Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун классификациялоо жана номерлештирүү» ТАРТИБИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 512 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун классификациялоо жана номерлештирүү ТАРТИБИ
1. Ушул Тартип жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна жайылтылат жана аларды классификациялоонун жана номерлештирүүнүн талаптарын белгилейт.
2. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин балансында турат жана өзүнүн эл чарбачылык жана административдик мааниси боюнча эл аралык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдору болуп бөлүнөт.
3. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун техникалык параметрлери боюнча классификациялоо Бажы союзунун Комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 827 чечими менен бекитилген Бажы союзунун "Автомобиль жолдорунун коопсуздугу" техникалык регламентинин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
4. Эл аралык маанидеги автомобиль жолдоруна төмөнкүдөй автомобиль жолдору кирет:
- Кыргыз Республикасынын борбор калаасы Бишкек шаарын эгемендүү мамлекеттердин борбор шаарлары менен байланыштыруучу;
- мамлекеттер аралык макулдашууларга ылайык автомобиль жолдорунун эл аралык тармагына кирүүчү;
- Кыргыз Республикасынын борбор калаасы Бишкек шаарын "Манас" эл аралык аэропорту менен байланыштыруучу;
- Кыргыз Республикасын коңшулаш өлкөлөр менен транспорттук байланыштарын камсыздоочу жана чет өлкөлүк туристтерди ташуу үчүн каттам болуп саналуучу.
5. Мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдоруна төмөнкүдөй автомобиль жолдору кирет:
- Кыргыз Республикасынын борбор калаасы Бишкек шаарын облустардын жана райондордун маанилүү административдик, өндүрүштүк жана маданий борборлору менен байланыштыруучу, анын ичинде эл аралык маанидеги автомобиль жолдорунан аларга айланып өтмө жана кирме жолдор;
- облустардын административдик борборлорун, ошондой эле шаарларды, шаарчаларды жана калктуу пункттарды райондордун административдик борборлору менен байланыштыруучу;
- курортторду, массалык эс алуу жана туризм жерлерин, спорттук комплекстерди, коруктарды, тарыхый жана маданий эстеликтерди, илимий жана башка объектилерди, аталган объектилер жайгашкан облустардын жана райондордун административдик борборлору менен, ошондой эле эл аралык маанидеги автомобиль жолдору менен байланыштыруучу;
- эл аралык маанидеги автомобиль жолдорунун тармагына кирбеген, бирок коңшулаш мамлекеттер менен транспорттук байланышты камсыз кылуучу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдоруна киргизилген.
6. Жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдоруна төмөнкүдөй автомобиль жолдору кирет:
- райондук борборлорду, калктуу пункттарды эл аралык жана мамлекеттик маанидеги жолдор менен байланыштыруучу;
- райондордун административдик борборлорун, калктуу пункттарды бири-бири менен, ошондой эле калктуу пункттарды темир жол станциялары, аэропорттор менен байланыштыруучу;
- курортторду, массалык эс алуу, туризм жерлерин, спорттук комплекстерди, коруктарды, облустук жана жергиликтүү маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтерди, аталган объектилер жайгашкан райондордун административдик борборлору менен байланыштыруучу;
- айылдык калктуу пункттардын административдик борборлорун айылдын борборлору, фермердик жана башка чарбалар менен байланыштыруучу;
- чарбалардын борбордук короо жайларын, айылдык калктуу пункттарды темир жол станциялары, аэропорттор менен байланыштыруучу;
7. Эл аралык жана мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдоруна киргизилген жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
8. Эл аралык маанидеги автомобиль жолдоруна "ЭМ" индекси менен эки белгиден турган номер берилет. "ЭМ" индекси "Эл аралык магистраль" жалпы пайдалануудагы жолдордун кыскартылган маанисин билдирет.
9. Мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдоруна "М" индекси менен үч белгиден турган номер берилет. "М" индекси "Мамлекеттик магистраль" жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун кыскартылган маанисин билдирет.
10. Жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдоруна "Ж" индекси менен үч белгиден турган номер берилет. "Ж" индекси "Жергиликтүү жолдор" жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун кыскартылган маанисин билдирет.
11. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун узундугу, шаарларды айланып өтүүнү эске алуу менен башталышынан тартып аяккы пунктуна чейин километр менен саналат.
Жалпы пайдалануудагы эл аралык жана мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдорунун тизмеги 1 жана 2-тиркемеде берилди. Километражды эсептөө башталыш пунктунун борборунда жайгашкан байланыш ишканасынын борбордук имаратынан же башка мамлекеттик жана коомдук имараттардан тартып, ошондой эле автомобиль жолдорунун өлкөнүн коңшулаш өлкөлөр менен мамлекеттик чек арасына кошулган жеринен башталат жана ушундай объектинин аяккы пунктунан аяктайт.
12. Өзгөчө учурларда жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун узундугу катары төмөнкүлөр кабыл алынат:
- калктуу пункттарды өз ара байланыштыруучу жолдор үчүн тийиштүү калктуу пункттардын чек араларынын ортосундагы аралык;
- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун же аларга кошулган жолдорду өз ара байланыштыруучу жолдор үчүн - туташтыруучу жолдордун огун кесип өтүүчү жери;
- географиялык, тарыхый же башка объектилерди байланыштыруучу жолдор үчүн ушул объектилердин чек араларынын ортосундагы аралык.
13. Жергиликтүү маанидеги жолдорго кирген жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун тизмеги тийиштүү органдар менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги тарабынан бекитилет.
14. Учурдагы жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун эл чарбачылык жана административдик мааниси боюнча классификациялоосу автомобиль жолдорунун колдонуудагы тизмеги иштелип чыккан же кайра карап чыккан жылдагы маанисине жараша жүргүзүлөт. Жол тармагын өнүктүрүүнү пландоо үчүн жана аларды долбоорлоодо жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун классификациялоо бул жолдордун перспективдүү мезгилге колдонуудагы ченемдер белгилеген акыркы жылындагы маанисине жараша жүргүзүлөт.
15. Эл аралык маанидеги жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун тизмеги үч жылда бир жолу, мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдорунун тизмеги беш жылда бир жолу, ал эми согуш мезгилинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын сунушу боюнча кайра каралып турат.
16. Эл аралык жана мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдорунун тизмегин өзгөртүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин сунушу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан каралат. Макулдашылган сунуштар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизилет.
17. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги автомобиль жолдорун курууга, реконструкциялоого, оңдоого жана күтүүгө жумшалуучу каражаттарды натыйжалуу пайдалануу үчүн жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун техникалык эсепке алуу, инвентаризациялоо жана паспорттоштуруу боюнча типтүү жоболорду иштеп чыгат жана бекитет.
18. Ушул Тартиптин талаптарын аткарууну контролдоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жүктөлөт.
Кыргыз Республикасынын аймагындагы жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун классификациялоо жана номерлештирүү тартибине 1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын аймагындагы эл аралык маанидеги автомобиль жолдорунун ТИЗМЕГИ
Индекси жана номери
Автомобиль жолунун аталышы
ЭМ-01
Бишкек - Луговое - Кордай (Казакстан Республикасы)
ЭМ-02
Алматы - Бишкек - Ташкент (Бишкек ш. айланма жолу)
ЭМ-03
Кара-Балта - Чалдовар - Казакстан Республикасынын чек арасы
ЭМ-04
Бишкек - Ош
ЭМ-05
Ош - Сары-Таш - Иркештам (Кытай Эл Республикасынын чек арасы)
ЭМ-06
Сары-Таш - Карамык - Тажикстан Республикасынын чек арасы
ЭМ-07
Сары-Таш - Кызыл-Арт ашуусу - Тажикстан Республикасынын чек арасы
ЭМ-08
Түп - Кеген (Казакстан Республикасы)
ЭМ-09
Балыкчы - Ананьево - Каракол
ЭМ-10
Балыкчы - Боконбаев - Каракол
ЭМ-11
Бишкек - Балыкчы - Нарын - Торугарт - Кытай Эл Республикасынын чек арасы
ЭМ-12
Жалал-Абад - Казарман Көк-Жаңгакка кирүү менен
ЭМ-13
Актал - Казарман
ЭМ-14
Бишкек - "Манас" эл аралык аэропорту
ЭМ-15
Ош - Ташкент Кокон, Анжиян аркылуу
ЭМ-16
Ош - Баткен - Исфана - Кайрагач (Тажикстан Республикасынын чек арасы)
ЭМ-17
Суусамыр - Талас - Тараз
ЭМ-18
Кочкор - Арал - Төө-Ашуу
ЭМ-19
Өзгөн - Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу
ЭМ-20
Бишкек - Токмок - 82 км а/ж Бишкек - Балыкчы - Нарын - Торугарт
ЭМ-21
Кадамжай - Чечме - Сох (Өзбекстан Республикасы)
ЭМ-22
Баткен - Кара - Токой - Сох (Өзбекстан Республикасы)
ЭМ-23
Көк-Мойнок - Кууакы - Кочкор
Кыргыз Республикасынын аймагындагы жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун классификациялоо жана номерлештирүү тартибине 2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын аймагындагы мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдорунун ТИЗМЕГИ
Индекси жана номери
Автомобиль жолунун аталышы
М-001
Бишкек шаарына кире бериш жолу
М-002
Ош шаарын айланма жолу
М-003
Красная речка - "Ысык-Ата" курорту
М-004
Бишкек - Кой-Таш - "Ысык-Ата" курорту
М-005
Токмок - Дөң-Арык - Рот-Фронт - Ивановка
М-006
Кегети - Чыгыш Каракол
М-007
"Манас" эл аралык аэропорту - Камышановка
М-008
Бишкек - Күнтуу - Шопоков - Жаңы-Пахта а. Маловодное а. кирүү менен
М-009
Военно-Антоновка - Учхоз
М-010
Чоң-Арык - "Ала-Арча" жаратылыш паркы
М-011
Ат-Башы каналы - Луговое
М-012
Маевка - Ала-Арча суу сактагычы
М-013
Чоң-Арык - Арашан - Кой-Таш
М-014
Петровка - "Ак-Суу" нарзан булактары
М-015
Панфиловка - Чалдовар а/ч
М-016
Кара-Балта - Степное
М-017
Беловодское - Төлөк
М-018
Беловодское - Сахзавод
М-019
Сосновка - Кепер-Арык
М-020
Романовка - Камышановка
М-021
Петровка - Нефтебаза
М-022
Төлөк - Ак-Башат
М-023
Полтавка - Беш-Терек
М-024
Сокулук - Камышановка
М-025
Кемин - Ильич - Ак-Түз
М-026
Боролдой - Жол-Булак
М-027
Кемин - Шабдан - Көк-Ойрок
М-028
Кемин - Орловка
М-029
Орловка - Маданият - Шамшы
М-030
Орловка - Жаңы-Алыш
М-031
Орловка - Чым-Коргон
М-032
Кант - Чүй көпүрөсү
М-033
Кант - АБЗ
М-034
Токмок - Шамшы - Туюк
М-035
Токмок - Кошой
М-036
Дорожный айылы - Чолок - Боом
М-037
Кировка - Чаткал
М-038
Кировка - Аманбаев - Маймак ст.
М-039
Талас - Беш-Таш
М-040
Талас - Нылды - Покровка
М-041
Көк-Ой - Кызыл-Туу
М-042
Талас - Калинин - Бакай-Ата
М-043
Кызыл-Туу - "Манас Ордо" кыргыз улуттук комплекси
М-044
Талас - Бакай-Ата
М-045
Аманбаево - Бабахан - Түз ашуу
М-046
Тараз - Покровка - Каинды
М-047
Каракол - Эңилчек
М-048
Барскоон - Ак-Шыйрак
М-049
Сөөк - Караколка - Кубергенти
М-050
Каркыра - Турук - Сары-Жаз - Оттук
М-051
Михайловка - Николаевка - Токтоян - Сары-Тологой
М-052
Григорьевка - Пристань
М-053
Цемзавод - Күрмөнтү - Пристань
М-054
Семиз-Бел - Оттук
М-055
Теплоключенка - "Ак-Суу" курорту
М-056
Каракол - Раздольное - Советское - Сырзавод
М-057
Бозучук - "Жыргалаң" шахтасы
М-058
Боконбаев - Көлтөр - Дөң-Талаа - Оттук
М-059
Боконбаев - ашуу Тосор - Жылуу-Суу - Кара-Саз
М-060
Каракол - Пристань
М-061
"Жети-Өгүз" курорту - Кой-Сары
М-062
Покровка - Пристань
М-063
Балыкчы - Боконбаев - Каракол а/ж 16 км - Бишкек-Торугарт а/ж 194 км
М-064
Кочкор - Коммунизм
М-065
Комсомол - Каракол ашуусу
М-066
Чар - Ак-Муз
М-067
Сары-Булак - Соң-Көл
М-068
Нарын - Өрүк-Там
М-069
Сары-Булак - Арчалы - Өрүк-Там
М-070
Сары-Булак - Лахол - Жеркөчкү
М-071
Баетов - Акбейит
М-072
Нарын - Баетов
М-073
Угут - Ала-Бука - Жеңиш
М-074
Баетов - Макмал
М-075
Он-Арча - Жаңы-Талап - Ашырма
М-076
Ат-Башы - Кынды - Торугарт
М-077
Арал - Миң-Куш
М-078
Эки-Нарын - Кең-Саз
М-079
Болгарт - Жылуу-Суу
М-080
Актал - Казарман
М-081
Актал - Жогорку-Май
М-082
Куртка - Соң-Көл
М-083
Мамжол ББНТ - Ат-Башы
М-084
Мамжол ББНТ - Коммунизм
М-085
Мамжол ББНТ - Ташрабат
М-086
Аксай - Орто-Кашка-Суу
М-087
Суусамыр - Батыш Каракол
М-088
Торкент - Толук - Сары-Камыш - Кызыл-Ой
М-089
Токтогул - Беш-Таш
М-090
Ош - Араван - Чекабад - Өзбекстан Республикасынын чек арасы
М-091
Ош - Кара-Суу - Савай - Өзбекстан Республикасынын чек арасы Таш-Арык айылына кирүү менен
М-092
Караван - Төө-Моюн - Өзбекстан Республикасынын чек арасы
М-093
Ош шаарынын айланма а/ж 10 км - эл аралык аэропорт "Ош" - Кашкар-Кыштак
М-094
Ош - Озгур
М-095
Ноокат - Араван - Тепе-Коргон Бужум - Баткен - Тажикстан Республикасынын чек арасы
М-096
Исфара
М-097
Мырза-Аки - Кара-Шоро
М-098
Барпы - Ири-Суу - Өзгөн
М-099
Куршаб - Жалпак-Таш
М-100
Карагачи - Кулунда - Арка
М-101
Ош - Толойкен
М-102
Ак-Терек - Папан - Кожокелен - Карасогот айылы
М-103
Кара-Суу - Отуз-Адыр - Кең-Сай
М-104
Ылай-Талаа - Гүлчө
М-105
Ноокат - Папан
М-106
Үч-Коргон - Дароот-Коргон
М-107
Таш-Көмүр - Тегене - Кербен
М-108
Таш-Көмүр - Кызыл-Жар 12 Шамалды-Сай - Кербен - Ала-Бука - Каныш-Кыя -
М-109
Кировка
М-110
Ала-Бука - Баймак
М-111
Жапасалды - Ак-Коргон - Маданият
М-112
Шекафтар - Айры-Там
М-113
Ызар - Гулистан
М-114
Дмитриевка - Кара-Алма
М-115
Дмитриевка - Кугарт
М-116
Сузак - Каду
М-117
Сузак - Кара-Дарья
М-118
Базар - Коргон - Арсланбап Кызыл-Үңкүр айылына кирүү менен
М-119
Маданият - Майлуу-Сай
М-120
Сузак айланма жолу
М-121
Нефтепром - Үчмазар - Арал
М-122
Жалал-Абад ш. кире бериши - Бекабад - Таможня
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.