Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «»Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри» ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө (мындан ары - ММБР ВАМС) жобону бекитүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 18-августу № 358-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-январындагы № 53 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ишеним жана биримдик" Программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылга иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө" токтомуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри" ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө (мындан ары - ММБР ВАМС) жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр аныкталсын:
- ММБР ВАМСты тейлөөчү жана координациялоочу орган болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд;
- ММБР ВАМСты техникалык тейлөөчү жана башкаруучу орган болуп Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд 2017-жылы акциялардын мамлекеттик пакетинен дивиденддердин Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине пландан ашыкча түшүүсүн камсыздасын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча мамлекеттик мүлктү эсепке алуу системасын автоматташтырууну, мамлекеттик менчикти башкаруу процессинин адистерин даярдоону жана окутууну акциялардын мамлекеттик пакетине дивиденддердин түшүүсүнүн эсебинен Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен өз убагында каржылоону "2017-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү кийин киргизүү менен камсыздасын.
5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, мамлекеттик уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын жетекчилерине мамлекеттик мүлктү эсепке алуу жыйынтыктарынын толуктугуна, сапатына, ырастыгына жана тиешелүү ишти жүргүзүү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-февралындагы № 35-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-майындагы № 191-б буйругу.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
С.Ш. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 638-т (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри" ведомстволор аралык…Распоряжение · 21.11.2022 · № 638-р
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик негизги фонддордун орто базардык наркын аныктоо боюнча усулдук сунуштоолорМетодика · 16.10.2017
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-февралындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө", "Юридикалык жактарды, филиалдарды…Постановление · 21.02.2020 · № 106
Шилтеме берет (5)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-майындагы № 191-б (Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоого даярдоо жана өткөрүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 14.05.2012 · № 191-р
- Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 22.12.2016 · № 215
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-февралындагы № 35-б (Мамлекеттик менчикти инвентаризациялоону даярдоо жана жүргүзүү боюнча жумушчу комиссия түзүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 18.02.2011 · № 35-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-январындагы № 53 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ишеним жана биримдик" Программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылга…Постановление · 30.01.2017 · № 53 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.