Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, «Бажылык жөнгө салуу жөнүндө») буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 13-апрели № 125-б Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 110-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Кыргыз Республикасындагы Программалык кеңсесинин билдирүүсүнүн негизинде 2005-жылы чыгарылган, кузовунун № JTECJ01J202001958, кыймылдаткычынын көлөмү 4500 см3 ак түстөгү "Тойота Ленд Крузер" маркасындагы автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажы жол-жобосуна белгиленген тартипте жайгаштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын белгиленген тартипте мамлекеттик менчикке кабыл алсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына ыкчам башкарууга өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын белгиленген тартипте ыкчам башкарууга кабыл алсын жана бааласын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Бажылык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 24.04.2019 · № 52
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон