Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна өзгөртүү) жөнүндө буйруку
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 3-марты № 64-б Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-сентябрындагы № 400-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн "САSА-1000" долбоору боюнча даярдык иш-чараларын координациялоо боюнча жумушчу топтун курамы ушул буйруктун ылайык редакцияда баяндалсын.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Тиркеме
Тиркеме
"САSА-1000" долбоору боюнча даярдык иш-чараларын координациялоо боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ
Чолпонкулов Маратбек Абжалбекович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчиси;
Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич
-
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Назаров Айтмамат Кошоевич
-
"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);
Тюменбаев Акылбек Рабаевич
-
"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун долбоорлорду ишке ашыруу боюнча аткаруучу директору, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча).
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Бакыт Асангул
-
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин кеңешчиси - өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи;
Матиев Ырысмамат Шералиевич
-
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы;
Мамасыдыков Нурбек Бекболотович
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын мамлекеттик инвестициялардын программалары бөлүмүнүн башчысы;
Орозоев Улан Эсенбаевич
-
"Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Раимкулов Рустанбек Имашевич
-
"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун долбоорлорду ишке ашыруу тобунун начальниги (макулдашуу боюнча);
Усеков Нурдин Насрединович
-
"Электр станциялар" ачык акционердик коомунун энергияны сатуу бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча);
Джумалиев Кайрат Насерович
-
"САSА-1000" долбоорунун координатору (макулдашуу боюнча);
Иманкулова Жанна Сатовна
-
"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун эл аралык кызматташтык жана долбоорлорду мониторингдөө бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча).".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2014 жылдын 18-сентябрындагы № 400-б ("CASA-1000" долбоору боюнча даярдык иш-чараларын координациялоочу жумушчу топ түзүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 18.09.2014 · № 400-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон