50-статья. Айлана-чөйрө жөнүндө маалымат
Күчүндө · 13.06.2024 редакциясы · IX БӨЛҮМ
Ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык ар бир жаран же уюм мамлекеттик органдарда болгон айлана-чөйрө жөнүндө маалыматтарга укуктуу болот. Бул максаттарда мезгилдүү басма сөздө жыл сайын экологиялык бюллетендер жарыяланат. Айлана-чөйрө жөнүндө маалымат колунда болгон министрликтер, администрациялык ведомстволор жана башка органдар жарандардын жана уюмдардын каалоосу боюнча маалымат берүүгө милдеттүү. Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө маалымат мамлекеттик органдар тарабынан арыздануучунун кат жүзүндөгү сунуш-талабы боюнча техникалык (көчүрмөсүн алуу, дискеттер жана башкалар) жана аны даярдоого кеткен эмгектик коромжулуктардын наркынан ашпаган акы үчүн берилет. Арызды кароонун мөөнөтү 6 жума. Мамлекеттик органдар эгерде бул төмөндөгүлөргө зыян келтирсе:
- эл аралык мамилелерге;
- мамлекеттин аскердик таламдарына;
- ишканалардын коммерциялык сырын сактоого;
- жазык ишин тергөөгө зыян келтирсе айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө
маалымат берүүдөн баш тарта алат. Буюртманын четке кагылышында баш тартуунун себеби жана анын негиздемеси камтылууга тийиш.
Берененин тексти 13.06.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
50-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/218/st-50" title="50-статья - Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>