Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри» ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жобону бекитүүтууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 21-ноябры № 638-т
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-январындагы № 21-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 19-майындагы № 553-VI "Кыргыз Республикасынын материалдык жана материалдык эмес активдерин инвентаризациялоо, идентификациялоо, кайра баалоо жана эсебин алуу жөнүндө" токтомун аткаруу боюнча жумуштарды мындан ары ишке ашыруунун алкагында жана мамлекеттик мүлктү эсепке алууну автоматташтыруу боюнча жол-жоболорду жакшыртуу максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри" ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары - ММБР ВАМС) жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ММБР ВАМСты координациялоону жана жүргүзүүнү жүзөгө ашырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси ММБР ВАМСты башкарууну жана модернизациялоону жүргүзсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-январындагы № 21-т тескемесинин редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына мамлекеттик уюмдарга, ишканаларга жана мекемелерге мамлекеттик аудит жүргүзүүдө ММБР ВАМСтын маалыматтарын пайдалануу сунушталсын.
5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, мамлекеттик уюмдардын, эркин экономикалык зоналардын жетекчилери:
- жыл сайын отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-январына карата мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоону жүргүзсүн;
- жыл сайын инвентаризациялоонун жыйынтыгын отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө ММБР ВАМСка берсин (өз алдынча киргизсин);
- келип чыккан бардык иш-чараларды бекитилген бюджеттин алкагында жүргүзсүн.
6. Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык маалыматка жетүүсү чектелген мамлекеттик органдар ар жылдык инвентаризацияны жүргүзсүн, мамлекеттик мүлк жөнүндө маалыматтардын ички базасын түзсүн жана инвентаризациянын жалпыланган жыйынтыгын ММБР ВАМСка отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө берсин.
7. Мамлекеттик мүлктү эсепке алуунун жыйынтыктарынын толуктугуна, өз убагында болушуна жана ишенимдүүлүгүнө жана тиешелүү жумуштарды жүргүзүү үчүн керектүү шарттарды түзүүгө жеке жоопкерчилик министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, мамлекеттик уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын жетекчилерине жана башкы бухгалтерлерине жүктөлсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 358-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
9. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- 2026–2029-жылдарга мамлекеттик катышуу үлүшү бар ишканаларды башкарууну реформалоонун негизги багыттары (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-апрелиндеги…основные направления · 22.04.2026 · № 270
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри" ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер…Положение · 21.11.2022 · № 638-р
- Алтын-Булак айылдык кеңешинин 2022-жылдын 21-январындагы № 25 "Алтын-Булак айыл өкмөтүнө караштуу жерлерди инвентаризациялоодон өткөрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.01.2022 · № 25
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 22-январындагы № 21-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым буйруктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө) тескемесиРаспоряжение · 20.01.2026 · № 21-т
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 358-б ""Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри" ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык системасы…Распоряжение · 18.08.2017 · № 358-б
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 19-майындагы № 553-VI "Кыргыз Республикасынын материалдык жана материалдык эмес активдерин инвентаризациялоо, идентификациялоо, кайра баалоо жана…Постановление · 19.05.2016 · № 553-VI
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.