Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 21-октябры № 170 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 676-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 10-беренеде: 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарты мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн типтүү стандартынын негизинде кызмат көрсөтүүнү стандартташтырууга жооптуу мекеме тарабынан иштелип чыгат."; 3-бөлүк "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн" деген сөздөрдөн кийин "жана базалык реестрге кирген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн" деген сөздөр менен толукталсын; 4-бөлүк "Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн" деген сөздөрдөн кийин "кошумча тизмегинин" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндөЗакон · 17.07.2014 · № 139
- Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндөЗакон · 17.07.2026 · № 113 · Күчүнө кире элек
Шилтеме берет (1)
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндөЗакон · 17.07.2014 · № 139
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.