Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин (Автотранспорттук каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосуна жайгаштыруу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2021-жылдын 6-декабры № 315-т Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 110-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун (ЕККУ) Бишкек шаарындагы Программалык офисинин арызынын негизинде 2011-жылы чыгарылган, кузовунун № JN1TFSY61Z0559563, кыймылдаткычынын көлөмү 4759 см3 болгон, ак түстөгү "Ниссан-Патрол" маркасындагы автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосуна белгиленген тартипте жайгаштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражатын мамлекеттик менчикке белгиленген тартипте кабыл алсын жана аны Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине оперативдүү башкарууга өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражатын белгиленген тартипте оперативдүү башкарууга кабыл алсын жана наркын баалоону жүргүзсүн.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Төрага
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Бажылык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 24.04.2019 · № 52