Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында квалификациялардын улуттук системасынын концепциясын ишке ашыруу жөнүндө) буйруку
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Кабинета Министров КР от 28 июня 2024 года № 383-р (О признании утратившими силу распоряжений Правительства Кыргызской Республики, Кабинета Министров Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-06-28.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 16-марты № 79-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 505 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында квалификациялардын улуттук системасынын концепциясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2020-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында квалификациялардын улуттук системасынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Иш-чаралар планынын жооптуу аткаруучулары болуп саналган мамлекеттик органдар:
- Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча конкреттүү чараларды көрүшсүн;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруу жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына беришсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жана билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Тиркеме
2020-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында квалификациялардын улуттук системасынын концепциясын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№
Милдеттер
Чаралар/Аракеттер
Ишке ашыруу мөөнөтү
Каржылоо булактары
Күтүлүүчү натыйжалар (продукт)
Жооптуу аткаруучулар
1
2
3
4
5
6
7
1-глава. Квалификациялардын улуттук системасын өнүктүрүү
1
Квалификациялардын улуттук алкагын түзүү
1.1. Квалификациялардын улуттук алкагынын долбоорун иштеп чыгуу
2020-жылдын марты
РБ
Квалификациялардын улуттук алкагынын негизги деңгээлдери аныкталды
БИМ, ЭСӨМ
1.2. Квалификациялардын улуттук алкагын бекитүү
2020-жылдын сентябры
РБ
Квалификациялардын улуттук алкагын бекитүү жана ишке киргизүү боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды
БИМ, ЭСӨМ
2
Кесиптик стандарттын жана квалификациялардын тармактык/сектордук алкактарынын методологиясын долбоорлоо
2.1. Кесиптик стандарттын макетин жана методологиясын иштеп чыгуу
2020-жылдын апрели
РБ
Кесиптик стандартты иштеп чыгуу, бекитүү, ишке киргизүү жана колдонуу үчүн методологиялык жана уюштуруучулук негиз түзүлдү
ЭСӨМ, БИМ
2.2. Квалификациялардын тармактык/сектордук алкактарын иштеп чыгуунун жана ишке киргизүүнүн методологиясынын долбоорун иштеп чыгуу
2020-жылдын марты
РБ
Квалификациялардын тармактык/сектордук алкактарын иштеп чыгуу үчүн методологиялык негиз аныкталды
ЭСӨМ, БИМ
2.3. Квалификациялардын тармактык/сектордук алкактарын иштеп чыгуунун жана ишке киргизүүнүн методологиясын бекитүү
2020-жылдын майы
РБ
Методологияны иштеп чыгуу үчүн документтин болушу
ЭСӨМ
2.4. 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясындагы артыкчылыктарды эске алуу менен квалификациялардын тармактык/сектордук алкактарын нштеп чыгуу үчүн пилоттук тармактарды/секторлорду аныктоо
2020-жылдын марты
РБ
Пилоттук тармактардын/секторлордун тизмегине артыкчылыктуу тармактар киргизилди
БИМ, ЭСӨМ
2.5. Квалификациялардын пилоттук тармактык/сектордук алкактарын жана кесиптик стандарттарды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү
2020-жылдын майы
РБ
ЭСӨМ менен БИМдин биргелешкен буйругу менен түзүлгөн жумушчу топтун болушу
ЭСӨМ, БИМ
2.6. Квалификациялардын пилоттук тармактык/сектордук алкактарын жана кесиптик стандарттарды иштеп чыгуу жана бекитүү
2020-жылдын августу
РБ
Квалификациялардын тармактык/сектордук алкактарын жана кесиптик стандарттарды бекитүү жөнүндө документтин болушу
ЭСӨМ, БИМ
3
Квалификациялардын улуттук системасынын өзүн сертификаттоосун өнүктүрүү
3.1. Квалификациялардын улуттук системасын өнүктүрүү боюнча Улуттук квалификациялык кеңешти түзүү
2020-жылдын декабры
РБ, эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен
Улуттук квалификациялык кеңеш түзүлдү
БИМ, ЭСӨМ, ЭМ
3.2. Квалификациялардын улуттук алкагынын өзүн сертификаттоосу үчүн критерийлерди жана жол-жоболорду иштеп чыгуу
2021-жылдын майы
РБ, эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен
Критерийлер жана жол-жоболор бекитилди
БИМ, ЭСӨМ, ЭМ
3.3. Квалификациялардын улуттук алкагынын өзүн сертификаттоосу
2021-жылдын декабры
РБ, эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен
Квалификациялардын улуттук алкагынын өзүн сертификаттоосунун биринчи этабы жүргүзүлдү
БИМ, ЭСӨМ
3.4. Квалификацияларды сертификаттоо жөнүндө жобону иштеп чыгуу жана бекитүү
2021-жылдын майы
РБ
Квалификацияларды сертификаттоо жөнүндө жобонун болушу
БИМ, ЭСӨМ
4
Квалификацияларды сертификаттоо
4.1. Пилоттук тармактар боюнча квалификацияларды сертификаттоо
2021-жылдын марты-декабры
РБ
Пилоттук тармактар боюнча квалификацияларды көз карандысыз сертификаттоо жүргүзүлдү
БИМ, ЭСӨМ
2-глава. Маалыматтык-түшүндүрүү иштерин уюштуруу
5
Квалификациялардын улуттук системасы жөнүндө калкка маалымдоо
5.1. Квалификациялардын улуттук системасын өнүктүрүү боюнча улуттук квалификациялык кеңеш үчүн маалыматтык инфраструктураны түзүү жана өнүктүрүү
2021-жылдын ноябры
РБ
Кызыкдар тараптар үчүн улуттук квалификациялык кеңеш жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгү камсыз кылынды
БИМ, ЭСӨМ
5.2. Бардык кызыкдар тараптарды тартуу менен улуттук деңгээлде маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын уюштуруу
2020-2021-жылдар
РБ, эл аралык донорлордун эсебинен
Төрттөн кем эмес тегерек стол өткөрүү аркылуу калктын маалымдуулугун жогорулатуу. Маалыматтык материалдарды даярдоо
ЭСӨМ, БИМ, макулдашуу боюнча: ЖМК, КЭУ, ЭУ
Кыскартуулардын тизмеси:
БИМ
-
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
ЭСӨМ
-
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги
ЭМ
-
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги
РБ
-
республикалык бюджет
ЖМК
-
жалпыга маалымдоо каражаттары
КЭУ
-
коммерциялык эмес уюмдар
ЭУ
-
эл аралык уюмдар
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Кесиптик стандартты иштеп чыгуу методологиясы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 77 токтомуна)Методика · 15.07.2021 · № 77
- Квалификациялардын тармактык алкактарын иштеп чыгуунун методологиясы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 77 токтомуна)Методика · 15.07.2021 · № 77
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Распоряжение · 28.06.2024 · № 383-р
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 505 "Кыргыз Республикасында квалификациялардын улуттук системасынын концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.09.2019 · № 505
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Распоряжение · 28.06.2024 · № 383-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.