44-статья. Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органдарынын кызмат адамдарынын укуктары жана милдеттери
Күчүндө · 13.06.2024 редакциясы · VIII БӨЛҮМ
Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык жана аймактык мамлекеттик органдарынын жана башка атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын кызмат адамдары белгиленген тартипте өздөрүнө жүктөлгөн функцияларды аткарууну камсыз кылууга милдеттүү жана өздөрүнүн ыйгарым укуктарына ылайык төмөндөгүлөргө:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга, рынокторго (базарларга) аскер бөлүктөрүнө, атайын объектилерге жана аскердик кичи бөлүктөрдүн кызматтарына жана ички иштер жана коопсуздук органдарына тоскоолдуксуз барууга, өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон документтер, талдоолордун натыйжалары, башка материалдар менен таанышууга;
- жаратылышты коргоо мыйзамдарынын, айлана-чөйрөнүн сапатынын ченемдеринин талаптарынын сакталышын, жаратылышты коргоо боюнча ишчаралардын, тазалоочу курулуштардын жана башка жаратылышты коргоочу жабдуулардын, аларды контролдоочу каражаттардын ишин текшерүүгө;
- булгоо булактарынын зыяндуу заттарды айлана-чөйрөдөгү абага чыгарышынын жана агызып чыгарышынын ченемдерин белгилөөгө;
- мамлекеттик экологиялык экспертизаны дайындоого, анын корутундусунун аткарылышына контролдукту камсыз кылууга;
- табылган кемчиликтерди четтетүүнү талап кылууга, объектилерди долбоорлоого, курууга, кайра конструкциялоого, пайдаланууга берүүгө жана объектилерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча көрсөтмөлөрдү же корутундуларды берүүгө;
- жеке карап чыгуу жана буюмдарын карап чыгуу менен укук бузуучуларды кармоону жүзөгө ашырууга, укук бузууларды жасоонун нерселерин жана куралдарын (анын ичинде жаратылыштын мыйзамсыз алынган объектилерин алып коюуга), транспорт каражаттарын текшерүүнү жүзөгө ашырууга;
- айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жаатындагы администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого, күнөлүүлөргө жазапулдарды салууга жана башка администрациялык чараларды көрүүгө, зарыл болгондо күнөөлүү адамдарды жазык жоопкерчилигине тартуу үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берүүгө, айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө сотко доо менен кайрылууга;
- кызматтык милдеттерин аткарууда мыйзамдарда белгиленген тартипте кызматтык ок атуучу куралды жана атайын каражаттарды сактоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү жобого ылайык айырмалоочу белгиси бар формалуу кийимди кийүүгө жана колдонууга;
- жаратылышты коргоо мыйзамдарын, жаратылышты коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча стандарттарды, ченемдерди жана эрежелерди бузуу менен жүзөгө ашырылып жаткан жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча жумуштарды жана иштин башка түрлөрүн жүргүзүүдө курулушка, кайра конструкциялоого, технологиясын өзгөртүүгө тыюу салууга;
- менчигинин түрүнө карабастан айлана чөйрөгө жеке жана башка таасир кылып жаткан бирикмелердин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, айрым цехтердин, участоктордун жабдуулардын жана башка объектилердин жаратылыш ресурстарын коргоонун жана пайдалануунун, жаратылышты коргоо багытындагы жабдуулар менен курулуштарды пайдалануунун стандарттарын, ченемдерин жана эрежелерин одоно же такай бузуу менен жүзөгө ашырылып жаткан жумуштарына жана жаратылыш ресурстарын пайдалануусуна тыюу салууга, токтото турууга, агызып чыгарууларын жана абага чыгарууларын, айлана-чөйрөгө жеке жана башка таасирин чектөөгө;
- аларды колдонуу айлана чөйрөнү булгоого же бүлгүнгө учуратууга алып келсе, адамдардын ден соолугуна зыян келтирсе продукцияларды, заттарды жана материалдарды өндүрүүгө, алып келүүгө тыюу салууга;
- зыяндуу заттарды белгиленген ченемдерден ашык абага чыгарган транспорт каражаттарын жана башка жүрүүчү жабдуулар менен объектилерди пайдаланууну токтото турууга же ага тыюу салууга;
- республиканын аймагында жашаган (өсүп-өнүгүп жаткан) жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерине зыян келтириши мүмкүн болгон жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү алып келүүгө, алып кетүүгө, чыгарууга, көчүрүп келүүгө жана акклиматизациялоого тыюу салууга;
- ушул Мыйзамды жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча башка ченемдик актыларды аткарууга багытталган башка чараларды көрүүгө укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 4-февралындагы № 22, 2003-жылдын 11-июнундагы № 101, 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 131, 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 4-февралындагы № 22 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор, расмий тилде. Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 131 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор, мамлекеттик тилдеги жөндөмөнүн үчүнчү абзацы текстке дал келбейт.
Берененин тексти 13.06.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
44-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 13 июня 2024 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регулирования особо охраняемых природных территорий"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 27 апреля 2009 года № 131 "О внесении изменения и дополнения в Закон Кыргызской Республике " Об охране окружающей среды"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 11 июня 2003 года № 101 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране окружающей среды"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 4 февраля 2002 года N 22 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об охране окружающей среды"Редакцияларды салыштыруу
13.06.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…атайын каражаттарды сактоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү жобого ылайык айырмалоочу белгиси бар формалуу … № 22, 2003-жылдын 11-июнундагы № 101, 2009-жылдын 27-апрелиндеги № алынып салынды: 131 кошулду: 131, 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын…
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ от 17 октября 2024 года №27 «О некоторых вопросах применения законодательства при рассмотрении судами гражданских дел…Пленумдун токтому · Постановление Пленума Верховного суда · 17.10.2024 · № 27
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- Документ № 594334Постановление · 23.09.2008 · № 524
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ от 17 октября 2024 года №27 «О некоторых вопросах применения законодательства при рассмотрении судами гражданских дел…Постановление Пленума Верховного суда · 17.10.2024 · № 27
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-декабрындагы № 797 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 56 «Ишкердик субъекттерине…Постановление · 10.12.2025 · № 797
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 30 "Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын кызматкерлеринин…Постановление · 18.01.2018 · № 30 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 30 токтомуПостановление · 18.01.2018 · № 30
Беренеде аталган актылар (2)
- Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралууЗакон · 27.04.2009 · № 131
- О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об охране окружающей средыЗакон · 04.02.2002 · № 22
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/218/st-44" title="44-статья - Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>