Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2013-жылдын 11-марты № 36
"Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 452-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 2-статьяда:
статья төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын: "булгоочу заттар - белгилүү бир концентрацияда айлана-чөйрөгө түшкөндө адамдын ден соолугуна, өсүмдүктөр жана айбанаттар дүйнөсүнүн абалына, материалдык жана маданий баалуулуктарга коркунуч туудурган заттар;"; статья төмөнкүдөй мазмундагы отуз биринчи абзац менен толукталсын: "парник газдары - инфракызыл нурданууну сиңирип алган жана кайра нурланткан газ сымал булгоочу заттар;".
2. 25-статьянын 1-бөлүгүндө:
үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- Кыргыз Республикасы тарап болуп саналган, Монреаль протоколу менен жөнгө салынбаган булактардан антропогендик чыгуу жана бардык парник газдарын сиңирип алуучулардын абсорбциясы, ошондой эле озонду бузуучу заттардын керектелиши боюнча маалыматтарды үзгүлтүксүз чогултууну жана эсепке алууну уюштуруу;"; бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: "- беш жылда бир жолудан кем эмес парник газдарынын чыгышын азайтуу жана климаттын өзгөрүүсүнө адекваттуу ыңгайлашуу боюнча улуттук, региондук жана тармактык программаларды иштеп чыгуу, жүзөгө ашыруу жана үзгүлтүксүз жаңылап туруу;".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөЗакон · 16.06.1999 · № 53
Шилтеме берет (1)
- Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөЗакон · 16.06.1999 · № 53