Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин «Эпидемия очокторунда иштеген, эпидемия очокторунда жана ага теңештирилген аймактарда инфекциялык оорулардын козгогучтарын жуктуруунун жогорку тобокелдиги менен байланышкан жумуштарды аткарган медицина кызматкерлерине дем берүү максатында» тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 8-июлу № 375-т Эпидемия очокторунда иштеген, эпидемия очокторунда жана ага теңештирилген аймактарда инфекциялык оорулардын козгогучтарын жуктуруунун жогорку тобокелдиги менен байланышкан жумуштарды аткарган медицина кызматкерлерине дем берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 221-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1 -пунктунун 1 -пунктчасында:
- алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине жана очоктуу аймактарда ишке тартылган адамдарга компенсациялык төлөмдөргө жана COVID-19 коронавирус инфекциясынын кесепетинен инфекцияны жуктуруп алган саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык жана башка кызматкерлерине бир жолку компенсацияны төлөөгө 130 400 000 (бир жүз отуз миллион төрт жүз миң) сом;";
- жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы:
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 221-т "Эпидемия очокторунда иштеген, эпидемия очокторунда жана аларга теңештирилген аймактарда инфекциялык оорулардын…Распоряжение · 26.04.2022 · № 221-р