Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өмөтүнүн «2014-жылдын 25-июнунда Джидда шаарында кол коюлган жана 2015-жылдын 28-майындагы № 120 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын (Ислам биримдигинин өнүктүрүү фондунун администрациясы катары) ортосундагы „Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка массивин электр менен камсыздоону жакшыртуу“ долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ийгиликтүү ишке ашыруу жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 13-ноябры № 376-б 2014-жылдын 25-июнунда Джидда шаарында кол коюлган жана 2015-жылдын 28-майындагы № 120 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын (Ислам биримдигинин өнүктүрүү фондунун администрациясы катары) ортосундагы "Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка массивин электр менен камсыздоону жакшыртуу" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ийгиликтүү ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Баткен облусунун Баткен, Лейлек райондорунун мамлекеттик администрациялары тиешелүү айыл өкмөттөрү (макулдашуу боюнча) менен биргеликте төмөнкүлөргө белгиленген тартипте көмөк көрсөтүшсүн:
1) "Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка массивин электр менен камсыздоону жакшыртуу" долбоорун (мындан ары - долбоор) ишке ашырууда "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомуна (тапшырыкчы), "SARA-Energy Insaat Ticaret ve Sanayi A.S." компаниясына (Түркия) (подрядчы) жана "AK-AY/Pinggao Group Co., LTD'' консорциумуна (подрядчы);
2) "Раззаков-Арка" 110 кВ жогорку вольттуу электр берүү линиясын (тирөөчтөрдү орнотуу) жана "Раззаков" подстанциясын куруу, "Арка" подстанциясын реконструкциялоо жана долбоордун алкагында курулуп жаткан объекттерге кире турган убактылуу жолдорду куруу үчүн участокту (трассаны) тандоо иштерине;
3) "Раззаков-Арка" 110 кВ жогорку вольттуу электр берүү линиясын (тирөөчтөрдү орнотуу), "Раззаков'' подстанциясын куруу жана "Арка" подстанциясын реконструкциялоо үчүн талап кылынган жер участокторун мындан ары "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомуна берүү максатында "өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууну (трансформациялоо) жол-жоболоштурууга;
4) долбоордун алкагында курулуп жаткан объекттерге кире турган убактылуу жолдорду куруу үчүн "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомуна жер участокторун берүүгө.
2. ''Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомуна айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу жана алынбай калган пайданын суммаларын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мүмкүн болуучу компенсацияларды төлөө сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция белгиленген тартипте долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүн мамлекеттик көзөмөлгө жана контролго алсын, ошондой эле курулушу аяктаган объектти эксплуатациялоого кабыл алсын.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргеликте жогоруда аталган долбоорду ишке ашыруу максатында төмөнкүлөрдү камсыз кылууга белгиленген тартипте көмөк көрсөтсүн:
1) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда атайын жана бөлүнбөс жүктөр менен транспорт каражаттарынын өтүүсүн;
2) жабдууларды жана материалдарды жүк ташуучу автотранспорт менен Кыргыз Республикасынын аймагында ташуусун.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө, агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, курулуш, транспорт жапа коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
С.Н.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- 2014-жылдын 25-июнунда Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы (Ислам биримдигинин өнүктүрүү фондунун администрациясы катары)…Закон · 28.05.2015 · № 120
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон