Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин (Автотранспорт каражаттарын мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажы жол-жобосуна жайгаштыруу жөнүндө) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 17-февралы № 71-т Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 110-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун (ЕККУ) Бишкек шаарындагы программалык кеңсесинин арызынын негизинде төмөнкү автотранспорт каражаттарын мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажылык жол-жобосуна белгиленген тартипте жайгаштырсын:
- 2011-жылы чыгарылган, кузовунун № JN1TFSY61Z0559562, кыймылдаткычынын көлөмү 4759 см3 болгон, ак түстөгү "NISSAN PATROL" маркасындагы;
- 2011-жылы чыгарылган, кузовунун № JN1TFSY61Z0559565, кыймылдаткычынын көлөмү 4759 см3 болгон, ак түстөгү "NISSAN PATROL" маркасындагы.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражаттарын мамлекеттик менчикке белгиленген тартипте кабыл алсын жана аларды Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине оперативдүү башкарууга өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражаттарын белгиленген тартипте оперативдүү башкарууга кабыл алсын жана наркын баалоону жүргүзсүн.
4. Бул тескеме 2022-жылга республикалык бюджетте аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары үчүн каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Бажылык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 24.04.2019 · № 52