49-статья. Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы илимий изилдөөлөр
Күчүндө · 13.06.2024 редакциясы · IX БӨЛҮМ
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 4 февраля 2002 года N 22
Айлана-чөйрөнү коргоонун жана жаратылышты пайдалануунун илимий негиздүүлүгүн камсыз кылуучу багыттары боюнча пайдубалдуу жана көрсөтмөлүү илимий-изилдөө иштери артыкчылыктуу болуп эсептелет. Айлана-чөйрөнү коргоону илимий жагынан камсыз кылуу максатында төмөндөгүлөргө багытталган:
- мамлекеттин жаратылышты коргоо саясатынын илимий негиздерин иштеп чыгууга, өнөр жай, транспорт, айыл чарба жана башка ишканаларынын, аларды пайдалануудагы курулуштардын жана объектилердин экологиялык коопсуздугун камсыз кылуучу прогрессивдүү аз калдыктуу жана калдыксыз технологиялык процесстерин иштеп чыгууга;
- экономикалык жагынан сарамжал, ресурстарды үнөмдөөчү жаратылышты пайдаланууну камсыз кылууга;
- айлана-чөйрөнүн абалынын мониторингинин, өндүрүштү башкаруунун, жабдууларды кыйроосуз жана коопсуз пайдалануунун каражаттарын жана тутумдарын түзүүгө;
- айлана-чөйрөгө жол берилген басым жасоону аныктоого жана айланачөйрөдө адамдын чарбалык ишинин таасири астында болуп жаткан процесстерди иликтөөгө;
- айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирлердин кесепеттерин болтурбай коюунун, төмөндөтүүнүн жана жоюунун ыкмаларын иштеп чыгууга;
- айлана-чөйрөнүн зарыл болгон сапаттарын калыбына келтирүүгө;
- жаратылышты коргоонун ченемдерин жана жаратылышты коргоонун ченемдик-техникалык документтерин иштеп чыгууга;
- айлана-чөйрөнүн калктын ден соолугунун көрсөткүчүнө тийгизген таасирин иликтөөгө жана зыяндуу экологиялык факторлордун адамдын организмине терс таасирин алдын алуунун натыйжалуу чараларын иштеп чыгууга багытталган изилдөөлөр жүргүзүлөт;
- биологиялык ар түрдүүлүктү үйрөнүүгө жана аны сактап калуу боюнча иш чараларга.
(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 4-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.06.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
49-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 4 февраля 2002 года N 22 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об охране окружающей среды"Редакцияларды салыштыруу
04.02.2002 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…алуунун натыйжалуу чараларын иштеп чыгууга багытталган изилдөөлөр алынып салынды: жүргүзүлөт.кошулду: жүргүзүлөт;
- биологиялык ар түрдүүлүктү үйрөнүүгө жана аны сактап калуу боюнча иш чараларга.
(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 4-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/218/st-49" title="49-статья - Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>