25-статья. Климатты жана атмосферанын озондук катмарын коргоо
Күчүндө · 13.06.2024 редакциясы · IV БӨЛҮМ
Айлана-чөйрөнү климаттын экологиялык коркунучтуу өзгөрүүлөрүнөн, атмосферанын озондук катмарын коргоо:
- чарбалык жана башка иштин жана башка процесстердин таасири астында климаттын, озондук катмардын абалынын өзгөрүшүнө байкоо жүргүзүүнү, эсепке алууну жана контролдоону уюштуруу;
- Кыргыз Республикасы тарап болуп саналган, Монреаль протоколу менен жөнгө салынбаган булактардан антропогендик чыгуу жана бардык парник газдарын сиңирип алуучулардын абсорбциясы, ошондой эле озонду бузуучу заттардын керектелиши боюнча маалыматтарды үзгүлтүксүз чогултууну жана эсепке алууну уюштуруу;
- климаттын жана озондук катмардын абалына таасир тийгизүүчү зыяндуу заттардын абага чыгарылышынын жол берилүүчү чектелген ченемдерин белгилөө жана сактоо;
- беш жылда бир жолудан кем эмес парник газдарынын чыгышын азайтуу жана климаттын өзгөрүүсүнө адекваттуу ыңгайлашуу боюнча улуттук, региондук жана тармактык программаларды иштеп чыгуу, жүзөгө ашыруу жана үзгүлтүксүз жаңылап туруу;
- өндүрүштө жана турмуш-тиричиликте озондук катмарды бузуучу заттарды жөнгө салуу;
- аталган талаптарды бузгандык үчүн, жоопкерчилик чараларын колдонуу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органдарынын чечими менен зыяндуу ишти токтото туруу же ага тыюу салуу аркылуу камсыз кылынат.
Кыргыз Республикасынын эл аралык макулдашууларына ылайык министрликтер менен ведомостволор, ишканалар, мекемелер, уюмдар озондук катмарга зыяндуу таасир тийгизүүчү химиялык заттарды керектөөнү кыскартууга жана кийин толук токтотууга милдеттүү. Атмосферанын озон катмарынын абалына зыяндуу таасир тийгизген химиялык заттардын жана өндүрүштүк калдыктардын тизмеси Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органы тарабынан бекитилет жана мамлекеттик бийлик жана башкаруунун бардык органдарына, ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга кабарланат. Атмосферанын озон катмарын чарбачылык жана башка иштин терс таасиринен коргоо максатында озонду бузуучу заттардын тизмеги белгиленет, Кыргыз Республикасында алар менен иш жүргүзүү мамлекеттик жөнгө салууга жатат. Алар менен иш жүргүзүү мамлекеттик жөнгө салууга жаткан озонду бузуучу заттардын тизмеги, Кыргыз Республикасында озонду бузуучу заттарды керектөөнүн жол берилген көлөмү, озонду бузуучу заттар менен иш жүргүзүүгө карата талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке жана юридикалык жактар чарбачылык жана башка ишти жүзөгө ашырууда ушул Мыйзамдын талаптарын сактоого милдеттүү. (Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 11-мартындагы № 36, 2015-жылдын 12-январындагы № 3, 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 13.06.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
25-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 13 июня 2024 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регулирования особо охраняемых природных территорий"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 января 2015 года № 3 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об охране окружающей среды"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 11 марта 2013 года № 36 "О внесении дополнений и изменения в Закон Кыргызской Республики "Об охране окружающей среды" "Редакцияларды салыштыруу
13.06.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…заттар менен иш жүргүзүүгө карата талаптар Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча … 2013-жылдын 11-мартындагы № 36, 2015-жылдын 12-январындагы № алынып салынды: 3 кошулду: 3, 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Государственная программа по прекращению использования озоноразрушающих веществ(Утверждена постановлением Правительства Кыргызской Республики от 29 апреля 2002 года N 263)Программа · 29.04.2002 · № 263
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-майындагы № 382 "Озон катмарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 29.05.2006 · № 382 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/218/st-25" title="25-статья - Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>