Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 4-сентябры № 315-б Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 122 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.".
2) жогоруда аталган буйруктун тиркемеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Премьер-министр
К.А.Боронов
Тиркеме
"Бизнес жүргүзүү" рейтингиндеги Кыргыз Республикасынын көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын экономикалык маселелерин тейлеген вице-премьер-министр, жумушчу топтун жетекчиси; Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. Жумушчу топтун мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча); ЖИА бизнес-ассоциациясынын башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин өкүлү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасындагы ЮСАИДдин миссиясынын өкүлү (макулдашуу боюнча); Эл аралык финансы корпорациясынын өкүлү (макулдашуу боюнча); Өнүктүрүү укугу боюнча эл аралык уюмдун (IDLO) өкүлү (макулдашуу боюнча).".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 122-б "Бизнес жүргүзүү" рейтингиндеги Кыргыз Республикасынын көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 05.04.2018 · № 122-б
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон