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-ноябрындагы № 515 токтому). Айтылгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.А.Айдарова демилгелеген "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 07.05.1993 · № 1194
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндөЗакон · 28.06.1996 · № 33
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-ноябрындагы № 515 "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 01.11.2018 · № 515