КР Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу «Инфосистемс» мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын бюджеттик мекемелеринин финансылык-чарбалык ишин «Борборлоштурулган автоматташтырылган бухгалтердик эсепке алуу» программалык камсыздоосун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча кызмат көрсөтүүчү болуп аныктоо тууралуу) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 5 августу, № 415-т Кыргыз Республикасынын бюджеттик мекемелеринин финансылык-чарбалык ишин борборлоштурулган автоматташтырылган бухгалтердик эсепке алууну түзүү максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын бюджеттик мекемелеринин финансылык-чарбалык ишин "Борборлоштурулган автоматташтырылган бухгалтердик эсепке алуу" программалык камсыздоосун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча кызмат көрсөтүүчү болуп аныктасын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын бюджеттик мекемелеринин финансылык-чарбалык ишин "Борборлоштурулган автоматташтырылган бухгалтердик эсепке алуу" программалык камсыздоосун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасынан бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары
А.А.Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 14.04.2022 · № 27