Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында квалификациялардын улуттук системасынын концепциясын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 30-сентябры № 505 Кыргыз Республикасында квалификациялардын улуттук системасынын концепциясын бекитүү жөнүндө Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасынын алкагында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында квалификациялардын улуттук системасынын концепциясы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен бирдикте төрт айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасында квалификациялардын улуттук системасынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 18-октябрындагы N 87 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- Кесиптик стандартты иштеп чыгуу методологиясы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 77 токтомуна)Методика · 15.07.2021 · № 77
- Квалификациялардын тармактык алкактарын иштеп чыгуунун методологиясы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 77 токтомуна)Методика · 15.07.2021 · № 77
- Кыргыз Республикасында квалификациялардын улуттук системасынын КОНЦЕП- ЦИЯСЫ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы N 505 токтому менен бекитилген)Концепция · 30.09.2019 · № 505
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-июлундагы № 92-т (Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын…Распоряжение · 12.07.2021 · № 92-р
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-мартындагы № 79-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 505 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында…Распоряжение · 16.03.2020 · № 79-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы ПЖ № 221 "2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.10.2018 · № 221
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 115…Заключение · 03.03.2014 · № 115 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон