Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин (КыргызРеспубликасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагычакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо долбоору боюнча каржылоо жөнүндө Макулдашууну ишке ашыруу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2021-жылдын 27-июлу № 132-т (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 339-т тескемесинин редакциясына ылайык) 2020-жылдын 2-сентябрында кол коюлган (Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 25-сентябрындагы № 151 Мыйзамы менен ратификацияланган) Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Микро-, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын ортосундагы Жеке жана финансы секторун шашылыш колдоо долбоору боюнча зайым жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги министрлиги микро-, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо долбоорунун (мындан ары - Долбоор) "Микро-, чакан жана орто ишканалар үчүн кайтарылуучу финансылык жардам" 1-бөлүгү боюнча 72000000 (жетимиш эки миллион) АКШ доллары суммасына тандалып алынган төлөмдөр боюнча администраторлор аркылуу кайтарылуучу финансылык жардам берүү шарттары жөнүндө макулдашууну тандалып алынган төлөмдөр боюнча администраторлор менен төмөнкүдөй шарттарда түзсүн:
1) каражаттар тандалып алынган төлөмдөр боюнча администраторлорго 48 (кырк сегиз) айга чейинки мөөнөткө, анын ичинде микро-, чакан жана орто ишканалар үчүн 18 (он сегиз) айга берилет;
2) тандалып алынган төлөмдөр боюнча администраторлорго Долбоор боюнча агенттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн микро-, чакан жана орто ишканаларга иш жүзүндө берилген каражаттардын суммасынын 3 (үч)%ы өлчөмүндө сыйакы төлөнөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 339-т тескемесинин редакциясына ылайык)
2. Тандалып алынган төлөмдөр боюнча администраторлорго Долбоор боюнча микро-, чакан жана орто ишканалар менен төмөнкүдөй шарттарда зайым келишимдерин түзүү сунушталсын:
1) зайымдын мөөнөтү - 18 айга чейин;
2) пайызсыз негизде;
3) валюта - кыргыз сому;
4) зайымдын суммасы:
- 1.1-чакан компонент боюнча (кичи ишканалар үчүн) кайтарылуучу финансылык жардамдын суммасы 250 000 (эки жүз элүү миң) сомдун чегинде аныкталат;
- 1.2-чакан компонент боюнча (чакан жана орто ишканалар үчүн) кайтарылуучу финансылык жардамдын суммасы 1000000 (бир миллион) сомдун чегинде аныкталат.
(абзац КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 339-т тескемесине ылайык күчүн жоготту) (Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 339-т тескемесине ылайык күчүн жоготту) (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 339-т тескемесинин редакциясына ылайык)
3. Тандалып алынган төлөмдөр боюнча администраторлорго микро-, чакан жана орто ишканаларга зайым түрүндө берилген каражаттарды кайтарылуучу финансылык жардамдын каражаттарын кайтаруу жөнүндө макулдашууларда көрсөтүлгөн белгиленген мөөнөттөр бүткөндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги министрлигинин эсебине толук кайтарууну камсыз кылуу сунушталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 339-т тескемесинин редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги министрлиги Долбоордун "Портфелдик тобокелдиктерди бөлүштүрүү механизми" 2-бөлүгү боюнча 24000000 (жыйырма төрт миллион) АКШ доллары суммасына:
1) Долбоордун шарттарына ылайык коммерциялык банкта эсеп ачсын;
2) "Кепилдик фонд" ачык акционердик коомунун (мындан ары - "Кепилдик фонд" ААК) суроо-талабы боюнча Портфелдик тобокелдиктерди бөлүштүрүү механизминин каражаттарын өз убагында которсун;
3) автоматтык каттоо принцибин колдонуу шарты менен "Кепилдик фонд" ААК менен агенттик макулдашууну түзсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 339-т тескемесинин редакциясына ылайык)
5. "Кепилдик фонд" ААКка катышуучу финансылык-кредиттик уюмдар менен кызматташуу жөнүндө макулдашууларды түзүүнү камсыз кылуу сунушталсын.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы долбоорго ылайык кичи, чакан жана орто ишканалар кайрылган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде суралган мезгил үчүн бардык зарыл болгон маалымкаттарды берүүнү камсыз кылсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 339-т тескемесинин редакциясына ылайык)
7. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
Төрага
У. А.Марипов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 339-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 9-августундагы N 132-т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү…Распоряжение · 24.12.2021 · № 339-р
- 2020-жылдын 2-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Микро-, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо долбоору боюнча…Закон · 25.09.2020 · № 151
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон