Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Бажылык жөнгө салуу жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 25-марты № 103-б "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 110-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы автотранспорт каражаттарын мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосунда белгиленген тартипте төмөнкүдөй жайгаштырсьн:
- Кыргыз Республикасындагы Бириккен улуттар уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) өкүлчүлүгүнүн арызынын негизинде, 2006-жылы чыгарылган, кузовунун № JTECB01J001026845, кыймылдаткычынын № 1HZ0512369, кыймылдаткычынын көлөмү 4164 см3, ак түстөгү "Тойота-Лэндкрузер" маркасындагы автотранспорт каражатын;
- Кыргыз Республикасындагы "Врачи без границ - Швейцария" эл аралык гуманитардык уюмунун арызынын негизинде, 2009-жылы чыгарылган, кузовунун № JTERB71J900049467, кыймылдаткычынын № 1HZ0B01420, кыймылдаткычынын көлөмү 4163 см3, ак түстөгү "Тойота-Лэндкрузер" маркасындагы автотранспорт каражатын.
2. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражаттарын белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине кабыл алсын, наркын бааласын жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине ыкчам башкарууга өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражаттарын белгиленген тартипте ыкчам башкарууга кабыл алсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазипв
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Бажылык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 24.04.2019 · № 52
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон