Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2021-жылдын 24-декабры № 339-т Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 25-сентябрындагы № 151 Мыйзамы менен ратификацияланган, 2020-жылдын 2-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын ортосундагы Жеке жана финансы секторун шашылыш колдоо долбоору боюнча зайым жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 9-августундагы № 132-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1, 3, 4-пункттарындагы "Экономика жана финансы министрлиги" деген сөздөр "Финансы министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 2-пунктунун 4-пунктчасында:
- экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- 1.1-чакан компонент боюнча (кичи ишканалар үчүн) кайтарылуучу финансылык жардамдын суммасы 250000 (эки жүз элүү миң) сомдун чегинде аныкталат;
- 1.2-чакан компонент боюнча (чакан жана орто ишканалар үчүн) кайтарылуучу финансылык жардамдын суммасы 1000000 (бир миллион) сомдун чегинде аныкталат.";
- төртүнчү жана бешинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы долбоорго ылайык кичи, чакан жана орто ишканалар кайрылган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде суралган мезгил үчүн бардык зарыл болгон маалымкаттарды берүүнү камсыз кылсын.".
Төрага
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 27-июлундагы № 132-т (КыргызРеспубликасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагычакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо…Распоряжение · 09.08.2021 · № 132-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- 2020-жылдын 2-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Микро-, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо долбоору боюнча…Закон · 25.09.2020 · № 151