Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын (Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамы жөнүндө) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ ТЕСКЕМЕ 2021-жылдын 24-сентябры № 409 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-майындагы № 284 "Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн бекитуу жөнүндө" токтомуна, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 23-июнундагы № 338 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Төрага
У.А. Марипов
Тиркеме
Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамы
Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары, комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары (өнөр жай маселелерин тескеген), комиссиянын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин экспорттук контролдоо жана лицензиялоо бөлүмүнүн начальниги, комиссиянын жооптуу катчысы;
Комиссиянын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдук менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин биринчи саясий департаментинин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин оорук бөлүмүнүн начальниги; Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин оор өнөр жай башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин аскердик контрчалгындоо башкармалыгынын кызматкери; "Дастан" Улуттар аралык корпорациясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); "Бишкек машина куруу заводу" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); "Бишкек штамптоо заводу" мамлекеттик ишканасынын директору; "Озеро" биргелешкен ишканасы" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору; "Ак-Марал корпорациясы" ачык акционердик коомунун президенти (макулдашуу боюнча); "Айнур заводу" ачык акционердик коомунун директору; "Hyp" ачык акционердик коомунун президента (макулдашуу боюнча); "Улан" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); "Кыргызкурал" мамлекеттик ишканасынын башкы директору; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын башкы директору; "Майлы-Суу электроламмалык заводу" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Премьер-министринин 2016-жылдын 23-июнундагы № 338 (Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамын бекитүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 23.06.2016 · № 338 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2009-жылдын 8-майындагы № 284 "Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен…Постановление · 08.05.2009 · № 284
- КР Премьер-министринин 2016-жылдын 23-июнундагы № 338 (Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамын бекитүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 23.06.2016 · № 338 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон