Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунун аймагында жайгашкан жерлерди „Айыл чарба багытындагы жерлер“ жана „Токой фондунун жерлери“ категорияларынан „Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер“ категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 28-январы № 24 Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунун аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" жана "Токой фондунун жерлери" категорияларынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка массивин электр менен көз карандысыз жабдууну камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 376-б буйругун, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 21-апрелиндеги корутундусун, Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 19-апрелиндеги № 107-б тескемесин жана Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 12-апрелиндеги № 8 тескемесин көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунун аймагында жайгашкан 18658,8 м2 (1,86588 га) жер Баткен облусунун Лейлек районунун Арка массивин электр менен көз карандысыз жабдууну камсыз кылуу максатында 110 кВ "Раззаков-Арка" жогорку вольттуу электр берүү линиясынын тирөөчтөрүн орнотуу жана 110/35/10 кВ "Раззаков" көмөк чордонун куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" жана "Токой фондунун жерлери" категорияларынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын):
Лейлек району боюнча - 4788,1 м2 (0,47881 га):
- Мартун айыл аймагында: № 1063, 1260, 413, 416, 476, 471, 427, 433 контурларындагы 1618,60 м2 (0,16186 га) кайрак айдоо жерлери - "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан;
- Жаңы-Жер айыл аймагында: 413,9 м2 (0,04139 га), анын ичинде: № 194 контурундагы 222,86 м2 (0,022286 га) сугат айдоо жерлери;
№ 96 контурундагы 191,04 м2 (0,019104 га) көп жылдык бак-дарактар (жүзүм бак) ээлеген жерлер "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан;
- Арка токой чарбасынын жерлеринен: 2755,6 м2 (0,27556 га), анын ичинде:
№ 36 контурундагы 253,86 м2 (0,025386 га) жайыт; № 26 контурундагы 346,63 м2 (0,034663 га) жайыт (токойлуу), 48,18 м2 (0,004818 га) жайыт (бадалдуу); № 29 контурундагы 48,18 м2 (0,004818 га) жайыт (бадалдуу); № 13, № 14 контурларындагы 475,4 м2 (0,04754 га) жайыт (бадалдуу): № 6, № 3 контурларындагы 784,78 м2 (0,078478 га) жайыт; № 28 контурундагы 220,37 м2 (0,022037 га) жайыт (бадалдуу), 443,72 м2 (0,044372 га) жайыт (токойлуу), 134,48 м2 (0,013448 га) көп жылдык бак-дарактар (арча) ээлеген жерлер - "Токой фондунун жерлери" категориясынан; Баткен району боюнча - 13870,7 м2 (1,38707 га):
- Самаркандек айыл аймагында: № 4491 контурундагы 13870,7 м2 (1,38707 га) кайрак айдоо жерлери - "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан.
2. "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объекттерди курууда "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо боюнча иштерди жүргүзүүнү уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен, Лейлек райондорунун мамлекеттик администрациялары төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготуусунун жана алынбай калган пайданын ордун толтуруунун наркын төлөп берүүнү.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Өмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 376-б "2014-жылдын 25-июнунда Джидда шаарында кол коюлган жана 2015-жылдын 28-майындагы № 120 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен…Распоряжение · 13.11.2020 · № 376-р
- Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндөЗакон · 26.07.1999 · № 91
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 145 · Күчүн жоготкон