Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын башкаруу системасын реструктуризациялоо концепциясын бекитүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 8-февралы № 51-т Энергетика тармагын натыйжалуу башкарууну, керектөөчүлөрдү энергия менен ишенимдүү жабдууну, энергетикалык кызмат көрсөтүүлөрдөн сапатын жогорулатууну камсыз кылуу максатында, "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясына, "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын башкаруу системасын реструктуризациялоо концепциясы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча) менен биргеликте эки жумалык мөөнөттө аталган Концепцияны ишке ашыруу боюнча жол картасын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомуна акционердик коомдор жөнүндө жана баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте ушул тескеменин 1-пунктунда аталган Концепцияга ылайык туунду коомдорду кайра уюштуруу жол-жобосун уюштуруу сунушталсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын башкаруу системасын реструктуризациялоо концепциясы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-февралындагы № 51-т…Концепция · 08.02.2022 · № 51-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 484 "2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу жөнүндө"…Постановление · 06.09.2022 · № 484 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Электр энергетикасы жөнүндөЗакон · 28.01.1997 · № 8
- Энергетика жөнүндөЗакон · 30.10.1996 · № 56