Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Премьер-министринин (Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамын бекитүү тууралуу) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Председателя Кабинета Министров КР от 24 сентября 2021 года № 409 (Об утверждении состава кыргызской части Совместной комиссии по военно-техническому сотрудничеству между Кыргызской Республикой и Российской Федерацией)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-06-23.
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 409 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2016-жылдын 23-июну № 338 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-майындагы № 284 "Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн бекитүү жөнүндө" токтомуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык: Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
Премьер-министр
С.Жээнбеков
Тиркеме Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары (өнөр жай маселелерин тейлеген), комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (эл аралык аскер кызматташтык маселелерин тейлеген), комиссиянын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин машина куруу, металлургия жана курулуш материалдары бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын жооптуу катчысы. Комиссиянын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары (эл аралык кызматташтык маселелерин тейлеген); Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 1-саясий департаментинин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин оорук бөлүмүнүн начальниги; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин аскер экономикасы, экспорттук контроль жана лицензиялоо бөлүмүнүн начальниги; Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик өрткө каршы кызмат агенттигинин материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн начальниги; "Дастан" трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); "Бишкек машина куруу заводу" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); "Бишкек штамптоо заводу" мамлекеттик ишканасынын директору (макулдашуу боюнча); "Озеро" биргелешкен ишканасы" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору (макулдашуу боюнча); "Ак-Марал" корпорациясы" ачык акционердик коомунун президенти (макулдашуу боюнча); "Айнур заводу" ачык акционердик коомунун директору (макулдашуу боюнча); "Hyp" ачык акционердик коомунун президенти (макулдашуу боюнча); "Улан" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); "Кыргызкурал" мамлекеттик ишканасынын башкы директору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын башкы директору (макулдашуу боюнча); "Майлуу-Суу электр лампа заводу" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2009-жылдын 8-майындагы № 284 "Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен…Постановление · 08.05.2009 · № 284
- КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 409 (Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча…Распоряжение · 24.09.2021 · № 409
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон