Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин «Эпидемия очокторунда иштеген, эпидемия очокторунда жана аларга теңештирилген аймактарда инфекциялык оорулардын козгогучтарын жуктуруунун жогорку тобокелдиги менен байланышкан жумуштарды аткарган медицина кызматкерлерине дем берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 50, 115-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 26-апрели № 221-т Эпидемия очокторунда иштеген, эпидемия очокторунда жана аларга теңештирилген аймактарда инфекциялык оорулардын козгогучтарын жуктуруунун жогорку тобокелдиги менен байланышкан жумуштарды аткарган медицина кызматкерлерине дем берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 50, 115-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине жана очоктуу аймактарда ишке тартылган адамдарга компенсациялык төлөмдөр, ошондой эле COVID-19 коронавирустук инфекциянын кесепетинен оору жуккан саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык жана башка кызматкерлерине бир жолку компенсация үчүн «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык COVID-19 эпидемиясына жана анын экономикага тийгизген таасиринин кесепеттерине каршы күрөшүү боюнча иш-чараларга каралган каражаттардын эсебинен финансылык каражаттарды бөлүп берсин:
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине:
- саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине жана очоктуу аймактарда ишке тартылган адамдарга компенсациялык төлөмдөр үчүн 17 190 500 (он жети миллион бир жүз токсон миң беш жүз) сом;
- COVID-19 коронавирустук инфекциянын кесепетинен оору жуккан саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык жана башка кызматкерлерине бир жолку компенсация үчүн 10 125 000 (он миллион бир жүз жыйырма беш миң) сом;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна:
- саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине жана очоктуу аймактарда ишке тартылган адамдарга компенсациялык төлөмдөргө 95 300 000 (токсон беш миллион үч жүз миң) сом;
- COVID-19 коронавирустук инфекциянын кесепетинен оору жуккан саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык жана башка кызматкерлерине бир жолку компенсация үчүн 35 100 000 (отуз беш миллион бир жүз миң) сом;
2) «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджет жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда бул түзөтүүнү карасын.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду белгиленген тартипте ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн финансылык каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы:
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 17.01.2022 · № 1
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 31.12.2022 · № 130