Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Бизнес жүргүзүү» рейтингиндеги Кыргыз Республикасынын көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 5-апрели № 122-б Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго - кырк кадам" программасынын "Бизнес жүргүзүү" рейтингиндеги 30 мыкты өлкөнүн тизмесине Кыргыз Республикасын киргизүү бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. "Бизнес жүргүзүү" рейтингиндеги Кыргыз Республикасынын көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ үч айлык мөөнөттө "Бизнес жүргүзүү" рейтингиндеги Кыргыз Республикасынын позициясын жакшыртуу боюнча сунуштарды (Иш-чаралар планын) иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына белгиленген тартипте киргизсин.
3. Жумушчу топко төмөнкүлөр белгиленсин:
- "Бизнес жүргүзүү" рейтингиндеги Кыргыз Республикасынын көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча чаралардын аткарылышына туруктуу негизде мониторинг жүргүзүүсү;
- мамлекеттик органдардын адистерин жана көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте өз ишине тартуу укугу.
4. Жумушчу топтун ишин уюштуруу-методикалык жана башка жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлсүн.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-августундагы № 399-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-декабрындагы № 607-б буйругунун 5-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-июлундагы № 291-б буйругунун 3-пункту.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 315-б буйругунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр
С. Дж. Исаков
Тиркеме "Бизнес жүргүзүү" рейтингиндеги Кыргыз Республикасынын көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 315-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын экономикалык маселелерин тейлеген вице-премьер-министр, жумушчу топтун жетекчиси; Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. Жумушчу топтун мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча); ЖИА бизнес-ассоциациясынын башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин өкүлү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасындагы ЮСАИДдин миссиясынын өкүлү (макулдашуу боюнча); Эл аралык финансы корпорациясынын өкүлү (макулдашуу боюнча); Өнүктүрүү укугу боюнча эл аралык уюмдун (IDLO) өкүлү (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-июлундагы № 291-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-апрелиндеги № 177-б буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 25.07.2014 · № 291-р
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-декабрындагы № 607-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 30-б буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 29.12.2012 · № 607-р
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 315-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 122 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 04.09.2020 · № 315-р
Шилтеме берет (6)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-августундагы № 399-б (Эл аралык рейтингде Кыргыз Республикасынын абалын жакшыртуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ курамын түзүү) буйругуРаспоряжение · 09.08.2012 · № 399-р
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-июлундагы № 291-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-апрелиндеги № 177-б буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 25.07.2014 · № 291-р
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-декабрындагы № 607-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 30-б буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 29.12.2012 · № 607-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.08.2017 · № 1836-VI · Күчүн жоготкон
6 ичинен 5 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго - кырк кадам" ПРОГРАММАСЫПрограмма · 25.08.2017 · № 1836-VI · Күчүн жоготкон