Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун бөлүнгөн тилкесинде жана жол боюндагы тилкеде жайгашкан жер участокторунун өлчөмүн аныктоо тууралуу» тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 4-августу № 413-т "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 512 "Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын пайдалануу жана аларды коргоо тартибин жана Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун классификациялоо жана номерлештирүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен биргеликте 2022-жылдын 1-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун бөлүнгөн тилкесинде жана жол боюндагы тилкеде жайгашкан жер участокторунун өлчөмүн башка адамдардын кыймылсыз мүлккө мурда катталган мүлктүк укуктарын эске алуу менен аныктасын.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун бөлүнгөн тилкесинин жана жол боюндагы тилкелердин жерлерине менчик укугун каттасын жана аларга укук күбөлөндүрүүчү документтерди берсин;
2) аталган иштерди эки этап менен жүзөгө ашырсын:
- биринчи этапта - эл аралык маанидеги жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун бөлүнгөн тилкесинин жана жол боюндагы тилкелердин жер участокторуна;
- экинчи этапта - мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун бөлүнгөн тилкесинин жана жол боюндагы тилкелердин жер участокторуна.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун бөлүнгөн тилкелеринин жана жол боюндагы тилкелерди Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине бекитүү жөнүндө тийиштүү чечимдерди ушул тескеменин 1-пунктуна ылайык чыгарсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун бөлүнгөн тилкелеринин жана жол боюндагы тилкелердин жер участокторунун чектерин аныктоого көмөк көрсөтсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун бөлүнгөн тилкелерине жана жол боюндагы тилкелерге менчик укугун каттоо жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди берүү боюнча пландалган иштерди жүргүзүү үчүн республикалык бюджеттен финансы каражаттарын бөлүүнү белгиленген тартипте карасын.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары
А.Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 512 "Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын пайдалануу жана аларды коргоо тартибин жана Кыргыз…Постановление · 18.08.2017 · № 512
- Автомобиль жолдору жөнүндөЗакон · 02.06.1998 · № 72 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын пайдалануу жана аларды коргоо" ТАРТИБИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы №…Порядок · 18.08.2017 · № 512
- "Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун классификациялоо жана номерлештирүү" ТАРТИБИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын…Порядок · 18.08.2017 · № 512