Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин («Майлуу-Суу лампа заводу» ачык акционердик коому тарабынан өндүрүлгөн товарлардын тизмегин бекитүү тууралуу) тескемеси
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Кабинета Министров КР от 1 августа 2024 года № 467-р (О внесении изменений в распоряжение Кабинета Министров Кыргызской Республики от 16 марта 2023 года № 112-р)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-08-01.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-августундагы № 467-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 14-декабры № 675-т Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 5-ноябрындагы № 213 тескемесин ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 301 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибинин 14-пунктунун 3-пунктчасын жетекчиликке алып, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Майлуу-Суу лампа заводу" ачык акционердик коому тарабынан өндүрүлгөн товарлардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. "Майлуу-Суу лампа заводу" ачык акционердик коому тиркемеге ылайык тизмекте көрсөтүлгөн товарлардын берүүчүсү болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылануучу мамлекеттик органдарга, бюджеттик уюмдарга жана мамлекеттик мекемелерге, жергиликтүү бюджеттен каржылануучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, атайын эсептери жана фонддордун каражаттары бар уюмдарга, ошондой эле мамлекеттик каражаттардын, мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаттарынын эсебинен түзүлгөн башка юридикалык жактарга товарларды түздөн-түз "Майлуу-Суу лампа заводу" ачык акционердик коомунан ушул тескеменин 1-пунктунда бекитилген тизмекке ылайык бир булактан ыкмасы менен сатып алууну жүргүзүү талаптары белгиленсин.
4. Уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү 50 жана андан көп пайызды түзгөн мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, акционердик коомдорго, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдоруна ушул тескеменин 1-пунктунда бекитилген тизмекке ылайык "Майлуу-Суу лампа заводу" ачык акционердик коомунан товарларды сатып алууну жүргүзүү сунушталсын.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул тескеме 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет жана эки жыл колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Тиркеме
"Майлуу-Суу лампа заводу" ачык акционердик коому тарабынан өндүрүлгөн товарлардын ТИЗМЕГИ
№
Товардын аталышы
МК 017-2015 УСК коду
ЕАЭБ ТЭИТН коду
1
25, 40, 60, 75, 95, 100, 150 Вт жалпы багыттагы чыңалуу лампалары
ПМСК 31.50.13.000
ТЭИТН 8539 22 9000
2
200 Вт, 300 Вт жана 500 Вт атайын багыттагы ири габариттүү чыңалуу лампалары
ПМСК 31.50.14.930
ТЭИТН 8539 29 9200
3
25, 40, 60, 75, 95, 100 Вт декоративдүү тунук колбадагы шамчырактар үчүн чыңалуу лампалары
ПМСК 31.50.13.000
ТЭИТН 8539 22 9000
4
Шамчырактар, портативдик тигүү машиналары жана ПШ 15 Вт муздаткычтар үчүн чыңалуу лампалары
ПМСК 31.50.14.930
ТЭИТН 8539 22 9000
5
40, 60, 95, 100 Вт жергиликтүү жарыктандыруу шамчырактары үчүн чыңалуу лампалары
ПМСК 31.50.14.950
ТЭИТН 8539 29 9800
6
4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 12 Вт (LED) жалпы жарыктандыруу үчүн жарык чыгаруучу диоддору бар лампалар
ПМСК 27.40.39.300
ТЭИТН 8539 50 0000
7
Чыңалуусу 12, 24 В жана кубаттуулугу 5, 10 жана 21 Вт болгон жол транспорт каражаттары үчүн чыңалуу лампалары (токтоо белгисинин чырактары)
ПМСК 31.50.14.600
ТЭИТН 8539 29 3009
8
Айнек жиптеринен жасалган ровинг
ПМСК 23.19.26.900
ТЭИТН 701912 0000
9
Айнек жиптеринен жасалган фибра
ПМСК 23.19.26.900
ТЭИТН 701911 0000
Кыскартуулардын тизмеси:
МК
-
Мамлекеттик классификатор;
УСК
-
Улуттук статистика комитети;
ТЭИТН
-
Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы;
ЕАЭБ
-
Евразия экономикалык бирлиги;
ПМСК
-
Продукциянын мамлекеттик статистикалык классификатору.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-августундагы № 467-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-мартындагы № 112-т тескемесине…Распоряжение · 01.08.2024 · № 467-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 301 "Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык…Постановление · 10.06.2022 · № 301
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 14.04.2022 · № 27
- КР Президентинин 2022-жылдын 5-ноябрындагы ПТ N 213 "Майлуу-Суу лампа заводу" ачык акционердик коому өндүргөн товарлардын тизмегин бекитүү тууралуу" тескемесиРаспоряжение · 05.11.2022 · № 213
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-августундагы № 467-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-мартындагы № 112-т тескемесине…Распоряжение · 01.08.2024 · № 467-р · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.